Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

7-январь - Ыйсанын туулган күнү


Бүгүн Кыргызстанда да православ христиандары чиркөөлөргө келип, шам жагып, кудайга жалынышат. Алар дасторкон жайып, жакындар менен майрамдашат. Католиктер бул күндү Григориан календары боюнча белгилешсе, православдар Юлиан календары боюнча белгилеп келишет.

Он бир жаштагы Костя Ыйсанын туулган күнүнө карата бүгүн апасы менен таң эрте чиркөөгө келген. Бул жерде шам жагып, кудайга сыйынды. Ал эми кечинде энеси даярдаган даамдуу тамактардан жеп, достору менен ойноп, айтор бул майрамды көңүлдүү өткөрөм дейт:

- Бул эң сонун майрам да. Былтыр чиркөөгө келе албай калгам, мына бүгүн келдим. Маанайым жакшы, анан досторубуз менен бири-бирибизге конокко барып, ойноп, жыргайбыз.

Костя өңдүү Ыйсанын туулган күнүн белгилөө үчүн борбор калаадагы чиркөөгө жүздөгөн православдар келишкен. Бул жерде майрамга карата кудайга сыйынуу жөрөлгөлөрү өттү. Чиркөө кызматкери Андрей Курявиндин айтымында, бул ирээт келгендердин саны жылдагыдан көп болгону байкалды:

- Дал ушул күнү дүйнөгө куткаруучу келген. Ал - кудайдын уулу. Ал эми бул майрам ыйманга чакырган, ыйык майрам. Андыктан мен бардыгын куттукайм. Бакыт-таалай, ден-соолук каалайм.

Чиркөөнүн алдындагы мектептин окуучусу Валерий бул жерде түндөн бери жүрөт. Анын айтымында, бул майрамга карата чиркөөгө келген жаштардын саны барган сайын арбып жатканы байкалат:

- Карасаңыз, элдер өтө көп. Жаштар да түндөн бери эле агылып жатат. Ыйса пайгамбардын туулган күнү - ыйык майрам. Жаштардын көбү аны Жаңы жыл сыяктуу эле шаан-шөкөт менен майрамдашат.

Даамдуу тамак-аш, жакшы маанай, түнкү төлгөө

Бул күнү православдар дасторкон жайып, бири-бирине мейманга барышат. Жакындарга белек-бечкек беришип, жакшы каалоолорду арнашат. Инна Васильеванын айтымында, майрамдык тасмалга сөзсүз түрдө күрүчтөн жасалчу кутю деген тамак даярдалат:

- Кутю - бул күрүч менен балды аралаштырып, жүзүм, жаңгак кошкон таттуу тамак. Негизи эле ар бир кожойке майрамда тамак-ашты түрлүү кылып жасаганга аракет кылат. Анын үстүнө орозо бүтпөдүбү, эми баарын жей берсе болот.

Бул майрам түнү көбүнесе кыздар төлгө салышат. Христиан дини төлгөгө тыюу салганы менен, бул ыйык күнү келечекти билүүнү каалагандар аз эмес. Алардын бири Вероника да түнүчүндө төлгө салаарын айтат:

- Көптөр алтысынан жетисине караган түнү төлгө салышат. Мен бүгүн түнү болочок жолдошум кандай болоорун билейин деп атам. Ал үчүн караңгыда шам жагып, маңдайга күзгү коюп коюу керек. Чачты жазып, тарак менен тарап,“болочок жолдошум көрүнсүн” дейсиң. Анан уктаганда түшкө жолдош болчу жигит кирет.

Ошентип Ыйсанын туулган күнүн православдар жакшы маанайда майрамдашууда.
XS
SM
MD
LG