Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Нурлан Мотуев: Бакиевди эч качан колдогон эмесмин


“Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери, 2009-жылы президенттикке ат салышкан Нурлан Мотуев ушул тапта “Бакиевдин кишиси” деп Ак үй алдында сүрөтү илинип турганына нааразы болууда. Ал соңку окуялар тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Нурлан мырза, соңку окуяларга кандай баа бересиз? Бакиев бийлигинин тагдыры ушундай болоорун күттүңүз беле?

Нурлан Мотуев: Мындай окуя болоорун албетте күткөн эмесмин. Бул окуяда бийлик талашкан оппозициянын да, бийликти бербейм деген мурдагы жетекчилердин да күнөөсү бар. Мен каза тапкандардын жакындарына чын ниетимден көңүл айтам.

Бакиев экономикабызды башка улуттарга башкартып, тарифтерди көтөрүп, 2005-жылдагы революция кылгандарды көчөгө темселетип коюп туура эмес кылды. Мен муну шайлоодо ачык айткам. Үй-бүлөлүк башкарууга жол берилип, кыргызды Максим Бакиев менен Оксана Малеваная башкарып калган. Мени “Бакиевдин адамы” дешет экен, мен эч качан анын адамы болгон эмесмин. Ак көңүл жаным 2005-жылы чын эле революция болуптур деп Кара-Кечедеги көмүрдү элге өткөрүп, бей-бечараларга бекер көмүр бердим. Кийин мени сотко беришти.

Азыр Отунбаева калыс бийлик орнотом деп кыйкырып атат. Анда ачык айтышсын, мен качан Бакиевдин адамы болдум эле? Маңдай терим менен иштеп, эки-үч Камаз көмүр иштетип топтогон акчама президенттик шайлоого кирдим. Ошондо да Атамбаевдин “Учур” гезитине окшогондор мени “Бакиевдин адамы” деп сындашкан. Кана? Шайлоодон кийин бир кызматка турдумбу? Калыссыңарбы, айткылачы?

- 7-апрель күнү сиз каякта элеңиз?

Нурлан Мотуев: Ал күнү мен Ысык-Атадан дааваттан жаңы эле келгем. Мончого түшүп, эс алып, үйдө керээлден кечке уктап жаткам. Атышып атат дегенди угуп жүрөгүм түшүп калды, мындайга барбаш керек болчу. Ок атпагыла деп ИИМге, башкаларга чалсам эч ким телефон албайт.

- Сиз такай сындап келчү оппозиция өкүлдөрү толугу менен бийликке келди. Алардын саясатын колдойсузбу? Алардын сизге мамилеси кандай болушу мүмкүн?

Нурлан Мотуев: Кандай болсо да былжыратып калпты жазышпасын. Ак үйдүн дарбазасына Бакиевдин кадрлары деп туруп Эшимкановдун, менин, Гуревичтердин сүрөтүн илип коюптур. Мен кандайча “Бакиевдин адамы” болуп калам, же бир күн мамлекеттик кызматта иштегенимди көрдүңөрбү? Ал жерде Малеванаянын сүрөтү жок, анан меникин илип коюшуптур. Калыстык кайда?

- Демек сиз 7-апрелдеги кандуу окуяга президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяны күнөөлүү деп эсептейсиз?

Нурлан Мотуев: Ооба. Ошол күнөөлүү. Максим мынчалык болот деп күтпөсө керек. Башка улуттун өкүлдөрү башкаруу саясатына аралашканда эле мен “кадр саясаты туура эмес жүрүп жатат” деп айткам. Кымбатчылыкка да каршы оюмду билдиргем. Анан мени “бакиевчи” дешет.

Мен убактылуу өкмөттөн да коркпойм. Отунбаева өзү Акаев-Бакиевдин кадры. Текебаев өзү Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүшүнө шарт түзүп берген. Атамбаев да кызмат берсе Бакиевди мактап, кызматтан түшүп оппозиция болуп алган. Булар менен мени салыштырып көргүлө, элге кылган кызматымды карагыла. Мен элге он миң тонна көмүрдү бекер бергем.

Бийликке биздей балдар келиш керек болчу, кайра күнөөкөр деп Ак үйдүн алдына сүрөтүмдү илбей. Убактылуу өкмөттүн теңинен көбү Акаев-Бакиевчилер. Мен булардын тарифтерди калыбына келтирген саясатын жана шайлоону алты айга чейин өткөрүш керек деген пикирин колдодум.

- Жаңы бийликти колго алган лидерлерди колдобосоңуз, анда сиз да алдыдагы шайлоого катышасызбы?

Нурлан Мотуев: Сөзсүз катышам. Президенттикке талапкер бол деп эл суранса катышам. Депутаттыкка сөзсүз катышам.

- “Учур” гезити боюнча иш эмне болду?

Нурлан Мотуев: Сотко берсе берсин. Алар журналисттик этиканы сактабай мени бир жактуу жамандап келишет. Элге жаман пикир түзүштү. Соту болсо карабай койду. Баса, мен Бакиевдин кишиси болсом “Пресс.kg” гезитин сотко бергенде жардам беришпейт беле. Жети ай сотко темселедим. Анан мен кандайча “Бакиевдин кишиси” болуп калам?

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG