Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Т.Акун: “Кулов ийнине кирген суурдай болуп жаткан”


Адам укуктары, өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, 7-апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча комиссиянын иши тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” маек курду.

- “Хюман Райт уотч” уюму убактылуу өкмөт 7-апрель боюнча иликтөө тууралуу комиссия түзө элек деп маалымат таратты. Чынында эле Кыргызстанда эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлбөй, 7-апрелдеги окуя иликтенбей жатканына эмне себептер болуп атат?

Турсунбек Акун: Биринчиден, азыркы абал өтө оор, убактылуу өкмөт бутуна туруш керек. Абалды стабилдештиргенге аракеттерди көрүп атат, жер, башка байлыктарды басып алып атышат. Ошон үчүн убактысы да, мүмкүнчүлүгү да жетпей атат.

Бирок, мен ойлойм, убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү кыргыз коомчулугунан жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн комиссия түзүп, ушуга саясий, социалдык, психологиялык, бардык жагынан баа бериш керек деген ойдо болот деген ишеним бар.

- Ал эми Акыйкатчы институту 7-апрелдеги кандуу окуя боюнча комиссия түздүңүздөрбү?

Турсунбек Акун: Жер басып алып кан төгүлгөн окуяны кошуп, 6-апрелден баштап 15-апрелге чейинки окуялар үчүн атайын комиссия түздүк. Буга Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын, эл аралык уюмдардын мүчөлөрү, Кыргызстандын белгилүү укук коргоочулары жана башка инсандар кирди.

Биз 9-10-майга карата журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, ушуну кабарлайлы деп атабыз. Ага чейин биз аябай катуу иштеп, бардык жагынан баа берип, бул төңкөрүш, же революция болдубу, себеби эмнеден келип чыкты, ушунун баарына чекит коюп, өзүбүздүн баабызды берели деп атабыз.

- Акыйкатчы институту мамлекеттик орган болгондуктан убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да сиздер түзгөн комиссияга кирдиби?

Турсунбек Акун: Жок, убактылуу өкмөттү принципиалдуу киргизген жокпуз. Анткени өздөрү баа бериш керек, анткени алар мамлекеттик чыныгы өкмөт да. Биз болсо мамлекеттик орган менен элдин ортосундагы көпүрөбүз. Биз акыйкатчы катары өзүбүздүн баабызды берели дедик. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү киргени болбой калат.

- Кечээ күнү сиз убактылуу өкмөткө адам укуктарын коргоону күчөтүү маселесин койдуңуз. Учурда убактылуу өкмөт адам укуктарына маани берип жатабы?

Турсунбек Акун: Азыр убактылуу өкмөт адам укуктарына маани бербей атат дегенден алыспыз. Анткени алардын иштегенине өтө аз убакыт болду. Анын үстүнөн алардын башына өтө чоң сыноолор, кыйынчылыктар келип атат. Бирок убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көптөгөн аракеттерди көрүп атат.

Биз азыр адам укугунда өтө одоно бузууларга жол берди деп айталбайбыз. Бирок кечээ атайын кайрылуу жасадык: мурдагы администрацияда, Жогорку Кеңеште, Конституциялык Сотто, мурда мамлекеттик органда иштеген кызматкерлердин баары азыр көчөдө калышты. Убактылуу деп эс алууга чыгышты, алардын үй-бүлөсү бар, жалгыз каражат - алардын айлык акысы болчу. Аларды да көчөгө таштабаш керек, профессионал адамдар бар, чоң кызматта иштебегендер бар, ошол адамдарды кызматка тартыш керек. Алардын да убал-сообу бар.

Андан тышкары басып алуу боюнча билдирүү жасадык, адамдардын байлыгын, жерин, мүлкүн ээлеп алуу бул адам укугун өтө бузуу болуп эсептелет.

- Убактылуу өкмөт жеке менчикти тоноого аракет кылгандарга ок атуу боюнча чечим кабыл алды. Буга кандай карайсыз?

Турсунбек Акун: Мен муну Феликс Куловдун чоң катачылыгы деп эсептейм. Ал киши буга чейин унчукпай жүрүп, Бакиевдин мыйзамсыз иштерге барышына чоң көмөк көрсөткөндөрдүн бири. Акыркы жылдарда кошомат кылгандардын бири да Кулов болгон.

Ноокат окуясы, Балыкчы, Петровка окуялары болду, Жекшенкулов, Исаков камалды, Кулов бир унчугуп койду беле? Кулов "ийнине кирген суурдай" болуп жаткан. Азыр эми кызматка илинип каламбы деп, жаңы өкмөт мүчөлөрү менен мамиле түзгөнгө аракет кылып, акылдуусунуп чыгып атканын чагым деп эсептейм. Анткени жаңы өкмөт мүчөлөрү ок чыгырбай эле көп маселени чечип атат, жер басып алгандарга дружина элди чыгарып чечип атат.

Мен ойлойм, өкмөттүн мүчөлөрү бара-бара бутка тургандан кийин ушундай чечим кабыл алса анда биз туура түшүнсөк болот. Анан бул жерде Куловдун демилгесинин негизинде кабыл алса мен ойлойм бул өтө одоно иш болот, жакшылыкка алып келбейт.

- Сиз убагында жакшы көргөн Бакиев экс-президент Минскиде “мен кызматымда калам” деп билдирүү таратып атат?

Турсунбек Акун: Биринчиден, ал кишинин арызынын оригиналы бар. Аны өкмөттүн мүчөлөрү, төрайымдын жардамчысы Эдил Байсалов бүт ММКларга көрсөткөн, оригиналы далилденген, ал кишинин өз колун тааныйм, дайыма резолюция коюп жүрөт бизге. Өзүнүн колу менен жазылганы анык.

Анан туугандары барып “байлыктарыбыздан айрылып калабыз, кайра баш тартыңыз” дешсе керек. Билбейм, муну Орусиянын президенти туура көрбөй, дүйнөлүк коомчулук кабыл албай атат. Кытай да убактылуу өкмөттү таанып атат. Анан жалгыз эле Лукашенкого жагып, барган жери Минск болсо тунган экенбиз да жеткен жерге. Жок дегенде Түркияга, Москвага кетпейби. Бүт дүйнөлүк коомчулук жаман көргөн Минскиге барбай.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG