Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Ошто кырдаал оор бойдон


Аскерлер Оштун борбордук көчөлөрүндө, 11-июнь
Аскерлер Оштун борбордук көчөлөрүндө, 11-июнь

Таңга маал Ошто кырдаал кайрадан курчуп, атышуулар уланууда. Акыркы эки күндөгү тополоңдон мерт болгондордун саны элүүгө жетип, жаракат алгандар 650 адамдан ашканын саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Бүгүн таң эртең Оштогу Макаренко атындагы орто мектептин жанында жардыруу болду. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Аймактагы кабарчыбыз журналисттер тобу менен шаарды кыдырууга чыгып, жаалданган топтун кол салуусунан араң качып кутулушканын кабарлады.

Кабарчыбыздын айтымында, ок атышуу дале уланып, айрым жерлерде кайра талап-тоноочулук башталды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдылда Капаровдун айтымында, чукул кырдаал жарыяланган аймакта өткөн түнү абал бир аз турукташып калды, бирок кабарчыбыз айрым жерлерде кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканы байкалып жатканын айтат.

Бишкектен кошумча күчтөр келгени менен эл топтолгон жерлерде гана аскер күчтөрү бар, эл жок жерлерде көрүнбөйт. Соода борборлору жана дүкөндөр көпчүлүгү өрттөлүп, таланып-тонолгондуктан шаар тургундары азык-түлүккө өтө муктаж. Шаар башчынын биринчи орун басары Тимур Камчыбековдун айтымында, азыр бул багытта жергиликтүү бийлик ойлоно элек. Алар кырдаалды тынчытуу менен гана алек.

Аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев шаар башчынын биринчи орун басары Тимур Камчыбековго таянып кабарлашынча, саат онго чукул Геологдор шаарчасында атышуу болду. Маалыматка караганда, номуру жок унаа минип, бет кап кийген белгисиз адамдар шаардын ар кайсы бурчуна барып ок чыгарып, бүлүк салуу менен элди бири-бирине кайраштырууда. Шаар башчынын биринчи орун басары бул адамдар кимдир бирөөлөр тарабынан атайын жалданган болушу мүмкүн деген ойдо. Шаар бийлиги жана милиция өкүлдөрү ар кайсы улут өкүлдөрү менен жолугушуп, элди тынчытуу аракетинде. Шаар ичине башка аймактардан келген куралчан топтор да кирип кеткени айтылууда.

Бул арада Human Rights Watch эл аралык уюму Оштогу кагылышууларды басыш үчүн дүйнөлүк коомчулукту ыкчам аракет көрүүгө чакырды. Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз-өзбек этникалык кагылышууларын токтотуу үчүн Убактылуу өкмөткө дүйнөлүк коомчулук тез арада жардам бериши керек” деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Адам укугун коргоочу эл аралык уюм бул билдирүүсүн Кыргызстандын Ош шаарында соңку тополоңдо кеминде 46 адам өлгөнү, 632 адам жаракат алганы айтылгандан кийин жасады. Уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Андрея Берг ушул күндөрү Ошто жүрөт. Ал “Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тез арада ал жакта аракет көрбөсө этникалык конфликт дагы курчуйт”, - деди.

Убактылуу өкмөттүн басма сөз борборунун башчысы Фарид Ниязов Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева азыр кырдаалды жөнгө салуу боюнча үзгүлтүксүз жыйындарды өткөрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, Убактылуу өкмөт ИИМдин жана күч кызматтарынын ардагерлерин жардамга чакырган кайрылуу жасады. Фарид Ниязов ошондой эле чынында азыр күч жетишпей жатканын, өткөн түн абдан оор болгонун, азыр да Ошто бир канча маалелер күйүп жатканын ырастады. Анын айтымында, азыркы негизги максат - ИИМди жана куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү. Маалыматка караганда, тополоңго аралашкан топтордун көпчүлүгүндө курал бар. Убактылуу өкмөттүн басма сөз борборунун башчысы ошол эле учурда азырынча тыштан кошумча күч суроо ниети жоктугун билдирди.

Мындан сырткары Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун өтүнүчү менен убактылуу өкмөт жергиликтүү “Ош ТВ”, “Мезон” жана ДДД телеканалдарынын ишин убактылуу токтоткону кабарланды. Буга аталган телеканалдар аймактагы улуттар аралык мамилени курчутуп жатат деген себеп негиз болду.

XS
SM
MD
LG