Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:13

Апта окуясы: Президент кайрылуу, оппозиция ачык кат жолдоду


27-январда президент Курманбек Бакиев телеберүү аркылуу жалпы улутка кайрылды. Кайрылуу чыгаары менен оппозиция президентке ачыкк ат жолдоп, кызматтан кетишин талап кылды.

Президент Курманбек Бакиевдин акыркы кайрылуусунун маанайына караганда мамлекеттик бийлик азыр карапайым элдин, жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн – жалпы коомчулуктун назарын улуттун ар тараптуу өнүгүшүнө бурууну максат кылгандай.

- Инновациялар менен улуттук өз алдынчалуулукту сактоонун, рынок менен мамлекеттик жөнгө салуунун, демократия идеялары менен өлкөнү башкаруунун ортосундагы акылга сыярлык тең салмактуулукту камсыз кылуу зарыл, - деп билдирген президент жарандардын аймактык бүтүндүгүн, экономикалык, маданий өз алдынчалуулугун, татыктуу жашоосун, саламаттыгын, акыл деңгээлин, дүйнөлүк жана жергиликтүү кырдаалга жараша башкарууну улуттун башкы таламдары катары белгилеген.

- Сунуш кылынган багытты аткаруу үчүн жоопкерчиликти мен өзүмө алам. Сөзүмдүн акырында бүгүн айрым саясый позициялар жана жеке пикирлер эмес, бардык таламдаш күчтөрдүн, жарандардын өлкөнү чындап алга илгерилетүүгө катышуусу мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү экендигин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Биздин Мекенибиз бир, жерибиз бир, жана конструктивдүү сунуш киргизген ар бир добушка биз алардын кайсы партияга таандык экендигине жана саясый ниеттерине карабастан, кулак төшөөгө даярбыз,
- деп аяктаган президент өзүнүн улутка жолдогон кыска кайрылуусунда.

Президенттин бул кайрылуусун коомдук-саясий чөйрө бир кылка кабыл алды деп айтууга болбойт. Тескерисинче демейде катардагы сын менен чектелген бириккен оппозиция президентке ачык кат жазып, анын кызматтан кетишин талап кылып чыкты.

Президент үй-бүлөлүк, кландык бийлигин сактап калуу, авторитардык режимди бекемдөө максатын көздөп жатканы жазылды ачык катта. Оппозиция президент өлкөнүн, улуттун бүтүндүгүн, экономикалык көз карандысыздыкты баары талкаланып бүткөндөн кийин көтөрдү деп, ага каршы аргумент катары Каркыра жайлоосуна, энерготармактарды сатууга, “Салык кодексиндеги” патент жагдайына, мектептерде окуулардын убактылуу токтотулушуна, жумушсуздукка, калктын билимдүү катмарына кам көрүлбөгөнүнө, оппозициялык партиялардын, саясатчылардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарга байланышкан маселелерди келтирген. Оппозиция президент өлкөнү оор абалга кирептер кылды, жарандардын укуктары менен эркиндиктерине кепил боло алган жок, Конституциянын 50-беренесинин 1,2-бөлүгүн бузду деп жазды ачык катта.

Президентти кызматынан кетирүү талабы жеке эле ачык катта эмес, саясий акцияларда да коюларын БЭКтин бир мүчөсү, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков “Азаттыкка” билдирди. Генералдын ишендиргенине караганда, талаптар мыйзамды кыйшаюусуз сактоо аркылуу ишке ашат жана адегенде ачык кат жолдоонун жөнү да ушунда болду:

- Акцияларды өткөрөрдүн алдында өзүнө кат жолдодук. Окуп, өзүнүн кемчиликтерин түшүнүп, жетер жерге жеткенин өзү түшүнсүн деген ой менен биз эл аралык нормалардын, адамгерчилик нормалардын чегинде өзүнө кайрылып, кемчиликтерди көзүнө айтып жатабыз.

Оппозициянын президентке акыркы талаптарды кое башташына улам күчөп бараткан саясий кысымдар түрткү берип жатканы коомчулукта кеңири айтыла баштады. Оппозициянын ана башында турган саясатчылар Исмаил Исаковдун, Аликбек Жекшенкуловдун, Өмүрбек Текебаевдин моюндарында кылмыш иштери илинип турат. Ага жараша бул саясатчылар эки жакка чыгууга мыйзам жол берген жери жок.

Буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп турганда кыянат иштерди жасады деп Равшан Жээнбеков издөөдө жүрөт. Эмил Каптагаевдин ишин сот териштирип жатат. Ишенбай Кадырбеков бир жылга жакын убакыттан бери камакта отурат. Акыркы жолу “Ата Мекен” саясий партиясынын Таластагы жолугушуулары жапырт тоскоолдуктарга учурап, партиянын өкүлдөрүн каршы топтор жумуртка, картошка ыргытып, каршылык көрсөтүштү. Бул иштердин бардыгы коомчулукта дээрлик оппозицияны куугунтуктоо катары бааланып, президенттик шайлоонун алдында оппозицияны алсыздандыруу максаты менен байланыштырылууда. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев муну Кыргызстанда бийлигинин оппозицияга каршы күрөшүнүн башынан келаткан классикалык ыкмасы катары баалады.

Бийлик тоталитардык ыкмага өтүп алды, үй-бүлөлүк башкаруу жагынан Акаевдин бийлигинен ашып түштү деген оппозиция азыр системаны алмаштырууну алдыга максат кылып, аны президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү аркылуу ишке ашырууну көздөп жатат. Буга сүрөөнчү болгон саясий жүрүштөр да жок эмес. Маселен, парламенттеги СДП фракциясы президенттик шайлоону эски Конституциянын негизинде быйыл октябрдын акыркы аптасында өткөрүү керек деп, Конституциялык сотко даярданып жатат.

