Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

М. Ниязов: Бийлик жөнөкөй адамдарды душман кылууда


Коопсуздук комитетин реформалоо жөнүндө укук коргоочулардын талаптарын Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы М.Ниязов жөндүү деп эсептейт.

-Мирослав мырза, атайын кызматтарга сиз жат адам эмессиз. Акыркы мезгилде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти реформалоо, аны саясий жараяндарга аралаштырбоо талаптары укук коргоочулар тарабынан дагы коюла баштады. Бул канчалык негиздүү?

- Классика түрүндө караганда, Ички иштер министрлиги ички коркунучтарга каршы иштеш керек. Ал эми коопсуздук кызматы дегенде бул тышкы коркунучтарга каршы иштеп бериш керек. Бул өзгөчө кызмат. Жасаган иштери жашыруун болуш керек. Буга биз көнөбүзбү, көнбөйбүзбү көп каражат керек болуп атат, ушуну кыймылдатып иштеткенге. Андай каражат болбосо бул кызматтын өтө деле пайдасы болбойт. Ал эми жүргүзгөн ишине жараша офицерлердин интеллекти, деңгээли, маданияты жогору болуш керек, чет тилдерди билиш керек. Тилекке каршы, бул айырмасын бийликтегилер көп түшүнбой, Акаевдин учурунда бул системаны талакалай баштады. Дайыны жок жетекчилерди алмаштырып, алар өз билгенин жасап, милициядан, бажыдан башка мекемелерден жакын адамдарды ээрчитип келип, биротоло системаны жаман акыбалга алып келип коюшту. Көпчүлүк профессионал кадрлар кеткенге мажбур болушту. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген сөздү кыргыздар бекеринен айткан жок. Эгемендүүлүктү алгандан бери жетекчилерибиз профессионалдарга таянбай, өз туугандарына, жердештерине, жоро-жолдошторуна таянып келатат. Мындай жол менен биз эч качан ийгиликке жеталбайбыз, мындай саясат менен алдыга жылбай, артка кетебиз, келечегибизден айрылабыз, ушуну качан түшүнөр экенбиз.

-УКМКны реформалоо, аны саясий жараяндарга аралыштырбоо талаптары коюла баштады. Аны кандай багытта реформалаш керек?

- Дүйнө жүзүндө терроризм, экстремизм деген коркунучтар болуп атат. Терроризм, экстремизм деген бул саясатка аралашып кеткен күчтөр болуп атат. Саясат, бийлик күрөшө турган күчтөр болуп атат. Албетте, мындай элге, коомго каршы күчтөргө каршы күрөшө турган күчтөр болуш керек. Бирок бизде, тилекке каршы, жөнөкөй эле саясатчыларды, төңкөрүш жасайын деген ою жок, куралы жок, чындыкты издеген адамдар бүгүн душман катары каралып келди. Бул коопсуздук кызматкерлеринин деңгээлинин төмөндүгү. Бийлик жүргүзгөн саясатты коомго каршы деп айтсам болот.

-Бул кызматта сырткы чалгындоо жана контрчалгындоо функцияларын гана калтыруу сунуштары айтылган эле. Ал туурабы?

- Албетте, мен жогоруда айткандай, контрчалгындоо дегенге өтө көп каражат керек. Бүгүнкү коопсуздук кызматкерлердин каражы буга жетпейт. Өзүбүздүн бюджетибизден буга акча жетпейт. Офицерлердин алган акчасы өтө төмөн. Ошондуктан реформа деген сөз түрүндө эле болбосо, ал эми негизги реформаны мындай бюджет менен жүргүзө алышпайт.

-Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG