Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

К. Бакиев: Кыргызстанга тең салмактуулук идеологиясы керек


Президент Курманбек Бакиев шейшембиде кечки сыналгы аркылуу элге кайрылуу жолдоп, мамлекеттик башкарууну натыйжалуу кылуу максатында көрүп жаткан чараларын жарыя кылды.

Президенттин кайрылуусу бул жолу демейдегиден кыска тезис түрүндө болду. Ушундан уламбы саясатчылардын бир тобу дароо баа берүүдөн тайсалдашса, бир даары аны олуттуу милдеттерди алдыга койгон табышмактуу кайрылуу болду деп да баалашты.

- Аткаруу тартиби катуу көзөмөлгө алынышы зарыл жана муну биз камсыз кылабыз. Ошондо гана мамлекет калкка сапаттуу кызмат көрсөтө алат. Ошон үчүн мамлекеттик башкаруу машинасын чындап реформалоо өзгөчө маанилүү милдет болуп саналат, - деп, мамлекеттик башкаруу машинасын чындап өзгөртүүнү эң башкы милдет деп белгилегени бийликти сындап келген тараптын үнү президентке жеткен экен деген ойду пайда кылды, - деп белгиледи президент кайрылуу сөзүндө.

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бийлик элдин пикири менен эсептешип, президент айткандай бардык тараптын пикирин угууга даяр эмес, "Ишеним бүткөн элде. Аны менен элди алдай албайт, бул – жасалма нерсе" деди.

Президенттин кайрылуусундагы дагы бир көңүл токтотор учур- эл акылын калчаган коом өкүлдөрүнүн алдына улут катары биз кимбиз деген маселени тактоо керек деген милдет коюшу болду:

- Биз бардыгыбыз, саясатчылар, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, бир суроого так жооп берүүгө тийишпиз. Улут катары биз кимбиз? Биздин гуманитардык саясатыбыздын реалдуулугу дал ошого байланыштуу болот. Ансыз биз жалпы келечекти куруу үчүн бириге албайбыз, геосаясый таламдарыбызды жарыя кылып, кармап кала албайбыз, - деген Бакиев бул багытты тактоодогу өзөктүү жагдайлар улуттун таламдары болот деп, андай таламдын алтоону атады.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин баамында, кайрылуунун башкы өзөгүн түзгөн ушул ой коомдогу бардык атуулдарды улуттук биримдикке чакырып, келечекти калчоого мажбур кыла алат. Дагы бир саясат талдоочу Орозбек Молдалиев болсо эмки маселе ошол кайрылууда айтылган чакырыктардын ишке ашышында турат дейт:

- Улуттук кызыкчылыктарга баш коюу туура. Улуттук кызыкчылык тууралуу ачык айтылбай, ар кыл түшүнүктөр болуп жүрөт. Ошон үчүн бул бир өзгөрүүлөр боло тургандай көрүнүп атат... Эми кайрылууда жакшы эле угулуп аткан өңдөнгөнү менен кандай формада аткарылат – кеп ошондо.

Президент кайрылуусунда мамлекеттин мындан аркы башкы идеологиясы улуттук таламдарды ишке ашырууда акылга сыярлык тең салмактуулук идеологиясы болорун билдирди. Ал үчүн инновациялар менен улуттук өз алдынчалуулук, демократия идеялары менен өлкөнү башкаруу жана базар менен мамлекеттик жөнгө салуунун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо зарыл экендигин белгиледи.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусов Бакиев мына ушул ойлорду ишке ашыруу жоопкерчилигин өзүнө алганын зор чечкиндүүлүк деп баалады:

- Ушул нерсенин бардыгын өз жоопкерчилигиме алам деп кескин айтканын бир дагы жетекчи, бир дагы президент буга чейин айткан эмес. Бул жакшы болду.

Ал эми “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров жоопкерчиликти өзүмө алам деген менен стратегиясын тактоону өзүнө албай Катчылык менен Стратегиялык иликтөө институтуна тапшырганы жоопкерчиликтен алыс экендигин көрсөтүп турат деген пикирде.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова президенттин кайрылуусунун башкы максаты шайлоо алдында элдин пикирин өзүнө буруп, кандай гана жол менен болбосун өз бийлигин бекемдөө экендигин көрсөттү деп билдирди.

XS
SM
MD
LG