Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

Айт күнү касапчылар арбын киреше тапты


Бишкектеги мал базарлардын бири, 16-ноябрь.
Бишкектеги мал базарлардын бири, 16-ноябрь.

Кыргызстанда кийинки кезде касапчылык бизнеси өркүндөп баратат. Бүтүндөй үй-бүлө мал союп шугулданып, каражат таап жаткан экен.

Курман айт күнү Бишкектин мал базарларында да соода кызыды.

Касапчынын күнү тууп...


Бишкектин "Эски толчок" деп аталган мал базарына баш бактым. Бычакты шакылдата курчутуп Акжол да кой союга камынып жаткан чагы. Акжол бул базарда алты жылдан бери касапчы болуп иштейт экен.

Акжолдун бүгүн маанайы жакшы. Анткени иш көп, кой сойдурууга келгендердин саны улам көбөйүүдө. Ал Курман айт күнү 15тен ашуун кой соем деп үмүттөнүп жатат. Акжол ушул жерден тыйын таап, үй-бүлөсүн, ата-энесин багат:

- Биз кой соебуз, касапчыбыз. Курман айтта кой сойгондун баасы көтөрүлөт. Мурда 300-400гө сойсок, азыр миңден кем эмес. Курман айт күнү төрт күн ушундай болот. Куйкалап сойсо 1,5 миң сом. Андан кийин баасы түшөт. Бир күндө канча кой союп жетишсем сое берем, жалгыз өзүм 15тен ашат. Тамак-ашыбыз ушул жерден чыгат. Ата-энемди да ушул жерден багып атам. Кой сойгонду деле билчү эмесмин, азыр эми алты жылдан бери ушул жерде иштеп атам. Касапчы болуп иштеп байыгандар деле бар. Ак эмгек менен иштеп жатат да, Кудайга шүгүр.

Маңдайынан тер аккан Акжол таңкы суукту деле сезген жери жок. Бир кездерде кой союп иштөөнү оюна албаган, нарындык ойноок жигит учурда мыкты касапчы. Ал бир койду 15 мүнөттө мууздап, жиликтеп, кардардын колуна кармата салат.

"Эски Толчокто" касапчы болуп иштеген 20 чакты адам бар. Арасында мектепти жаңы бүткөн же жогорку класста окуган да балдар жүрөт. Алардын бири Самат да ушул жерде кой союп шугулданат. Ал өзү Жалал-Абаддан келген.

"Азаттык": Самат, сен качантан бери иштейсиң?

- Мен бир жарым жылдан бери ушул жерде иштейм. Ушул жерден акча табам, ушул жер менен жан багам. Мындай күндөрү 2-3 кой сойсок, айтта ондон ашат.

Ошентип кой сойдуруунун баасы Курман айтта 500дөн миң сомго чейин чыгат экен. Анын ичине ичеги-карынын жууп, башын куйкалап берүү да кирет. Бул жерде баш куйкалоо кызматын эки киши аткарат экен. Бир башты куйкалоо 50 сомго бааланат.

Ичеги-карын жууган аялдар кичине "сеп" этип коюшат

Эшикте аба суук, ал эми суунун канчалык шыргалаң экенин элестетип көрүңүз. Ошого карабай ичеги карынды жууп, жетишпей жаткан аялдардын да бүгүн маанайы көтөрүңкү.

- Бир күндө канча койдун ичегисин жууганыбыз ушул Курман айт күнү кечинде билинет. Азыр эле отуздан ашты. Биз цементте туруп, жаныбыз кыйналса да, колубуз кечке сууда болсо да иштейбиз. Бала-чаканы багыш керек. Мен бир жарым жылдан бери иштейм. Жети миң сом айлык алабыз, - деди Майрам эже.

Келерден кечке муздак жерде туруп, муздак сууга кол салып иштеген аялдар кээде "сеп" этип жүз граммдан алып коюшат экен. Буту-бутуна тийбей чуркап ичеги жууп жаткан Салтанат эже тар бөлмөдөн сырттагы кранга чыккан кезде сөзгө тарттып калдым.

- Кичине кезде жүргөн экенбиз да эч нерсени билбей. Балалуу болгондо башталат экен да түйшүк, балдарды багыш керек деген.

"Азаттык": Муздак сууга жууйт турбайсыздарбы?

- Муздак.

"Азаттык": Кечинде барганда сыздатып оорутпайбы?

- Азыр билбейбиз, карыганда билинет го.

"Азаттык": Кечинде арак сыйпап коесузбу колуңузга?

- Жок, кичине ичип коем, 100 грамм.



Санитардык абал жакшы эмес

Чындыгында бул жерде санитардык абал жакшы эмес. Ушул жерде иштеп жаткандардан “санитардык текшерүү келеби?” деген суроомо жооп ала алган жокмун.

Бирок "хлор менен жууйбуз, кечинде бүт тазалап кетебиз" деп жооп беришти.

Мал соючу жай болсо чакан, асты бетондолгон, үстү жабылган экен. Ичеги жууганга чакан бир бөлмөсү бар. Карынды жарып жана койдун канын төкчү бир чуңкурча жасалган.

Курман айт күнү мал сойдурган демейдегиден эки, үч эсе кымбат болгонуна карабай мал сойгон жерде кезек күткөндөр арбын. Ал эми касапчылардын бүгүн иши жүрүп, чөнтөгү да толуп жаткан учуру.

XS
SM
MD
LG