Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Балыкчыга лидерлер гана барат


Башкы прокуратура менен ИИМдин эскертүүсүнөн кийин оппозиция Балыкчыга жөө жүрүш жасоону токтотту. Бул жакка оппозициянын лидерлери гана барып, камакта жаткандарды бошотуу чарасын көрмөкчү.

СДПКнын баш кеңсесинин алдында болжол менен эки жүздөй адам чогулду. Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев кечээ Балыкчыга жөө жүрүш башталарын жарыя кылып, бүгүн саат онго партия кеңсесинин алдына келүүгө элди чакырган болчу.

Балыкчы шаарына жүрүшкө чыкмакчы болуп топтолгон элдин алдына башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза да келди. Ал чогулган элге кайрылып, өзгөчө ЖККУнун саммити өткөнү турган чакта митингдердин, жүрүштөрдүн болбошу керектигин эскертти.

Бир эле учурда ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов баштаган милиция кызматкерлери чогулуп жаткандарга келип, оппозиция лидерлерине ушундай эле эскертүү менен кайрылышты. Алардын айтымында, уруксат берилбеген жерлерде чогулуштардын, митингдердин уюшулуп жатышы мыйзамды бузгандык болуп саналат жана мындай акциялар өтө турган саммитке жолтоо болбоосу керек.

Ошондон кийин Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев чогулган элдин алдына чыгып, Балыкчы шаарына оппозициядагы айрым лидерлер өздөрү барышарын айтып, чогулгандарды тынч тарай берүүгө чакырды. Анын айтымында, оппозиция лидерлери Балыкчыда камакта жаткандарды бошотууга бардык аракеттерди жасоосу керек жана бул маселени өздөрү жеринде чечүүгө аракет кылышат. Ушул билдирүүдөн кийин эл акырындап тарап кетти.

29-июлда Бишкектин жака-белиндеги жерлерден чогулуп, борборду көздөй бет алган элдер кууп таркатылып, кыйласын милиция кармап кеткен. Каршылык акциясына чыгууга аракет кылган жарандардын арасынан жетимиш чамал адам камакка алынып, кылмыш иши козголуп, дароо сот иши башталган. Сот бир канча адамга 15 күндөн камактан тартып, айып пул жана эскертүүлөргө чейинки жазалар берилди.




Нааразылыкка чыккандарды милиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG