Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

А. Мониев: Мага кол салуу атайын жасалган болушу мүмкүн


"Ачык саясат" газетасынын журналисти Абдувахаб Мониев аны журналисттик ишмердигине байланыштуу сабап кетишти деп ойлоп жатат. Бирок ошол эле учурда ээнбаш балдарга да туш келип калышын жокко чыгарбайт.

- Сизди сабап кетүүнүн себебин эмнеден көрүп жатасыз?

- Азырынча кандайдыр бир болжоп айтышка болбойт. Турмушта ар кандай болушу мүмкүн. Кокустук же журналисттик ишмердигиме байланыштуу болушу мүмкүн. Бир гана нерсени белгилеп койсом болот, мен жеке адамдар менен, жеке мамилелер боюнча талаш-тартышка барып, душмандашкан учурум дээрлик жок. Жеке мамилелердин айынан менин артымдан түшүп, өч алайын деген адамдар жок.

Албетте, кокустукту эч ким жокко чыга албайт. Себеби бизде, жалпы эле Кыргызстанда азыр криминалдык абал өтө эле оор. Бейбаш балдарга туш келип калышым мүмкүн. Бул жагын да жокко чыгарууга болбойт. Ошол эле кезде журналисттик ишмердигиме байланыштуу, менин артымдан түшүп атайын жасалган иш болуп калышы да мүмкүн. Муну да жокко чыгара албайм.

- Өзүңүздүн дарегиңизге, коркутуп-үркүтүүлөрдү, телефон чалуулар болгон эмес беле?

- Мурда кайсы бир материалдар, жазган макалаларым боюнча мобилдик телефонума чалып “неге андай, неге мындай?” деген учурлар болуп калчу. Бирок мен көбүнчө телефон номеримди алмаштырып жүрөм. Көбүнө эле бере бербейм. Ошондуктан редакцияга, айрыкча баш редактордун милдетин аткаруучу Рыскелди Момбековго көп эле жолу чалып, ал ким, тигил-бул деп, телефонумдун сурашкан учурлар көп эле болгонун ал мурда өзү айтчу.

Журналисттер, силер жакшы билесиңер, эгерде кайсы бир мен жазган материалдарда фактылар туура эмес болуп калса, анын баары сотто аныкталышы керек, туурабы? Мен көбүнчө “Ачык саясат” гезитине акыркы кездери псевдоним, башка аттар менен жазып жүргөм. Кайсы бир деңгээлде азыркы кырдаалда ар кандай журналисттерге коркутуулар-үркүтүүлөр, сабап кетүүлөр болуп жаткан учурда кайсы бир деңгээлде сактанайын деген оюм болгон. Албетте, аны менен сактана албасымды билем. Себеби тапкысы келсе Кыргызстанда жердин астынан чукуп болсо да таап алышы мүмкүн да.

Дагы бир нерсени айтып койсом болот. Акыркы күндөрү былтыркы Түп окуясы, андан кийин бир жыл өткөндөн кийинки, кечээ жакында эле болгон Түп окуясы боюнча атайын иликтөө жүргүзүп, китепче жазам деп кайсы бир адамдар менен сүйлөшүп, ошого даярдык көрүп баштагам. Аны айрым адамдар гана билчү.

- Айрым адамдар дегениңизде ошол Түптөгү окуяга катышкан оппозиция өкүлдөрүн айтып жатсаңыз керек?

- Эми мүмкүн ошолор. Иши кылып жазам деген өзүмдүн оюм бар болчу.

- Түп окуясына байланышы бар адамдар менен байланышып, ошолор менен жолугушууну сизди сабап кеткен окуянын себеби деп ойлосузбу?

- Аны себеп деп ойлогон жокмун. Бирок журналисттик ишмердигиме байланышы бар болушу мүмкүн деп ойлоп жатам. Бирок менимче аны көпчүлүк биле берчү эмес.

- Окуя кандайча болду? Сиз ошол учурда кайсы жерде кетип бараттыңыз эле?

- Кеч кирип калган. Кечки тогуз жарымдар болушу мүмкүн. Бир тааныштарды узатып коем деп Ош базары жакка Ош-Бишкек унаа токтоочу жайга баргам. Анан аны менен эмнегедир жолугуша албай калып кайра Токтогул көчөсү менен келе жаткам. Окуя ошол Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болду. Мен жөө келаткам. Мен көбүнчө жөө жүрөм. Анын үстүнө жөө келатканымдын себеби, жумушта сумкам, башка буюм-тайымдарым бар болчу. Ошолорду алып кетейин деген болчумун. Ошол мага кол салгандар артымдан келишти. Тийишкендей болду. Эмне-эмне дегиче, бирөөсү катуу уруп жиберди. Мен да бирөөсүнө асылдым. Жыгылып калганда тепкилеп атышканын билем. Эсимди жоготуп коюптурмун.

- Эч нерсеңизди алышпаптырбы? Чөнтөктөрүңүздө баары эле бар бекен? Балким алар уурулук, бейбаштык менен кол салган жокпу?

- Эгерде ошондой болсо, алар менин мобилдик телефонумду алышат эле. Телефонум жанымда экен. Эч ким тийбептир. Мен эсиме келип турганда, жакын арадан чуркап такси издедим. Такисиге түшүп жашаган жериме бардым. Анан ал жактан тез жардам чакырып ушул жакка келдим.

- Милиция органдарына кайрылдыңызбы?

- Бул жерге келгенде, улуттук госпиталдан чакырышты. Бир-эки саатта эле келишти. Ага көрсөтмө бердим.

- Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатабы?

- Кечээ-мурдагы күнү ошол окуя боюнча кылмыш иши ачылганын кабарлап кетишти. Иликтөө жүргүзүлүп жатат, деп мага кабарлап жатышат.

- Ооруканадан чыккандан кийин да “Ачык саясат” менен кызматташа бересизби?

- “Ачык саясат” менен, албетте, кызматташам. Бирок менин башка пландарым да бар болчу. Жеке чыгармачылыкка байланыштуу иштен үч-төрт айга бошоп башка жакка барып келсемби дегем. Эми көрөбүз да.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG