Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Т.Тургуналиев: Бийлик БЭКти жок кылуу аракетинде


Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Т.Тургуналиевдин пикиринде, бийлик оппозицияны түп тамырынан бери жок кылуу максатын көздөөдө.

Өлкөдөгү саясий кырдаал, Балыкчы окуясы боюнча соттун жүрүшү тууралуу БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев маалымат жыйынын өткөрүп, бийликтин стратегиялык максаты бириккен оппозицияны түп тамырынан бери жок кылып, жаңы бийликчил оппозиция түзүү экенин билдирди.

-Бириккен оппозицияны жок кылып, «ляп-пайчыл» ак-үйчүл оппозицияны түзүү. Себеби дегенде Курманбек Бакиев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин же мөөнөтүнөн мурда кетсе, анда өзүнүн балдарынан же туугандарынан ордуна калтырып кетүү аракети бар деп ойлойм.Бул менин жеке пикирим. Ошондуктан булар жол ачыш керек. Себеби дегенде булар көрдү. Президенттик шайлоодо Бакиев жеңген жок, уурулук менен кайра президент деп жарыялатып койду.

Топчубек Тургуналиев белгилегендей, ЕККУнун байкоочулары “Кыргызстандагы президенттик шайлоо эл аралык эрежелерге туура келген жок” деп баа берген. Анын айтымында, президенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмалоо менен өтүп, шайлоочулардын укуктары тебеленгени аз келгенсип, саясий куугунтук күчөдү.

Айрым талдоочулар болсо, оппозициянын ойлонулбай жасаган кадамынан улам, азыркыдай соттук териштирүүлөр болуп жатканын белгилешүүдө. Алардын баамында, 2007-жылы апрель митингисинде оппозициянын лидерлери элди таштап кетиши, 23-июлдагы президенттик шайлоодон байкоочуларын чакыртып алышы оппозицияга болгон элдин ишенимин биротоло жоготкон.

«Кыргызстанга жаңы күч, жаңы оппозиция келмейинче, бийликке азыркы оппозиция эч кандай таасирин тийгизе албайт»,-дешүүдө талдоочулар.

Саясат таануучу Жолборс Жоробековдун көз карашында кыргыз оппозициясы өздөрү ич ара ынтымакка келе алышпай, саясий лидерлердин дымагынын күчтүүлүгүнөн, алдыга койгон программаларынын жоктугунан, улам алсырап, эл алдында аброюн жоготту.

Маалымат жыйынында Балыкчы окуясына токтолгон Топчубек Тургуналиев: «Шайлоодон кийинки Балыкчыдагы сот, Петровка чатагынан улам камалышкан үч укук коргоочуга байланыштуу иш, бул - бийликтин оппозицияны жок кылуу боюнча атайын иш чарасынын башталышы»,-дейт.

-Бул биринчи эле тепкичи. Мындан кийин калган оппозициячыл депутаттарга кысым башталат. Азыр деле Бириккен оппозициянын далай жетекчилерине кылмыш иши козголуп, күндөн күнгө чакырып жатат.

Т.Тургуналиевдин пикиринде, азыр депутат Кубанычбек Кадыровдон кол тийбестик макамынан ажыратып кылмыш иши козголсо, кийинкиде СДП фракциясынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Иса Өмүркуловду дагы парламент кол тийбестик укуктан ажыратышы мүмкүн.

«Ак жол» фракциясынын айрым депутаттары болсо Балыкчы окуясына байланыштуу маселеге сот чекит коерун, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамды бузган адам анын даражасына, кызматына карабай мыйзамдын чегинде жооп бериши керектигин айтышууда.

Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев Балыкчыда айыпталып жаткан 19 адамга шаардык прокурор, Улуттук коопсуздук комитетинин жана милициянын кызматкерлери өздөрү таккан айыптары боюнча далилдерин оңдуу тактай албай, камактагы 10 адамга мыйзамсыз кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле, Балыкчы окуясы саясий тапшырма экенин белгилеп, шаардык соттун судьясы Болот Дүйшөмбиев жогорку бийликтин гана көрсөтмөсүн аткарып жатканын кошумчалады.

Балыкчы шаардык укук коргоо органдарынын өкүлдөрү болсо бул ишти мыйзамдын чегинде жүргүзүп жатышканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG