Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

М. Ниязов: Сырткы коркунучтарга Кыргызстан даяр эмес


Соңку учурда Ооганстан менен Пакистандагы кырдаал курчуп, Талибандын күчтөрү баш көтөрүп, жанкечтилердин чабуулу күчөп, согуш аракеттеринен улам эл-жеринен бозгон миңдеген качкындар пайда болду. Кыргызстанга чектеш Өзбекстанда да мамлекеттик күч органдарына каршы уюшкан топтор кол салган окуялар болуп жатат. Мына ушундай кырдаалда Кыргызстанда коопсуздукту бекемдөөнүн мааниси артууда. Сырткы коркунучка кенебестик 1999-2000-жылдары Кыргызстанда Баткен окуяларына алып келгени белгилүү. Ошондуктан ошол кейиштүү каталыкты кайталабай, сырткы коркунучтарга каршы турууга Кыргызстандын бийлигинин чама-чаркы, даярдыгы жетиштүүбү? Ушул өңүттөгү суроолорго Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов жооп берет.

- Ооганстан менен Пакистандын ортосунда болгон окуяга биз кайдыгер көз менен карабашыбыз керек. Анткени Ооганстан мурда болгон Кыргызстанга, жалпы Борбордук Азияга коркунуч алып келген, бүгүн дагы ошондой акыбалда биз жашап атабыз. Мына кайдыгер болуп жашап, 1999-жылы моджахеттер кирип келди бул жакка, кандай ызы-чуу болдук. Мамлекеттик коопсуздукту түшүнбөгөн мурунку бийлик ошондой кайдыгер көз менен кыргыз элин чоң коркунучка алып келди. Коопсуздук деген бир эле күндүк жумуш эмес, бул такай, күнүгө коопсуздук боюнча иштей турган жумуш. Тилекке каршы бизде ошол коопсуздук система жок болуп атат. Мен аны дагы бир жолу баса белгилеп кетишим керек, өзүбүздүн коргоо системабыз жок болуп атат.

- Сиздин божомолуңузда азыркы бийлик кандай аракеттерди көрө алат, эмне коркунуч күтүп турат бүгүн Кыргызстанды, Пакистан, Ооганстан, анан Борбор Азияда кечеки Өзбекстандын Ханабатты эске алганда?

- Бул жерде Өзбекстанда болуп аткан окуя элдин баарына маалымат болуп атса керек, тынч эмес болуп атат. Андан тышкары анча-мынча Тажикстанда дагы тынч болбой аткан мааалымат келип атат. Бул ичибизде болгон бийликке каршы потенциал бар. Ошол потенциал радикалдуу күчкө кошулуп кете турган күчтөр болуп калды өзүбүздүн эле арабызда. Ал эми коркунуч дегенибиз Ооганстандан келаткан, туура, бул бар, алар бизден тышкары өтүп кетет, бизге тиешеси жок деген ой менен жашоого болбойт. Бүгүн биз ага даярдык көрүшүбүз керек. Бизде Жамааттык коопсуздук келишми ( ЖКК) деген бар мурдагы Советтер Союзунун мамлекеттери кирген, ушулар бүгүн чара, даярдык көрүшү керек. Анын арасында Кыргызстандын дагы күчтөрү кирет. Бул жалгыз Кыргызстанга эмес, жалпы Орто Азияга коркунуч алып келе турган күчтөр болуп атат. Ошого биз даяр болушубуз керек.

- Кандай мүмкүнчүлүгү бар, эмне жасай алат ушул турушунда Кыргызстан?

Эң биринчи Улуттук коопсуздук кызматы алдын ала маалыматтарды алыш керек. Ошол Ооганстанда, Пакистан, Өзбекстанда кандай процесстер жүрүп атат, кандай коркунуч Кыргызстанга алып келип атат, ошого атайын күчтөр даяр болуш керек. Бирок мен айтып коеюн, мындай күчтөр жок. Анткени ага каражат керек, аз эмес, жакшы каражат керек. Өзүбүздүн коопсуздугубузду бекемдейбиз десек, бул жалаң эле энтузиазм менен бүтпөй турган жумуш, буга бир топ каражат керек. Бирок биздин атайын кызматтардын ыйлай турган эле бюджети бар. Ошон үчүн мен айта алам бүгүн, коопсуздук система түзүлө элек.

