Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

КЭРКтин кеңсеси тинтүүгө алынды


Ишембиде прокуратура, коопсуздук кызматкерлери Кыргызстан элдик революциялык кыймылынын кеңсесине күтүүсүз барышты. Кыймылдын лидерлери бул иш-аракетти мыйзамсыз тинтүү деп баалашты.

Кыргызстан элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Роза Нурматованын билдиргенине караганда, иш кеңсеге шаардык прокуратуранын, коопсуздук комитетинин 10 кызматкери жана алар менен кошо күбө катары үч киши келип, кеңсени толугу менен тинтип, видеотасмага түшүрүп кетишти. Окуяга күбө болгон “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Мукар Чолпонбаев “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Ондон ашык кишиси кеңсеге кирип алыптыр. “Эмне кылып атасыңар?” десем, “Карап атабыз” дешти. “Силер тинтип атпайсыңарбы, бул кароо эмес” дедим. Ачыктан ачык тинтүү жүргүзүштү. Тинтүүнүн эрежелерин түшүндүрсөм болушкан жок, каалаганыбызды кылабыз деп.

“Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев иш кеңседе болгон окуяны 1936-жылдын башталышы деп баалады. КЭРКтин лидерлери ошондой эле окуяга менчикти коргойм деген президенттин жардыгы кагаз жүзүндөгү эле документ экенинин далили катары карашты.

Бишкек шаардык прокуратура ишемби күн экендигин эскертип, элдешкис оппозициянын иш кеңсесинде болгон окуя боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берген жок. Башкы прокуратуранын бейдарек калууну каалаган өкүлү революциялык кыймылдын кеңсеси тинтүүгө алынбагандыгын, жөн гана кароодон өткөрүлгөндүгүн, буга президент Курманбек Бакиевдин ар-намысына шек келтирген баракчалардын таратылгандыгы себеп болгондугун билдирди. Мамлекеттик бул эки мекеменин өкүлдөрү расмий маалымат дүйшөмбү күнү таратыларын эскертишти.

Ошол эле мезгилде КЭРКтин лидери Азимбек Бекназаров баракча издөөнү кыйкым издөө, сес көрсөтүүнүн кезектеги шылтоосу катары баалады:

- Тинтип коркутуп коебуз, бир нерсени табабыз, Бакиев кетсин деген баракчаны табабыз дешет. Бакиев кетсин деп Кыргызстанды кыдырып ачык эле айтып жүрөбүз. Элдин талкуусуна коюп атпайбызбы.

Элдешкис оппозицияга чыккан мурдагы ыңкылапчы, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун кыймылы президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү максаты менен акыркы айлары ишмердүүлүгүн күчөттү. Буга чейин Таласта, Аксыда жыйындарды куруп келген кыймыл 20-декабрда Бишкекте митинг өткөрүүгө камданып жатат. Айрым байкоочулар бул демилгени Бириккен оппозиция да колдойт деп болжошууда.

Ошол эле мезгилде 16-декабрда аймактарда акция өткөрүү камын “мусулмандар союзуна” бириккен Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуев да көрүп жатат. Бирок, бул топту жасалма оппозициянын катарына кошкондор да чыгууда. Маселен, талдоочу Табылды Акеровдун баамында бийлик бул кыймылды президенттик шайлоодо жолду тазалаш үчүн оппозициялык күчтөрдү басууга пайдаланылышы ыктымал:

- Бул атайын жасалып жаткан иш деп, көпчүлүк саясатчыларды ойго салып жатат. Бийлик позициясын бекемдеш үчүн жаңы ыкмаларды ойлоп, коопсуздук кызматы дагы кийлигишип, ушундай чараларды колдонушу мүмкүн.

Мунун жөнүн Акеров КЭРКтен айырмаланып, “мусулмандар союзунун” эл ичиндеги аракеттери эч кандай тоскоолдуксуз өтүп жаткандыгы менен негиздеди. Мусулмандар союзу мындай көз караштарга жооп кайтара элек. Расмий бийлик болсо башкы максатын экономикалык кризисти алдын алуу менен байланыштырып, оппозициянын аракеттерине сыртын салып турат.


  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG