Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Молдовадагы окуя кыргыз ыңкылабына окшойбу?


Германиядагы Frankfyrt Rundschau басылмаcы учурда Молдовада түзүлгөн кырдаал Кыргызстандагы “жоогазын ыңкылабын” эске салары тууралуу макаланы жарыялаган. Кыргызстандык саясат таануучулар Молдовадагы парламенттик шайлоодон улам чыккан нааразылык менен 2005-жылдагы март окуясын салыштырууга болбостугун айтышууда.

Молдовада учурда болуп жаткан окуя кыргызстандыктарды дагы кайдыгер калтырган жок. Бишкектин көчөсүнөн сурамжылоо жүргүзгөндө шаар тургундары мындай ой-пикирлерин бөлүштү:

Кумарбек Жокиев: -Молдовада оппозиция парламенттик шайлоого каршы болуп, азыркы аракеттеги президенттин партиясы утуп алганга оппозиция митинг кылып, биздеги 2005-жылы 24-марттагыдай болуп кетти. Ошол оппозиция Молдованын президентин жок кылабыз деген митингди талап-тоноого айлантып, парламенттин имаратын басып алышты.

Алмамбет Шыкмаматов: - Молдовадагы акыркы болгон окуя биздеги 24-марттагы окуя менен окшоштугу бар деп айталбайм. Себеби 24-мартта биринчи кезекте жалпы коомдун, элдин пикири бир болуп калган. Иштеп жаткан режимге каршы болгон. Анан кандайдыр бир күчтөр пайда болуп радикалдуу күчтөргө барганда аларды эл колдоп кеткен. Ал эми Молдовада болсо чын-чынына келгенде он миңдеген жаштар чыкты. Мүмкүн жаштар либералдык коммунисттерди колдобой, Румыниянын таасири менен башка талапкерлерди колдогондур, бирок жалпы эл чынында эле коммунистер партиясын колдоп чыкканы тууралуу маалымат бар..

Бишкектиктердин арасында Молдовадагы абал кызыктырбастыгын, ал жакта эмне болуп жатканы менен иштери жоктугун айткандар дагы болду.

Айрым саясатчылар Молдованын таасири Кыргызстанга дагы тийиши мүмкүн деген көз караштарын билдиришти.

И.Арабаев атындагы университеттин илим жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Эмил Каныметов 2005-жылы март айындагы окуянын чыгышы кыргыз эли өз эркиндиги үчүн жеке адамдык башкаруудан кутулуунун бир формасы деген пикирде.

Анын айтымында, ошол кездеги парламенттик шайлоонун бурмаланышы тек гана себеп болуп, Аскар Акаевдин жүргүзүп жаткан саясатына, коррупциялашкан үй-бүлөлүк башкарууга нааразы болгон эл түп көтөрүлүп чыккан. Ал эми Молдовадагы нааразылык акциясы Владимир Ворониндин коммунисттик режимине каршы уюштурулуп жатышы толук ыктымал.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариев Молдовадагы кырдаалды Кыргызстандагы мындан төрт жыл мурда болгон март окуясы менен салыштырууга болбостугун айтты. Анын пикиринде Молдовадагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция митингде көзөмөлдү колдорунан чыгарып жиберишкен:

-Кишиневдогу митингде Румыниянын, ЕККУнун желектерин көтөрүп чыгып, баш аламандыкка жол берилип парламентке жана президенттин имаратына чабуул жасалганы Молдова бийлигинин атайын уюштурган чагымы. Бул президент Ворониндин, бийликтин атайын жасаган режиссурасы. Буларды көрүп эле атпайсыңарбы. Ак үйгө, парламенттин имаратына кирсин, талкаласын деп бир түн берди. «Мына демократиянын жүзү ушундай»,-деп демократияны жаман көрсөтүү ( дискредитация) болду. Мен ойлойм бул абдан жакшы режиссура. Чоң план боюнча Молдовадагы режим кайта күчөйт. Башка мамлекеттерде дагы политтехнологиялык режиссуралар жогорку категорияга өтүп кетти. Ошондуктан бул жасалма көрүнүш.

Айрым талдоочулар Кыргызстанда болуучу президенттик шайлоодо бийлик административдик ресурстарды колдонуп, бурмалоого жол берип, шайлоочулардын укугун тебелей турган болсо Молдовадагыдай окуя мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.

Саясат таануучу Эмил Каныметовдин айтымында, март ыңкылабынан кийин мамлекетте өзгөрүү болбой, Акаевдин учурундагыдай эле үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп жатканы коомчулукта айтылып, бийликке нааразы болгондору менен элде мурдагыдай бийликти алмаштырууга болгон көктүк кайрат-дем жок.

-Азыр шарт өзгөрүп кетти. Бийлик ачык эле айтып жатпайбы, «бирдеме болсо куралдуу күчтөрдү колдонобуз» деп. Бул жерде кагылышып, кан төгүүгө башын байлап бара турган адамдар жокко эсе, болсо дагы аз. Бул жерде кан төгүлөт деген инструкцияны дагы эске алыш керек.

Саясат таануучу Марс Сариевдин көз карашында эгерде алдыдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык иш чаралар уюштурула турган болсо Молдовадагы окуя Кыргызстанда дагы кайталанышы мүмүкүн.

-Молдовадагыдай чагым болушу толук ыктымал. Анан катуу административдик режим демократияны дискредитациялап чыгат. Бирок азыр Молдовадагы окуя кандай бүтөт же өнүгүп кетеби? Кризис кайта күчөйбү? Кандай процесс өтсө, Кыргызстанда дагы ошондой болот, деп ойлойм. Азыр ал жерде кырдаал күчөп кетсе демократия токтоп, диктатура кирет. Кыргызстанда дагы ушундай болушу толук ыктымал, -деди Марс Сариев.

5-апрелде Молдовада өткөн парламенттик шайлоодо 50 пайыз добушка жетишкен коммунисттик партиянын жеңишине нааразы болгон оппозиция парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп, аларды жараксыз деп табууну бийликтен талап кылган.

Демонстранттар 7-апрелде парламент жана президенттин имаратына чабуул жасашкан. Полиция менен кагылышта бир аял каза болуп жүздөн ашуун адам жаракат алганы кабарланууда. Молдованын президенти Владимир Воронин бул баш-аламандыкты коңшу Румыниянын бийлиги уюштурду деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG