Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Эмилбек Каптагаев: Бийликтин куралы - кысым


“Улуу биримдик” саясий партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев оппозициянын акыркы аракеттери, өзүнө каршы козголгон кылмыш иши тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Эмил мырза, кечээ Бириккен оппозиция президентке 29-ноябрдагы Элдик курултайдын резолюциясы менен жаңы саясий системанын концепциясын 9 саясий лидер кол коюп, жиберген экенсиздер. Эмне максат менен жибердиңиздер?

- Президентке карата курултайда элдин ой-пикири, мүдөөсү, сөзү айтылды. Курултай үч ай мөөнөт берүү чечимин чыгарды. Ушу үч айда акылына келеби, өлкөнү жеке кызыкчылыкка эмес, элдин кызыкчылыгына, мамлекеттин кызыкчылыгына карай бура алабызбы деген сөз болгон. Ошол курултайдын чечимине ылайык, өнүгүүнүн жаңы концепциясы менен курултайдын чечимин биз расмий жибердик.

-Президенттен кандай жооп күтүп атасыздар?

- Эми президент дагы бир жолу карап көрсүн, өлкөдөгү абалга баам салсын деген ой. Президент ушул курултайдын чечимин алып эле “Силердики туура, жаңылыптырмын, жазыптырмын. Айлана-чөйрөм, үй-бүлөм – баары туура эмес иш кылып атыптыр. Токтотом” деп айтып ийиши кыйын. Бирок жакында эле “Азаттыкка” айттым эле президент деген бир заводдун директору эмес, өлкөнүн, элдин тагдырын мойнуна алган тарыхый киши. Тарыхый киши тарыхый иш жасашы керек. Эл үчүн, жер үчүн иштеши керек. Жок дегенде мөөнөтү бүтүп баратканда тарыхтагы ордун, атын ойлонобу деген ой.

- “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы менен бириккен оппозициянын сүйлөшүүсүнө кандай жагдайлар түрткү болду? Сүйлөшүүдөн кандай тыянак чыкты?

- “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков менен Бириккен оппозициянын жолугушуусунда азыркы саясий абалга карата көз караштарды тактоо, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну токтотуп, элдин кызыкчылыгына карай буруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча сөз болду...

- Бир пикирге келе алдыңыздарбы?

- Бир көз карашта тураарыбыз анык болду. Мындан аркы аракеттерди тактап, шайкеш келтирүү боюнча дагы жолугушуулар болот деп сүйлөштүк.

- Демилге “Акыйкат үчүн” кыймылы тарабынан болду го дейм?

- Бул жерде эки тараптан тең болду. Анткени өлкөнүн тагдырын ойлогон бардык күчтөр биригүү жөнүндө, өлкөнү кантип саздан чыгаруу жөнүндө ойлонуп атпайбы азыр.

- Өзүңүздөр билесиздер, акыркы үч жылдан бери эле өлкөнүн ички түзүмүнө карата, саясатына карата ачык оюмду билдирип келатам. Быйыл эле мына апрель-март айында Аксы окуясына байланышкан сотко өкүл болуп катыштым. Ысык-Көлдөгү Түп окуялары. Мына ушунун баары эле менимче түрткү болуп отурат. Анан ошол 2002-жылкы мага таптакыр тиешеси, байланышы жок болгон ошо кездеги ишти көтөрүп, байланышың бар деген жалаа, жасалма нерселер менен иш козгоп, аны сотко ашырышты. Менимче буга сот ачык-айкын өтө баштаганда коомчулук толук күбө болот.

Бул саясий куугунтук, болбогон нерселер менен кысым көрсөтүү, жеке адамга, үй-бүлөгө кысым көрсөтүү азыркы бийликтин негизги куралы болуп калды. Аны эл көрүп эле атпайбы. Мына Жекшенкуловго карата жасалган нерсе, Текебаевге карата эки жыл мурда жасалган “матрешка” маселеси, мындайлар толтура. Коомчулук азыркы бийликтин жүзүн ушундай окуялар аркылуу көрсө болот.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG