Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

М. Ниязов: Оппозицияга жаңы күчтөр келатат


Кыргызстанда жаңы оппозициялык саясий күчтөр уюшулуп жатканы жөнүндө "Азаттыкка" генерал-майор Мирослав Ниязов билдирди.

- Саламатсызбы, Мирослав мырза, уюшулуп жаткан топ, кыймыл кандай негизде түзүлөт жана кандай позицияда болот?

- Азыр элдин баарына маалымат, бүгүнкү бийлик легитимдүү бийлик деп эсепке кирбейт. Бирок факт түрүндө бул бийлик калды. Ал эми радикалдуу оппозиция менен бийликтин ортосунда таза саясаттык талаа калды, башкача айтканда вакуум. Ушул талаага жаңы күчтөр чыкканга элдин баары муктаж болуп атат. Бизде кайдыгер эмес, акылдуу, патриоттук аң-сезими күчтүү, репутациясы таза адамдар аз эмес, бар. Булардын тажрыйбасы да абдан жакшы, зор тажрыйбасы бар. Бүгүн ошол күчтөр кандайдыр бириккенге аракет жасап атышат.

-Бул жаңы топтун курамында кимдер же кайсы саясий партия, уюмдар, саясатчылар бар?

- Көпчүлүгү жаңы адамдар келишет. Бирок Кыргызстанга аты чыккан адамдар келет. Менин билишим боюнча мындай топторду көп жерлерде уюштуруу учуру болуп атат азыр. Белгилүү Касым Исаевич деген аксакалыбыз бар жазуучу, публицист, тажрыйбасы абдан чоң, Орусияда 34 жыл иштеп келген экономист. Ошол киши жашы келип калса дагы аракет кылып, “Эл арманы” деген партияны түзүп атат.

Тилекке каршы Юстиция министрлиги 4-5 жолу каттоодон четке кагып атат бул партияны. Бул өтө туура эмес ишти жасап атат министрлик. Жаңы күчтөр конституциялык мыйзамдан четке чыкпай, ошонун ичинде иштейли деген ой көпчүлүктө болуп атат. Ал эми Юстиця министрлиги ошого каршылык көрсөтүп атып, бул Конституциянын чегинен чыгып кеткен күчтөр болуп калышы мүмкүн. Ушуну түшүнбөгөн Юстиця министрлиги бүгүн абдан туура эмес иштерди жүргүзүп атканына мен ичимен кайгырып атам.

-Демек бул биригүү саясий партиянын негизинде чогулуунун аракети болуп аткан экен да?

- Бул жаңы партия. Аны менен сүйлөшсөм, башка күчтөр менен кошулалы деген ою жок. Мен бул партияга азырынча мүчө эмесмин. Мүмкүн мен дагы өзүнчө аракет кылып, партия ачканга мажбур болом. Бирок мен билгенге караганда, жаны, мыкты, таза күчтөр чыгып атканын мен дагы бир жолу баса белгилеп кетейин.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG