Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

И.Өмүркулов: Кадр жагында жаңылануу көргөн жокмун


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу жаңы өкмөттүн курамдык сапатына баасын берет.

- Кечээ өкмөттүн курамы жарым жартылай бекиди. Көпчүлүк министрлер өз ордунда калды. Мунун себебин сиз кандайча түшүндүрөсүз?

Бул жалпы структуранын түзүлүшү өзгөргөнү менен мааниси өзгөрбөй калчудай болуп калып атат. Себеби кечээ күнкү иштеп аткан министрлердин баары тең бүгүн кайра эле орду-ордуна келишти. Менимче, алды беш жылга чейин иштеп калды. Булардан орчундуу иш илгерилеп кетет деп күтүүгө чоң күмөн.

- Премьер-министрликке Данияр Үсөнов дайындалганда социал-демократтар өкмөттүн жаңы структурасын колдоп, аны менен кызматташууну чечти деп билдирген элеңиздер. Өкмөт менен натыйжалуу кызматташуунун кандай жолдорун таптыңыздар? Буга чейин конструктивдүү, жарамдуу сунуш айтсак деле алар колдоо таппай келет деп айтып келбедиңиздер беле?

- Биз ал жолугушууда айттык, Социал-демократтардын фракциясы элдин душманы эмес. Биз дагы жалпы кыргыз элиндей эле патриотпуз. Бизди дагы колдогон шайлоочуларыбыз сунуш берип аткан, көп иштерди жасап аткан элибиздин-журтубуздун бир басымдуу бөлүгүнүн көпчүлүгүнүн ушул парлментте өкүлчүлүк болуп атабыз.

Ошондуктан биз көп сунуштарды бердик, ошону менен бирге дагы өкмөттөн айттык. Эмне үчүн биз берген сунуштар четке кагылып, кабыл алынбайт, эмне үчүн айткан сын-пикирлер эске алынбайт деген мааниде жолугушуу өттү. Андан тышкары мен бир-эки позиция боюнча сунуш бердим.

Мисалы, бүгүнкү күндө жалпы эле борбордук органдар өзгөрүп атат, ал эми региондор, территориалдык өзгөрүүлөр жүрбөй атат. Ошондуктан региондордун өнүгүшү дагы өтө оорго туруп атат. Ички миграциянын күчөшү, инфраструктуранын жоктугу алыскы облус, райондордо, алардын билим берүү боюнча, саламаттыкты сактоо боюнча маселелерди мисалга келтирдим.

Мисалы бүгүнкү күндө ядерно-магнитный томографтын болгону экөө гана бар экен Ошто жана Бишкекте. Ал эми калган региондор кантет, ооруп аткандар кантет, жол киреге каражаттары жоктору кантет. Ошон үчүн ушундай маселелерди жер-жерде чечипесе, бүгүнкү алдыга коюлуп аткан максаттардын баары тең элдин колдоосуна ээ болуп, жергиликтүү бийлик үзүрлүү кызмат кыла турган болсо, анда үмүттөнсө болот.

- Президент жарыялаган реформалардан майнап чыгаарына ишенесизби?

- Бүгүнкү өкмөт мүчөлөрүн карап туруп, кыргызда кеп бар эмеспи, кыздын сыры төркүнгө маалым дген, ошон үчүн мен ойлойм, жакынкы жарым жыл бул жалаң кадрдык дайындоолор менен гана бүтөт деп. Себеби канча министрлик, ведомстволор кошулду, ажыратылды, ар бир министрликтин алдынан жылдар бою калыптанып калган структуралар бөлөк жакка кетип атат. Алардын келечеги, же болбосо мындан ары иштей турган функциялары кандай болот. мунун баарын такташ үчүн бир топ убакыт керек.

Анан кадрдык маселе. Мына 17 жолу өкмөт алмашыптыр, ошонун ичинде бери жагы кеминде15де структура өзгөрөт. Ар бир структуранын өзгөргөнү менен далай такшалып калган жогорку билимдүү кадрлардын баары тең четке кагылып кала берди. Бүгүн келип республиканын деңгээлиндеги дайындалып аткан жетекчилердин баарын карап көрсөңүздөр, баягылар эле. Жаңы жаштарды, азыркы мезгилге ылайык, бийик деңгээлдеги менеджерлердин келгенин көргөн жокпуз.

- Эмне себептен бийлик жаңыча ойлонгон жаш кадрларды тартпай жатат?

- Бул жалпы кадрлык маселеде кетип аткан чоң мүчүлүштүктөр деп айтам. Кадрлар менен иштеген эч ким жок. Иштей тургандар четте калып атат, ал эми илең-салаң болуп жүргөндөрдүн баары бизге маалым да. Ошон үчүн тамыры өзгөрмөйүнчө, системада жылыш болот деп айтууга болбойт.

XS
SM
MD
LG