Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Оппозиция: Атасы үчүн баласы жазаланабы?


Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков эки айдан бери баласы Бахтиярды издеп таппай келатат.
Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков эки айдан бери баласы Бахтиярды издеп таппай келатат.

Оппозициядагы саясатчылар бийлик алардын өзүн гана кысымга албастан, балдарына да ар кандай формадагы коркутуп-үркүтүү аракеттерин жасап жаткандыгын билдиришүүдө.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловдун баласы жакында эле кызматынан алынды. Бул тууралуу депутат өзү “Азаттыкка” билдирди. Эсеп палатасында адис болуп иштеген баласынын жумуштан четтетилүү себептерин так түшүндүрүп бере албастан, ал мекеменин кызматкерлери жогору жактан "ушундай команда болгон" деп, ийин куушуруп жооп кайтарышкан. Иса Өмүркулов ошол эле баласы кириптер болгон соңку дагы бир окуяга депутат мындайча токтолду:

-Бир күнү кечинде ИИМдин атайын машинелери уулумдун машинесин кысып токтотуп, колдорун бурап күч менен машинеге салып, наркодиспансерге алып барып, алкоголь ичимдиктерине жана бангизаттарына текшерүүдөн өткөрүшүптүр. Эми мындай нерсе жөнөкөй кетип бараткан жаранга жасалбайт да. Мен ойлойм, бул бүгүнкү күндө мага жасалган моралдык кысым.

Айрым саясатчылар мындай окуялар жаңылык эмес, ата-энелеринин саясий көз караштары үчүн балдарын коркутуп-үркүтүүгө алуу фактылары мурдагы президент Аскар Акаевдин да тушунда орун алгандыгын айтышууда. Маселен, Жогорку Кеңешке СДП партиясынан депутат Бакыт Бешимов президент Курманбек Бакиевдин саясатын Аскар Акаевдин саясатынын уландысы деп баалап, бир нече жыл мурун анын балдарына көрсөтүлгөн кысымдарды санап берди.

-Токсон сегизинчи жылдары келинчегим кенже уулумду мектептен алып кетип баратса, жолдон милиция кызматкерлери токтотуп, машинесин тинтип, нашаа бар экен деген сыяктуу жолдорго барат. Улуу уулум ал кезде Бишкекте студент эле. Ага болсо: "атаңа айтып кой, тынчтансын, болбосо өзүңөн көрө бер" деген сыяктуу коркутуулар абдан көп болгон.

Учурда депутат Бакыт Бешимовдун эки уулу тең чет өлкөдө билим алып, иштеп жатышат. Оппозициядагы “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов анын үй-бүлөсү саясий куугунтукка ачыктан-ачык эле алынып жатканын айтат. Мисалы, өткөн жылдын соңунда оппозиция лидерлери өткөргөн элдик курултай алдында Жекшенкуловдун уулу журналист Алишер Саиповду өлтүрүүдө колдонулган курал катышкан чатакта болгон деген шек менен күнөөлүүлөр катарына кошулуп калат.

-Алишер Саиповдун атылышы жана дискотекада болгон атыш боюнча баллистикалык текшерүү тээ бир жыл мурда эле анык болуп, анын жыйынтыгы маалымат каражаттарына жарыяланган болчу. Анан кандай эле курултайга аз калганда ошол иштер боюнча күбө катары суралып келген уулум күнөөлүүлөр катарына кошулуп калат. Мен муну саясий гана куугунтук деп түшүнөм.

Оппозиция өкүлдөрү балдарына байланыштуу жогоруда айтылган бардык окуяларда коркутуп-үркүтүү амалын жасаган бийликтин тиешеси бар деп жүйөө келтиришүүдө. Ушундан улам чындап эле бийлик бутактарында отурган төбөлдөр башкарган мамлекетинин жарандарын кысымга алууга барабы? Оппозициянын айыптоолору канчалык денгээлде негиздүү деген сурообуз менен президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевге кайрылдык.

-Эгерде мурда иштеген жерлеринде кызмат абалынан пайдаланып, туура эмес иштерге барса же экономикалык тартип бузуу фактылары орун алган болсо, албетте, укук коргоо органдары атайын бир чараларды көрөт. Муну саясатка аралаштырып, ар кандай куруу дооматтар менен бийликти жамандай берген туура эмес,-деп жооп кайтарды Нурлан Шакиев.

XS
SM
MD
LG