Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Президент жасалма институттарды куроо менен алекпи?


Президент К. Баикевдин жарандык лидерлер менен жолугушуусунан
Президент К. Баикевдин жарандык лидерлер менен жолугушуусунан

Өткөн аптада жарандык коомдун жоон тобу менен президент ортосунда кызматташтык меморандуму түзүлдү. Бирок, жарандык коомдун бир бөлүгү мындай жыйынга катышуудан баш тартты.

Президент Курманбек Бакиев менен жарандык коом лидерлеринин жолугушуусу кызматташтык келишимин түзүү менен аяктады. “Бийлик менен жарандык коомдогу уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнүн негиздери” деп аталган бул документке жарандык коомдун отуз лидери жана президенттик администрациянын катчысынын жетекчиси кол коюшту. Кабыл алынган документти жолугушууда президент эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кабыл алынып атат деп, олуттуу иштин башталышы катары баалады:

- Бул чынында тарыхый жолугушуу. Кол коюлган документ Кыргызстандын тарыхында калат. Бул - өтө олуттуу, чоң иштин башталышы.

Бакиевдин ишениминде коомду күчтүү бийлик, күчтүү жарандык коом жана анын алкаларынын механизмин түзүүдөн көрөт:

- Күчтүү бийлик дегенде мен диктатураны айткан жокмун, муну эске алгыла. Кээ бирөөлөр күчтүү бийлик десе диктатураны, камчыны, таякты түшүнүшөт, - деп белгилеген президент Кыргызстанда жарандык коом менен бийликтин кызматташтыгын мындан ары күчтөндүрүүгө өзгөчө маани берерин убада кылды. Келишимге ылайык эми тараптардын кызматташтыгын Координациялык кеңеш көзөмөлдөйт.

Бул аракеттер биринчи кезекте президенттик шайлоо алдында шайлоочуларга таасир этүү максаты катары бааланып, ага жараша президенттик демилгенин натыйжасынан күнөм санагандар аз болгон жери жок. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова, маселен, президент Бакиев жасалма институттарды түзүү аркылуу өз саясатын колдоо күчтүү экендигин далилдегиси келип жатат дейт:


- Атайын жасалган институттар түзүлүп атат. Мисалы “Ак жол” партиясы бир жылда эле саясий партияларды дароо алмаштырып койду. Азыр эң күчтүү партия. Курултайына жалаң губернаторлор, ректорлор, министрлер, прокурорлор келет. Экинчи учур – жарандык коомду алмаштыруу үчүн Коомдук палата түзүүгө аракет болду. Бирок бийлик түшүндү: коомдук палата үзүрүн берген жок, жарандык коомду алмаштыра алган жок. Эми жарандык коомдун өзүнүн колу менен Координациялык кеңешти ойлоп таап, меморандумга кол коюлду. Албетте ал жерге биздин кесиптештерибиз жакшы ой менен барышты. Мен деле жакшы болсун деген каалоом бар. Бирок жасалма. Анткени жарандык коомду бир Институт, Координациялык кеңеш менен же Коомдук палата менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Жарандык коом – бул 5 миллион калк.

Азиза Абдырасулова - президент менен жолугушууга катышуудан баш тарткан Кыргызстандагы алты укук коргоочунун бири. Укук коргоочулар президент менен жарандык коом лидерлеринин жолугушуусунун алдыңкы күнү билдирүү таратышып, анда жолугушууну уюштуруучу тараптын күн тартибин бурмалоосу себеп болгондугун билдиришкен. Азиза Абдырасулованын айтымында укук коргоочулар Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, алардын ичинде саясий киши өлтүрүүлөр, журналисттерге кол салуулар, кыргызстандык жарандардын чет өлкөлөргө качуу себептери, Ноокат окуясы өңдүү талылуу маселелерди президент менен чогуу талкуулоо максатында аталган укук коргоочулар катчылыкка кайрылып, бир нече ирет талкуулар болгон:

- Биз нече ирет жолугушуп, жолугушууну (президент менен) даярдаган учурда бизди калыпка салганга катчылык аябай аракет кылды. Бул суроону бербейсиңер, бул проблеманы көтөрбөйсүңөр, бул суроону башкача түзгүлө деп, акыры ушунун баары эле силер көтөрүп аткан маселенин бардыгы президенттин курсунда отурат, силер президенттин курсун колдойбуз деп чыкккыла деп чыгышты. Мен чылылдап чыктым Ноокат жөнүндө президенттин курсунда айтылган жок, мен ушуну айткым келип атат, мисалы, четте качып жүргөн Эдил Байсалов же журналисттерге кол салуулар жөнүндо эч нерсе айтылган жок. Биз ошолорду факт менен айтышыбыз керек. Акырында барып андай жасалма жолугушуудан баш тарттык.

Мындай дооматты өз кезегинде президенттик администрациянын катчылыгы төгүндөп, президент менен жолугушуунун максаты жана көтөрүлө турган маселелер боюнча бир пикирге келе албай койгондугун айтты. Мындай билдирүүнү маалымат каражаттарына Катчылыктын талдоо бөлүмүнүн башчысы Мелис Жунушалиев жасады. Жунушалиевдин айтымында Катчылык бардык маселелерди чөп башылап козгоп, акырында бир пикирге келбей калуунун маанисиз деп эсептеп, ар бир бейөкмөт уюм башка коомдордун катышуусуз өз алдынча талкуулоо үчүн президентке кат менен кайрылууну сунуш кылды.

