Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Дүйнө чемпионатында А.Крупняков коло байге утту


Эркин күрөш боюнча Москвада дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан, Азия чемпиону Алексей Крупняков үчүнчү орунду ээледи.

Москвада эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында жүз он сегиз өлкөнүн балбандары күч сынашты.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын беш балбан коргоп, Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байге ээлери, Азия чемпиондору Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев жеңилүү ызасын тартышты. Чемпионатта Азия чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөнов 74 кг салмакта коло медаль утуп, өлкөнүн туусун көтөрдү.

Кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча Москвадагы дүйнөлүк таймашуусуна Кыргызстандан жеңил салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Махриницо Нурматова менен 59 кг салмакта Нестан Кыязова, 67 кг салмакта Элгиза Анарбекова күч сынашып, ийгилик жарата алышпады.

Өлкөнүн Спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Касеновдун айтымында, эркин күрөш боюнча үч балбан намыс талашып, 96 кг салмакта Азия чемпиону Алексей Крупняков үмүттү актап, үчүнчү орунду ээледи. Алгач Алексей Крупняков өзбекстандык балбан Курбан Курбановду 8:5 эсебинде жеңип, кийинки таймашууга жол ачты. Кийинки беттешүүгө Алексей түштүк кореялык Кимди 13:0 эсебинде артыкчылык менен утуп алды.

Чейрек финалда түркиялык Серхат Балсини 7:3 эсеби менен утуп, Алексей жарым финалдык таймашууга укук алды. Бирок жарым финалда азербайжандык Хетаг Газюмовдон жеңилип калуу менен баш байгеге талапкер боло албай калды. Алексей үчүнчү орун үчүн белорусиялык Руслан Шейхауну 7:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду. 2005-жылы Будапеште өткөн дүйнө чемпионатында да Алексей Крупняков үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болгон.

Эркин күрөштөн 60 кг салмакта жаштар арасында 2001-жылы чемпион болгон, Азия оюндарынын коло байге ээси Улан Надырбек уулу үчүнчү орун үчүн таймашууда ирандык атаандашынан жеңилип, бешинчи орунду ээледи. Оор салмакта Айал Лазарев үмүттү актай албай, байгелүү орунга жете алган жок.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, балбандар ноябрда Гуанжоудо өтө турган 16-Азия оюндарында да байгелүү орундарды ээлеп, Кыргыз туусун бийик көтөрүүсү ыктымал.

Москвада эркин күрөштөн дүйнө чемпионатынын таймашуулары 10-сентябрда башталып, 12-сентябрда жыйынтыкталды.

Жапониянын борбору Токиодо дзю-до күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты да жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын туусун көтөрүп барышкан 8 балбан ийгилик жарата алышкан жок. Алардан 73 кг салмакта Азат Кубакаев гана айырмаланды. Ал жаңызеландиялык Чой Ву Суну, барбадостук Максвелл Кайлды жана грузиялык Заза Кеделашвилини жеңип алганы менен 7-орунга илинди. Себеби Азат Кубакаев монгол балбаны Сайнжаргал Ням-Очир менен орусиялык Мансур Исаевден жеңилүү ызасын тартып, алдыңкы топко кошулбай калды.

Кыргызстандык балбандардан Чыңгыз Мамедов менен Руслан Жаныбек уулу бирден атаандаштарын утканы менен кийинки таймашууларда жеңилип калышты.

Калган беш балбан биринчи беттешүүдө эле жеңилүү ызасын тартышты.
XS
SM
MD
LG