Бул тууралуу фракция башчысынын орун басары Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Албетте өз кезегинде муну жеңил-желпи билдирүү деп санаган парламенттеги Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов Конституциялык Сот жокко чыгарган мурдагы баш мыйзамды кайра “тирилтүү” аракети бир да мыйзамга сыйбайт деген жообун берген болчу.

Президент Курманбек Бакиевди импичмент жолу менен кетирүү демилгесин көтөрүп, 150 миңге чейин кол топтоп койгонун каттоодо турбаган Кыргызстан патриоттору партиясынын лидери саналган Назарбек Нышанов маалымдоодо. Анын айтымында импичментти жактагандар азыркы президентти стратегиялык объектилерди сатып, коррупцияга, трайбализмге жол берип, сөз эркиндигин, адам укуктарын кысып атат деп негиздөөдө. Конституцияда көрсөтүлгөн эрежени эске алганда импичмент демилгеси ишке ашары күмөн. Ошондон уламбы өз алдынча аракеттенип жаткан бул демилгенин негиздери үндөш болгону менен, оппозиция президентти кызматтан кетирүүнүн бул жолуна маани берген жери жок.

Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, оппозиция президентти кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабын эми акциялар аркылуу да койгону жатат:

- Биз ошонун үстүнөн иштеп атабыз. БЭК мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча чоң акция кылууга азыр даярданып атабыз.

Президенттин маалымат кызматы оппозициянын бул дымагында негиз жок экенин белгиледи:

- Биздин оппозиция "кетсин" деген гана саясат жүргүзүп келатат. Азыр президенттин мөөнөтүнөн мурда кетишине эч кандай укук дагы, шарттар дагы, жүйөө дагы жок, - деди президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Турдумамбетов.

Президент Курманбек Бакиев бийликтен кетиши керек деген алгачкы талапты “Реформа үчүн!” кыймылына кирген оппозиция мындан эки жыл илгери коюп, аны ошол эле үй-бүлөлүк башкарууга, жеке кызыкчылыкка жетеленди, Конституцияны бузду деген өңдүү дооматтар менен негиздеген Ал кездеги талаптарга жообун президент Жогорку Кеңеште берген болчу:

- Президенттин бүгүн отставкага кетишине шарт жок, себеп жок, кааласаңар элге кайрылгыла. Президентти отставкага кетирүүнүн өз эрежеси бар: кантип кетирет, ким кетирет, өзү кантип кетет, отставкасы кандай болот. Билбегендер окуп алгыла, Конституцияда баары жазылган.

Ал эми ошол мезгилдери Улуттук телеканалга берген интервьюларынын биринде президент:

- Булар ойлоп атса керек дагы эле баягы Акаевдин мезгилиндегидей президенттин баласы турса кой, ушуну кылып кое берейин деп. Андай жок, мына мен ачык айтып коюшум керек, менин балдарым бир дагы: кичине болобу, чоң болобу, бир да ишке аралашпайт. Кимде-ким чоң баласы, кичине баласы, ушуга жамынып алып... дегендерге түк ишенбеш керек, - деген үй-бүлөсүнө, бир туугандарына байланыштуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Анткен менен президенттин бир туугандары, балдары мамлекеттик башкарууга, менчиктештирүүгө киришип жаткандыгы тууралуу божомолдордун аликүнчө аягы тыйылган жери жок. А түгүл анын акыры кансарайдагы тирешүүлөрдүн коомчулукка ачыкталышына чейин жетти деген пикирлер кечээ жакында эле президенттик администрациянын кийинки кадрдык которуштурууларына чейин тынымсыз айтылып келди.

Байкоочулардын бир даары президенттин акыркы аракеттерине, анын ичинде президенттин өз Катчылыгын, Ордо Кеңешти түзүшүнө, кадрдык которуштурууларды жүргүзүшүнө, акырында элге кайрылуу менен чыгышына коомчулуктун сын-пикиринен тыянак чыгарып жатканы катары карап жатышат.

Андай көз караштагы талдоочулардын бири Марат Казакбаев:

- Менимче, президент коомдун, оппозициянын сынын так сезди. Экономикалык, административдик реформа жылбай атат, жүрбөй атат. Жылыш үчүн, менимче, ушундай кардиналдуу өзгөрүп атат.

Оппозициялык маанайдагы саясатчылар өз кезегинде бийликтин акыркы аракеттеринен президенттик шайлоо алдында элди өзүнө тартуунун айла-амалын көрүп жатышат.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде:

- Бүгүн Кыргызстан социалдык, экономикалык, моралдык оор ахыбалга келип калды. КМШ боюнча, дүйнө жүзүндөгү ахыбал боюнча эң төмөн түшкөн мамлекет болду. Кыргыздын акылы, намысы бар болсо, эл-жерибизди колдойбуз десе бир дагы адам бул саясат менен макул болбош керек. Бүгүнкү бийликтин Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей турган мүмкүнчүлүгү жок.

Президент Курманбек Бакиев башында турган азыркы бийликтин дарегине коюлган мындай дооматтарынын айрым өңүттөрүнө учурда жергиликтүү укук коргоочулардын жоон тобу да тилектеш болууда. Укук коргоочуларды ириде азыркы бийликтин адам укуктарына, эркиндиктерине жана маалымат каражаттарына мамилеси тынчсыздандырууда.

Оппозиция болсо нааразылык акцияларын качан баштаары тууралуу маалымат тараткан жери жок. Эл оозунда болсо жазында кайрадан нааразылык акциялары башталат экен деген божомолдор кайрадан айтыла баштады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG