Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:53

Алайдагы митинг: “Генералга – боштондук!”


Генерал Исмаил Исаковдун тарапкерлери кечээ Алайдын эки айылында митинг өткөрүштү. Бул иш-чарага райондун тургундары гана эмес Оштон барган коомдук-саясий уюмдардын лидерлери да катышып, бийликтин коомчулук үнүнө кайдыгер мамилесин кескин сындашты.

Жергиликтүү бийлик уруксат бербей койгондуктан Исмаил Исаковдун эки жүз жетимишке чукул тарапкерлери (алардын сексен чактысы атчандар) Алай районуна караштуу Сопу-Коргон жана Бүлөлү кыштактарында жеке кишилердин короосунда митинг өткөрүштү. Алар нааразычылык акциясын генерал Исаковду бошотуу талабы менен башташты.

- Биз – кыргыздын чыгаан уулу Исмаил Исаковдун бийик эли, ыйык Ата Журтубуз.
- Генералга – боштондук!
- Генералга – боштондук!
Сопу-Коргондон чыккан өкмөт мүчөлөрү Алайдагы абалды эмне үчүн президентке кирип айтышпайт?..

Нааразы эл, үн катпаган бийлик

Ардагер мугалим Сурма Исраилова учурда өкмөт курамында олтурган айрым жердештерине төмөнкүдөй өтүнүчүн жолдоду:

- Генералды мен окутканмын. Абдан зирек, жөндөмдүү бала эле. Азыркы өкмөт мүчөлөрү Акматбек Келдибеков, Марат Султанов да - окуучуларым. Булар Алайдагы кырдаал курч экендигин билип туруп эмне үчүн өлкө башчысына кирбей жатышат? Ооруганыма карабастан атайылап экөөнө жолугуп, эмне үчүн Исмаил Исаковду ак жеринен каматып коюп карап олтурасыңар? – деп, сурамакчы элем. Ырас, бизге окшогон карапайым кишилерди президентке жолотушпайт. Бирок тигил сопукоргондук эки министрди мамлекет жетекчиси кабыл алаарына көзүм жетет. Айтышсын элдин талабын, окуучумду абактан бошотууга жардамдашсын!?

Буга улай Кара-Дөбө айылынын тургуну Гүлбара Арзыкулова бийликтин зордук-зомбулугуна кабылган алайлыктардан бир жолу кабар албагандыгы үчүн Жогорку Кеңешти катуу айыптады. Мындан тышкары 11-январдан бери Сопу-Коргондо ачкачылык кармап, ошондой эле башка да нааразычылык акцияларына катышып жаткан кишилерден кабар алмак түгүл алар жөнүндө жалган маалыматтарды таратууга батынган депутаттарды “Ак жол” партиясы аркылуу чакыртып алуу маселесин көтөрдү.

- Алай эли ишенип эли-жери үчүн күйөт окшойт деп Жогорку Кеңешке эки уулун шайлаган эле. Биринчиси – Ажибай Калмаматов, экинчиси – Нургазы Айдаров. Ушулар уялбай-этпей, кичи Мекенине келбей туруп “ал жакта Исмаил Исаковдун туугандары эле чыгып атат” деп өкмөттүк телеканалдар аркылуу айтышыптыр. Эмне, Алайда элдин баары козголуп атканын алар билишпейт бекен? Эгерде алар жердештеринен кечирим сурашпаса, бийликке жагынуу максатында жанагындай арам оюндарын дагы улантышса, аларды депутаттыктан кайра чакыртып алабыз! – деп күйүп-бышты Гүлбара Арзыкулова.

(Бул арада “Ак жол” фракциясынын депутаты Нургазы Айдаров болсо мындай дооматтар негизсиз экенин, Алайдагы акция жөнүндө эч кандай маалымат бербегенин “Азаттыкка” билдирди.)

