Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Карылар мамлекеттик камкордукту талап кылууда


Улгайган адамдар пенсияны жогорулатууну, жол кирени арзандатууну жана медициналык тейлөөнү жакшыртууну өкмөттөн өтүнүп жатышат.

Бурул эне 79 жашта. Ал 10 жылдан бери Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде тамеки сатат. Бир күндө тапкан акчасы нанга гана жетет. Бир жарым миң сом пенсиясынын көбүн дары-дармекке коротот. Ал кыштын суугунда да, жайдын аптабында да көчөдө туруп иштегендиктен жөтөлөт, колу-буту көп ооруганын айтат:

- Ооруканага барсаң карыларды жакшы карабайт, дарылар болсо кымбат. Бир жарым миң пенсия алам. Жылуулук, муздак суу, жарык, таштанды үчүн деп да төлөйм. Баары кымбат. Ушул акча бир айга жетмек беле. Эт турсун сүт көрө элекмин. Пенсияны көбөйттүк деп айткан менен айрым төлөмдөрдү кайра көбөйтүп салды. Бийликтегилер ооздору менен эле орок орот.

Мындан эки жыл мурда кары-картаңдардын абалын бийликке жеткирүү максатында ар кайсы аймактарда өз ара жардам берүү топтору түзүлгөн. Эми ошол топтор 1-Октябрь - Карылар күнүн утурлай “Карылар иш-аракетти талап кылышат” деген акция уюштуруп жатышат. Акция учурунда пенсионерлер бийликтен пенсияны көбөйтүүнү, карыларга медицина жагынан кам көрүүнү жакшыртуу, коомдук транспортко жол кире акысын арзандатуу, мигранттардын үй-бөлүсүнө социалдык жактан кам көрүү өтүнүшөт. Калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук бирикменин башчысы Галина Хмелеванын билдиришинче, пенсиянын аздыгынан Кыргызстанда пенсионерлердин теңинен көбү өтө жакыр жашайт.

- 2009-жылы пенсия эки жолу көбөйдү, бирок инфляция менен кымбатчылыктын айынан бул жогорулатуу эч нерсеге арзыбай калды. Сүт азыктары абдан кымбаттады. Эт менен жумуртканы айтпай эле коеюн. Этти дээрлик жебей эле калдык. Эми улгайган адамдар кышты заарканып күтүп жатабыз, эгер азык-түлүктөр жана коммуналдык кызмат көрсөтүү дагы кымбаттаса айрым пенсионерлер жазга жетпей калышы ыктымал деп чочуп жатабыз.

Токмоктогу өз ара жардам берүү тобу 2008-жылы түзүлгөн. Алар аймактагы карыларга даректүү жардам берип, бийлик өкүлдөрүнө карылардын үнүн жеткирүүгө аракет кылышат. Топтун жетекчиси Раира Качкенова дарыгерлердин карыларга болгон кайдыгерлигин айтат.

- Бийлик кары-картаңдардын маселесин эстеринен чыгарып эле койгондой. Алар ушул убакка чейин уктап эле жаткандай. Бул багытта көп эле кемчиликтер бар. Бир эле мисал, тез жардам чакырсаң жашын сурайт. Эгер сексенде десең дароо башкача мамиле жасайт. Өз учурунда келбейт, кечигип келет. Айыл жерлерине болсо тез жардам жетпейт дагы.

Кыргызстанда аталган акция үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. 2008-жылы мындай акцияны 36 өлкө өткөрсө, быйыл 50гө жеткен. “Карылар иш-аракетти талап кылышат” компаниясынын менеджери Нурдин Сатаров кары-картаңдарга кам көрүү боюнча мамлекеттик программа жоктугун белгилеп, бул акция алардын айрым маселелерин чечүүгө көмөк болоорун айтты.

- Ушул багытта программа иштеп чыгып, өкмөткө тапшырабыз. Андан сырткары карылар жөнүндө мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү талап кылып жатышат. Саламттыкты сактоо тармагында медицина кызматкерлеринин карыларга болгон мамилеси, көз карашы жакшырса дешет. Ошондой эле гериатрия, геронтология тармагы өнүккөн эмес. Ошону талап кылып жатышат.

Ушул тапта Кыргызстанда 523 миң пенсионер бар. Жыл аягына чейин алардын саны 10 миңге көбөйөт. Өлкөдө орточо пенсия акы 2 миң сомдон ашат. Бүгүнкү акциянын уюштуруучулары улгайган адамдар арасында укуктары бузулуп, көп маселелер чечилбей, четте калган учурлар арбын дешет. Акциянын жүрүшүндө пенсионерлер бей өкмөт уюмдар, өкмөт өкүлдөрү жана депутаттар менен болгон жолугушууда жогоруда айтылган маселелерди ортого салышмакчы.

1-октябрь - Карылар күнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

XS
SM
MD
LG