- Кыргызстан Ооганстанга байланыштуу Бишкек демилгеси дегенди көтөрбөдүбү, конференция өткөрөбүз деп атышат го бул жерде. Ошол канчалык таасир эте алат Ооганстандагы жагдайды турукташтырууга?

- Бул мындай - биз мүмкүнчүлүк берели, жерибизди берели, ушул жерден сүйлөшсөңөр сүйлөшкүлө деген эле ой. Ал эми Кыргызстан дүйнө жүзүндө эсептеше турган мамлекет эмес, муну биз туура түшүнүшүбүз керек. Бирок саясатта ортомчулук болуп, кандайдыр бир шарт түзүп берип дипломатия жолу менен болуп аткан оор акыбалдан Ооганстан менен Пакистан чыгып кетсин деген ой менен шарт түзүп берсек бул жаман эмес, жакшы нерсе.

- Дагы бир маселе, кырдаал Пакистан, Ооганстанда курчуп кетти, Борбор Азияга таасир этип атат деген азыр кооптонуу болуп атпайбы. Ошондон улам Кыргызстан Американын базасына карата өзүнүн чечимин өзгөртүшү мүмкүнбү, же жаңы демилге менен чыгышы мүмкүнбү ушул багытта? Ушундай сүйлөшүүлөр жүрүп атышы мүмкүнбү бийликте?

- Албетте, сүйлөшпөсө болбойт. Анткени бул маселени комплекс түрүндө караш керек. Ар кандай сырткы коркунучтарды, анан ички өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү, ошол эле авиа базанын мүмкүнчүлүктөрү кандай бар экенин талдап, ошого биз алдын ала даярдык күтүп алышыбыз керек. Авиабазаны мен мурунтан безилдеп айтып жүрөм, бул авиа база Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы эмес, бул улуттук кызыкчылыгына туура келе турган авиа база. Биз муну азыр кууп чыксак туура эмес болот.

- Америкалык базаны Кыргызстанда кармоо боюнча келишимди жаңылоого саясий эрки жетеби азыркы бийликтин?

- Мен булар авиа базаны чыгаралбайт деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күнгө чейин бир дагы даярдык жок анын чыгып кетиши боюнча.

- Сиз айтып кеттиңиз жаматтык коопсуздук келишим уюмунун мааниси жөнүндө, ошонун тез аракеттенүүчү жаматтык күчтөрү бар эмеспи. Алар жөнүндө документке 16-июнда Екатеринбургда президенттер кол коет деген маалымат бар. Ошонун түздөн түз милдети эмнеде болот. Ал кандай таасир этиши мүмкүн Борбор Азияда ошол кырдаалды жөнгө салуу үчүн?

- Жамааттык коопсуздук келишмине Орто Азиянын республикалары кирет. Анда атайын ыкчам аракеттеги күчтөр бар. Ооганстандан мүмкүн келип кала турган күчтөргө ЖККнун ушундай күчтөрү каршы туруп бериши керек.

-Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда биримдик жок, мисалы Тажикстан бир кылка карабайт, Ооганстандын өзүнүн саясаты бар, ушундай учурда Ыкчам аракеттеги күчтөрү бир нерсеге жарап бералабы?

- Жалпы ЖККга кирген мамлекеттерге коркунуч келсе, башыбызга иш түшсө, анда “байтал жорго болот” дегендей булар дагы келишимге келиши керек. Анткени өзүбүздү өзүбүз сактай албасак, биздин ким сактайт, анда биз багынып беришибиз керек аларга. Акылыбыз бар болсо биримдик күч менен туруп беришибиз керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG