Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

Ош: А. Атамбаевди торогон тоскоолдуктар күчөдү


Президентикке талапкер А. Атамбаев менен жолугууга келген шайлоочулар
Президентикке талапкер А. Атамбаев менен жолугууга келген шайлоочулар

Ошто көрүнүктүү көчөлөргө Бакиевди мактаган чоң плакаттар илинди. Шайлоо Кодексинин талаптары одоно бузулуп, алардын биринде да буюртмачынын аты-жөнү, нускасы жана басылган ишкананын дайын-дареги көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин үгүтчүлөрүн коркутуп-үркүтүү күчөдү.

«Ата Мекен» партиясынын Ош аймактык төрагасы Төлөгөн Келдибаев президент Курманбек Бакиевдин түштүк жергесине сапарынан кийин кошоматчылыктын күнү тууду деп эсептейт.

-Бакиев Ош шаарына келип жолугушуу өткөргөндө «Бакиев биздин президент, Бакиев биз менен» деген сыяктуу жүздөгөн транспоранттар көтөрүлүп турду. Шайлоо кодексинде көрсөтүлгөн талаптардын баардыгы бузулду. Бүгүнкү күндө «Накта президент Бакиев» деген реклама такталардын заказчысы ким экени, ким каржылап атат белгисиз. Бул жерде шаардын башчысы Мелис Мырзакматов, Ош облусунун губернатору Аалы Карашевге окшогон кошоматчылардын мыйзамды сыйлабагандыгынын кесепетинен ушундай нерселер болууда.

Төлөгөн Келдибаев Шайлоо Кодексинин талаптарынын бузулушу боюнча тиешелүү уюмдарга кайрылышкандыгын, тилекке каршы, жергиликтүү бийлик унчукпай кутулуп жаткандыгын билдирди.

Түштүк борборунун көрүнүктүү көчөлөрүнө президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин плакаттарын илүү аракети жасалган. Бирок азырынча мындан майнап чыга элек. Бул туурасында социал-демократтар партиясынын мүчөсү Айнура Эрмекова төмөнкүлөргө токтолду:

-Ошол рекламалык щиттердин ээлери бизге- СДПКга арендага бергенден коркуп качып жүрүшөт. Бул бийликтин басмырлоосу деп айтсак болот. Таза шайлоонун болушуна кепилдик жок деп ойлойм.

Айнура Эрмекованын айтышынча, Атамбаевдин Ош шаарындагы экинчи штабы ушуну менен үчүнчү ирет журт которду. Себеби, менчигинин түрүнө карабастан кеңсе ээлерине укук коргоо органдары катуу кысым жасап, а түгүл күн көрсөтпөйбүз дегенге чейин барышкан.

Ал эми Бириккен Элдик кыймылдын Ош шаардык штабынын өкүлү Дилара Абдылдаева калаанын майда аткаминерлери Атамбаевдин тарапкерлеринин шайлоочулар менен жолугушууларын үзгүлтүккө учуратып жаткандыгын, мындан тышкары укук коргоо органдары алардын үгүтчүлөрүн ачык эле опузалоого ыктагандыгын маалымдады:

- Агитаторлорубуз азыр шаарда агитация кылып жүрүшөт. Буларды гезит таркатып жүрсө "сенин акың жок" деген милициялар чыгып атышат. Эмне үчүн Бакиевдин гезиттерин таркатышка мүмкүн, Атамбаевдикин таркатканга мүмкүн эмес?

Дилара Абдылдаеванын баамында, өлкө башчылыгына талапкерлерге бирдей шартты түзбөгөн мэрге жана анын карамагындагы кызматкерлерге Шайлоо Кодексине ылайык чукул чаралар көрүлбөсө, нааразычылык ырбап олтуруп азыркы бийликке каршы чоң күчкө айланып кетиши күтүлөт.

Анткени менен «Ак жол» партиясынын түштүк борборундагы жетекчиси Кубаныч Исаковдун айтымында, Курманбек Бакиевдин плакаттары илинген жайлар менчик мекемелерге таандык, үндөөлөрдүн бардыгы мыйзам чегинде жасалган. Демек, жөнөкөй нерсени саясатташтырып, жумурткадан кыр издөөнүн кажети жок.

Ошол эле учурда Ош шаардык шайлоо комиссиясынын билдиришинче, президенттикке талапкерлер же алардын ишенимдүү өкүлдөрү ар бир үгүт материалында буюртмачынын аты-жөнүн, нускасын, басылган күнүн жана ишкананын дайын-дарегин даана көрсөтүүгө милдеттүү:

-Үгүт материал кайсы типографияда, канча нуска, качан чыкты баардыгы көрсөтүлөт. БШКда агитация топтор карайт, эгерде ошондой факты болсо, анда мыйзам чегинде кайтарып алдырат, - деди Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев «Азаттыкка».

XS
SM
MD
LG