“ЭрК” партиясы Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган бардык атуулдарды экономикалык-социалдык туңгуюкка түшүүгө, жарандардын укугун биротоло тепсеп, кулга айландырууга, коррупциялашкан бийлик менен кландык башкарууга жана кен байлыктарды сатууга жок деп айтууга чакырды. Партия лидери Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү боюнча, буга Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн жоготуп, “ач кадырын ток билбейт” заманынын орногону түрткү берди:
- Эл нааразы, мындан кийин ушинтип жашай албайбыз деп калды. Башкача сөз менен айтканда революциялык кырдаал бышып жетилип калыптыр. Ошондуктан элдин Кыргызстан өзгөрөбү же ушинтип жашап жүрүп өлүп кетебизби деген көйгөйүн тең бөлүшүш үчүн биздин партия саясий кеңешинде ушундай чечимге келди.
Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү боюнча, партия чакырыгын негизинен түштүк аймактын элине багыттады. Анткени, президент түштүктөн болгондуктан бул аймак элинин арасында өзүбүздөн чыккан адамга өзүбүз каршы болобузбу деген куру намыс күчтүү. Ошондуктан, партия мамлекеттин келечеги үчүн мындай сезимди жокко чыгарууга мезгил жетти деген чечимге келген.
Партия нааразылык акцияларын 16-декабрь күнү Бишкекте жана жети облустун борборлорунда өткөрүп, ага чейин чакырыкты колдогон адамдар менен байланышып, уюштуруу иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүп жатат. Бирок, партия бийлик системасын өзгөртүү, президентти кызматтан кетирүү талаптары менен курултай өткөрүүгө кам көрүп жаткан башка партия жана кыймылдар менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес. Турсунбай Бакир уулунун баамында, революциялык кырдаал жетилип калгандыгын түшүнгөн эл партиянын чакырыгын саясий күчтөр менен алдын-ала сүйлөшүү же даярдыксыз эле колдоп аларына ишеним чоң. Андан тышкары Кыргызстандын келечеги үчүн чукул өзгөрүүлөрдү жасаш керектигин мамлекеттик кызматтагылар да түшүнүп, чакырыкты колдоого алса бийлик ири саясий чечимдерди тезинен кабыл алууга мажбур болот, дейт партия лидери.
Ал эми бийлик системасын өзгөртүүгө багыт алган “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов революциялык кырдаал түзүлдү жана бир эле партиянын чакырыгын бийлик уга калат деп айтуудан алыс экендигин билдирди:
- Туура, нааразылык абдан көп. Эл бийликке ишенбей калды. Бирок, эл бул партиянын чакырыгын азырынча колдобойт. Анткени, Турсунбай Бакир уулу буга чейин дагы көп билдирүүлөрдү жасаган. Эл азыр саясий окуяларды абдан мыкты талдап калды, алар кайсы саясатчы кайсы убакта кандай билдирүү жасагандыгын жакшы билет.
“ЭрК” партиясынын саясий кеңеши мындан тышкары президент 2005-жылкы президенттик, өткөн жылкы парламенттик жана октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоону легитимсиз деп жарыялап, бийликтеги колу кир кызматкерлер күнөөсүн мойнуна алып, кызматынан баш тартышса жаңы бийликти түзүүгө элге шарт түзөт деп билдирди.
Бийликчил “Ак жол” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Бегалы Наргозуев муну бийликке жетпеген партиянын ызасы деп баалап, мындай чакырык коомго таасир бербейт деп билдирди:
- Жеңилип калгандан кийин “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей эле сөз болуп жатат. Чакан бир партиянын мындай чечими өлкөнү козута турган кыймылдарга алып келбейт.
Ал эми партия жетекчилиги нааразылык акциясы менен президентти элдин талабын угууга мажбур кылып, жалпы коомчулуктун ар-намысы менен беделин көтөрүүгө бел байлагандыгын жар салды.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев болсо мындай чакырыктан эч нерсе чыкпайт, себеби, бул бир партиянын бийликке бар экендигин эске салган кезектеги гана сес көрсөтүүсү деп баалады:
- Мындай акциялардан натыйжа чыкпайт. Андан кыйын акциялар деле натыйжа берген эмес. Бул жөн эле утопия. Оппозиция менен бирикпей туруп кантип ушундай акцияларды жасай алат? Ушул Бишкектеги оппозициянын беш лидери бириге албай жатып, анан региондордогу элди ээрчите алабы? Региондордо наарызылык күчтүү экендиги чын. Бирок, Турсунбай Бакир уулунун артынан ээрчий турган адамдардын бар экендигинен менин күмөнүм бар.
Ал эми жалпы элдик революциялык комитет 18-ноябрда Талас шаарында курулдай өткөрүп, анын күн тартибине президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү талабын койгону жатат.