Ошол эле учурда Ош шаарындагы мыйзамдуулукту коргоо комитетинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев жер-жерлерде массалык баш ийбөө акцияларын күчөтмөйүнчө, бийликке таасир этүү кыйындагандыгын туюндурду:

- Сиздер мына ушул акыйкат сөздөрдү акимдин кулагынын түбүндө, губернатордун эшигинин астында жана борбордо кыйкырсаңыздар жакшы болмок. Ошондо мобул кулагы керең, көздөрү сокур болгондор жана жүрөгү өлүп бүткөндөр саамга ойгонуп, кичине кыймылдашат эле. Тилекке каршы, бүгүнкү бийликтин буга да шаасы жетпей калды.

Митингде президентке импичмент жарыялоо демилгеси да козголду
Мындан ары кайрылуу жасаштын кажети жок. Андан көрө президентти кызматтан кетирүүнүн амалын жасаган оң...

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев элди Ак үй эчак укпай калгандыгын айтып, ошондуктан, президентти кызматтан четтетүү зарылчылыгы бышып жетилгендигин билдирди:

- Мындан ары президентке же башкаларга кайрылуу жазыштын кажети жок. Себеби, Исмаил Исаковду өлкө башчысы өзү каматты да. Андан көрө ар жерде штаб уюштуруп, президентке импичмент жарыялоо боюнча кол топтоону күчөтүп, аны кызматтан кетирүүнүн амалын жасаган оң.

Сөз арасында Төлөгөн Келдибаев бийликтин булагы – эл экендигин баса белгилеп, 2005-жылкы убадаларынан тайып, өлкөдө авторитардык режимди орноткондугу үчүн президент Бакиев калктын алдында жооп берүүгө тийиш экендигин ачыктады.

Акциянын жүрүшүндө митингичилер кыргыз журтчулугун үй-бүлөлүк режимге каршы күрөштө биригүүгө, ал эми бийликти улуттун Исмаил Исаковдой, Аликбек Жекшенкуловдой, Эркин Бөлөкбаевдей, Сапар Аргынбаевдей тыңчыкмаларын куугунтуктоону токтотууга чакырышты. Мындан тышкары алар Кыргызстандын кен-байлыктарын, стратегиялык маанидеги ишканаларын жана жер аянттарын чет өлкөлөргө сатууга каршы экендиктерин билдирип, мамлекеттик органдарды мындайда жумурият кызыкчылыгын ойлоого үндөштү.
Генерал Исаков бошотулбаса биз мыйзамдан да тыш жоурктарды жасашыбыз ыктымал. Мындай кордукка мындан ары чыдабайбыз...

Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алай райондук комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиевге кайрылганыбызда, ал уюмдун кийинки кадамдары туурасында буларга токтолду:

- 10-февралда райборбор Гүлчөдө көп эл катышкан манифестация өткөрөбүз. Ошол жерде акыркы сөзүбүздү айтабыз. Эгерде генерал Исаковдун башы азат кылынбаса, биз мыйзамдан да тыш жоруктарды жасашыбыз ыктымал. Көрүп атасыңар бийлик ошентип эле атпайбы. Биз мындай кордукка мындан ары чыдабай калдык. А түгүл чукул кадамдарга барып, бийлик менен тирешүүдөн, керек болсо кагылышуудан кайра тартпайбыз!

Ошентсе да, Алай районунун акими Алмазбек Осмонов митингичилердин талаптары мыйзамсыздыгын белгиледи: - Чоң чиновниккеби же көчөдө жүргөн адамгабы, мыйзам бипбирдей. Бардыгыбыз ага баш ийүүгө милдеттүүбүз. Жанагинтип элүү же андан көп адам чогулуп, элдин атынан сүйлөөгө акысы жок. Ар бир киши өзү үчүн жооп берүүгө тийиш.

Райондук мамлекеттик акимчиликтин башчысы Алмазбек Осмонов нааразычылык акциясынын катышуучулары чектен ашып баратса, аларга карата чара колдонулаарын эскертти.

Мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковду 11-январда Бишкек гарнизондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Муну саясий чечим деп эсептеген Исаковдун тарапкерлери Бишкекте жана Алайда Коргоо комитеттерин түзүп, 13-январда ачкачылык акциясын башташкан.

Тасмада: Исмаил Исаковдун соттогу акыркы сөзү (2010-жылдын 11-январы)

И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

XS
SM
MD
LG