Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Токтогулдагы шайлоонун чыры толтура


Токтогул шаарчасынын башкармасын шайлоонун аягы чыр-чатакка айланды. Аким өзү көрсөткөн эки талапкер тең жергиликтүү кеңештен өтпөй кулап калгандан кийин, жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө президентке сунуш киргизерин билдирди. Токтогул шаарчасынын мурдагы башчысы Токтомурат Чормошев акимди мурда соттолгон адамдарды жана жакын туугандарын өткөрүп, тескерисинче таза адамдарды шайлоого катыштырбай бут тосуп жатат деп айыптап сотко кайрылган жатат.

Жаңы жыл алдында жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолор жыйынтыкталып жаткан чакта Токтогул шаарчасындагы шайлоо чыр-чатакка алып келди. Райондук аким көрсөткөн эки талапкер тең эки турда тең жетиштүү добуш албай кулап калды. Аким жергиликтүү кеңеште шаарчанын мурдагы башчысы Токтомурат Чормошевдин туугандары чогулуп алышып, жаңы талапкерлерди өткөрбөй койду деп, аны таркатуу жөнүндө сунуш менен жогорку бийлик органдарына кайрыла турганын билдирди.

Ошол эле учурда Токтогул шаарчасынын мурдагы башчысы Токтомурат Чормошев акимди айыл округ башчыларына өзүнүн туугандарын жана мурда соттолгон адамдарды өткөрүп, тескерисинче таза адамдарды каралоо саясатын жүргүзүп жатат деп айыптоодо. Анын айтымында Ичке-Сай, Кызыл-Өзгөрүш, Торкен сыяктуу айлы округдарына аким көрсөткөн адамдар мурда сот жоопкерчилигине тартылгандар. Ал эми Чолпон-Ата айыл округуна өткөн жетекчи акимдин бир тууган жездеси болуп саналат. Токтогул шаарчасына көрсөтүлүп өтпөй калган талапкерлер экөө тең акимдин жакын туугандары.

Чормошев Токтомурат Азаттыкка сүйлөгөн сөзүндө акимди жең ичинен сүйлошүп, тууганчылыгына салып мурда соттолгон адамдарды айыл башчылыгына көтөрүп өткөзүп жатат деп айыптап, ал эми анын өзү жөнүндө мойнунда кылмыш иштери бар деп жалган маалымат таратып жаткандыгы үчүн акимди сотко берүүгө даярданып жатканын билдирди.

- Мен жөнүндө негизсиз эле сунуш бербей койду. Мен сотко документтеримди даярдап койдум. Мурда соттолгон эмес деп соттон да, милициядан да кагаз алдым.

Райондун акими Чотоев Таалайбек өз кезегинде жалаң мыйзам жолунда иштеп жатканын баса белгилеп, ага коюлган күнөөнүн баарын четке кагууда. Анын айтымында Чормошев Токтомурат мурда кылмыштуу иштери бар болгону үчүн шайлоого киргизилген эмес, муну облустук прокуратура тастыктап бере алат дейт. Экинчиден Токтогул шаарчасынын депутаттар кеңешинде отургандар көбү анын туугандары болгондуктан аким көрсөткөн талапкерлерди кулатып жатышат.

- Эми жергиликтүү парламентти таркатабыз. Мен эки жолу көрсөттүм, экөөндө тең депутаттар өткөрбөй коюшту. Губернатордун макулугун алып президентке өтүнүч кат менен кайрылабыз. Бул парламентти таркатып жаңы шайлоону дайындап бериңиз деп. Токтомурат Чормошев саал туура эмес иштерге аралашып алган экен. Мурда үстүнөн кылмыш иши козголуп жабылып калган экен. Ошондой эле жети жарым миң сомдук тендерди туура эмес өткөзкөн. Бир тууган бажасын, бир тууган кайнежесин, келинин, ушуга окшогон жака белиндеги туугандарын бүт депутат кылып, он чакты депутатты өзүнө кармап алган да бул,-деди Чотоев Таалайбек "Азаттыкка".

Жаңы жыл алдында бүт республика боюнча айыл округдарынын, өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо жыйынтыкталууда. Колдогу маалыматка караганда айыл округ башчыларынын кызматына 500 дөн ашык талапкер катталган, орточо алганда бир орунга экиден талапкер ат салышууда. Мыйзам боюнча айыл жетекчилерине талапкерлерди райондук аким тандап көрсөтөт. Көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлоону айылдык кеңештер жашыруун добуш берүү менен жүргүзөт.

Демократия жана жарандык коом үчүн бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Динара Ошурхаунованын айтымында жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоодо демократиялык нормаларга жатпаган мыйзамдык да, административдик да оош-кыйыштар, кемчиликтер толтура.

Бул сапар жергиликтүү бийлки башчыларын шайлоого көз каранды эмес байкоолор жүргүзүлгөн жок. Динара Ошурахунованын айтымында, шайлоодо кеткен кемчиликтерди айткан менен бийлик аларды оңдоонун ордуна, кайра четке кагып, өз билгенин жасап, сын айткандарды куугунтукка алууда. Мындай шартта шайлоого байкоо салып, өзгөрүүлөргө жетишүү аракеттери оң натыйжа бербейт.

XS
SM
MD
LG