Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Созулган жыйынтыктан кийинки соттошуулар, ишин баштай албаган парламент


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын соттук териштирүү учурундагы акциясы. Бишкек, 5-ноябрь.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын соттук териштирүү учурундагы акциясы. Бишкек, 5-ноябрь.

Шайлоо жыйынтыгы чыкканы менен парламент алгачкы отурумуна чогула албай отурат.

Шайлоо жыйынтыгы боюнча соттошуулар бүтө электигине карабай президент Роза Отунбаева парламенттин алгачкы отуруму 9-ноябрда өтөөрүн айтып чыкты.

Соттук териштирүүлөр качан бүтөөрү белгисиз

Ошол эле учурда шайлоо жыйынтыктарына байланыштуу 9-10-ноябрга соттук кароолор белгиленген. Эртең Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту “Жашасын Кыргызстан” жана “Акыйкат” партиясынын арыздарын карамакчы. Ал эми 10-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын доо арызы каралат. Бул партия беш пайыздык чекти баштапкы калыбында, негизги тизмеде көрсөтүлгөндөй калтырууну жана Орусиядагы бир канча шайлоо бекеттериндеги шайлоо протоколдорун таанууну талап кылууда.

Президент Роза Отунбаева
Минтип соттук териштирүүлөр бүтпөй атса президент Роза Отунбаева парламенттин алгачкы жыйыны 9-ноябрда болоорун Кыргыз радиосундагы маегинде билдирди:

- Бешинде боло турган жыйынды биз тогузуна көчүрдүк. Анткени жанагы сот процесстери башталып кетти. 9-10-ноябрда да сот процесстери уланып атат. Партиялардын ичинде да өздөрүнүн тизмеси такталып, документтерди тактоо жүрүп атат. Бул процесс кичине узарып кетти.

Канткен менен коомчулукта президенттин бул билдирүүсүнө ишенбөөчүлүктөр, а түгүл мындай билдирүү мамлекет башчынын акыркы абалдан так маалыматы жоктугунан кабар берерин түкшүмөлдөгөндөр да жок эмес. Анткени соттук териштирүүлөр аягына чыкмайын парламент ишин баштай албасы бештен белгилүү. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү да "Азаттыктын" кабарчысына парламент эртең ишин баштаары тууралуу маалыматты тастыкташкан жок.

Эми Жогорку Сотко арыз жолдонот

Биринчи май райондук соту 4-ноябрда Коомдук парламенттин арызын карап, шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабын канаатандырган эмес. “Мекен шейиттери” кыймылынын жана “Замандаш” партиясынын да ушуга окшош талаптары четке кагылган болчу. Бирок Коомдук парламент райондук соттун чечимине макул болбой, өз талабын Жогорку Сотто коргой турганын билдирүүдө. Эгер райондук соттун чечимине макул болбогон тараптар ушинтип жапырт Жогорку Сотко кайрыла башташса парламенттин алгачкы отуруму дагы ары көздөй жылчудай.

Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымкул уулу эми Жогорку Сотко кайрылышаарын айтат:
Шайлоо жыйынтыктары боюнча арыздар Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

- Биринчи май райондук соту биздин талабыбызды канааттандырган жок. Жарандык-процессуалдык кодекстин беренелерине таянган экен. Кийинки биздин кадамыбыз, Жогорку Сотко арыздануу болот. Аны Жогорку Сотко Биринчи май райондук соту аркылуу өткөрөбүз.

Ошентип шайлоо жыйынтыктарына байланыштуу соттук териштирүүлөр качан соңуна чыгары дале белгисиз бойдон калууда. Борбордук шайлоо комиссиясы ырасмий дем алуу күнү болгонуна карабай бүгүн да өз ишин улантып, депутаттарды каттоо иш-чарасына камылга көрүүдө. БШК мындай жагдайда соттун чечимине жараша гана аракет кыларын, өз чечимдеринин тууралыгын коргоого даяр экендигин билдирүүдө. Демек соттук териштирүүлөр бүтмөйүнчө жаңы парламент да өз ишин баштай албачудай.


Парламенттик шайлоонун өткөнүнө болсо бир айга чукулдап калды. 10-октябрда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы созулуп отуруп, 22 күн дегенде, 1-ноябрда жарыяланган. Эми минтип соттук териштирүүлөрдөн улам парламент алгачкы жыйынына чогула албай отурат.

XS
SM
MD
LG