Президенттин жолугушуусунда бейөкмөт уюмдардын айрым бөлүгүнүн катышпай калышынын себептерин жолугушуучу тараптын бири да козгогон жок. Бакиев өзү болсо КМШ аймагында Кыргызстандай демократиялык нукта өнүгүп бараткан өлкө жок деп билдирди:

- КМШ аймагында демократиялык багытта өнүгүп бараткан Кыргызстанда өлкө жок. Кошуналарда деле, ал эмес Украниа менен Грузияны деле алсаңар ал жерде дүңгүрөгөн митингдер өтүп жатканы үчүн эле эмес, азыр жагдай ушундай. Мындай эбегейсиз жетишкендик менен мактана турган өлкөлөр аз.

Оппозиция болсо тескерисинче бийлик демократияны муунтуп жатат деп жар салууда. Буга далил катары “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 4-апрелдеги кошуна Казакстандан Кыргызстанга журналист менен саясатчынын киргизилбей коюшун келтирди:

- Мындай мурда таптакыр болгон эмес. Бул – саясий репрессиянын, тоталдык куугунтуктоонун бир көрүнүшү. Болбосо Конституцияны одоно бузуп, мындай ишке бармак эмес.

Коомчулукта президент Курманбек Бакиев бийликке келгени Кыргызстан демократиядан бура тартып, бийликке ыңгайлуу башкарууга өттү деген көз караштар аз эмес. Негизинен Кыргызстан бийлиги азыр Орусиянын башкаруу саясатынын изи менен баратканы да айтылууда.

- Кыргызстанда Орусиягдагыдай, Өзбекстанга да жакыныраак башкарууга ийкемдүү “кожо көрсүн” демократия куруп атпайбы. Баарын көзөмөлдөп, оппозиция дагы, жарандык коом дагы башкарылгыдай кылгысы келип атат бийлик. Ал көрүнүп эле турат, - деп билдирген саясат таануучу Марс Сариев муну акыркы мезгилдери Кыргызстанга тышкаркы жактан эркин ой жүгүрткөн көз карандысыз байкоочуларды киргизбөө аракеттери менен да байланыштырып, шайлоо алдында өз кызыкчылыгына доо кетип калбасын деп сактык үчүн жасап жатканын айтты.

Президенттин 5-майдагы жарандык коом лидерлери менен жолугушуусунан Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов шайлоого даярдыктан артык аракетти көргөн жери жок:

- Эч кандай жыйынтык чыкпайт мындан. Анткени бул шайлоого даярдык сыяктуу болуп атат. Бирок кеч болуп калды, кандай кылбасын, эл ишенбей калды азыр.

Ошол эле мезгилде президент менен жолугушууга катышкан укук коргоочулардын бири “Сезим” борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова бийлик менен жарандык коомдун кызматташтыгы боюнча көз карашы башка:

- Кандай караса ошондой карашсын. Бизге иш болсо болду. Биз дагы мүмкүнчүлүкту пайдаланып калалы дедик. Бул жерде жеке адамдар эмес, бийлик институту менен бейөкмөт уюмдардын байланышын түзгөнгө аракет. Кантип түзүлөрү бийликтен дагы, бизден дагы көз каранды.

Талдоочу Марс Сариевдин көз карашында жарандык коом дайыма бир бүтүн организм катары иштеши өтө оор дейт, айрыкча саясий окуялардын учурунда саясатчылар сыяктуу эле алардын ортосунда бөлүнүү күчөйт:


- Жарандык коом менен президенттин жолукканы жакшы. Бирок бир учурду эске алуу керек. Президенттик шайлоо жакындаган сайын жарандык коом да бөлүнүп атат. Бир жагы президент жакка, экинчи жагы оппозицияга ооп атат. Мен ойлойм, ушундай болот, анан ахыбал курчуп кетет.

Саясий иш чаралардын учурунда ушундай жагдайларды курчутууну каалабаган Коммунисттер партиясы болсо бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөнү көздөп жатат. Партия лидери, депутат Искак Масалиев бул максатта Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоорду иштеп чыкты. Бул мыйзам долбоору жарандык коомдордун саясатка аралаштырбоо максатын көздөөдө. Жакында президенттин Катчылыгы бул долбоорду кеңири талкуудан өткөрмөйүнчө кабыл алууга болбойт деп билдирди. Муну шайлоо алдындагы убактылуу алагды кылуу деген укук коргоочулардын активдүү тобу жарандык коомду ооздуктоо максатында бул мыйзам долбоорун кандай жол менен болсо да өткөрүү камын көрөрүн бөркүндөй көрүп турат.

Болжолдуу маалыматтарга караганда Кыргызстан эгемендик алгандан баштап пайда болгон бейөкмөт уюмдардын саны жүздөп саналат. Алардын активдүү бөлүгү каттоодо тургандардан он эсе аз экендиги айтылып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG