Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Ошто журналисттерге кол салуулар күчөдү


Оштун борбордук аянтына чогулган журналисттер. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Оштун борбордук аянтына чогулган журналисттер. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Оштогу калабадан кийин журналисттердин өмүрү кайрадан коркунучка кабылып, өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактарда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салуу, коркутуп-үркүтүү, барымтага кармоо аракеттери күчөгөн чак.

Деген менен чөлкөмдүн коменданты пресса кызматкерлеринин коопсуздугу катуу көзөмөлдө экендигине ишендирсе, Убактылуу Өкмөт аларды сак болууга чакырууда.

Оштогу кандуу калабаны алгачкы күндөрү жергиликтүү массалык маалымат каражаттары ачык чагылдырууга батынган жок. Анын себебин өкмөтчүл “Кыргыз Туусу” гезитинин аймактык кабарчысы Жыпар Акунова мындайча түшүндүрдү:

-Биринчи күнү эч ким эч жакка чыга алган жок. Биз азыр деле коркуп араң келип атабыз. Бир журналистибиздин үйү күйүп кетти. Азыркыга чейин журналисттер кооптуу райондордон келе албай жатышат.

Ош областтык акимчилиги ырастагандай, бийликке караштуу үч тилде чыгуучу облустук гезиттер этникалык араздашууга байланыштуу жарык көрбөй калды.

Ошол эле учурда журналисттердин айтымында, тополоң учурунда кызматтык милдетин аткарып жүргөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө зомбулук күчөдү. Мисалы, ЭлТРдин кабарчысы Авазбек Айтиевди белгисиз адамдар опузалап, кысым көрсөтүшкөн. Ал эми аталган телекомпаниянын оператору Расул Насирдиновдун машинасын талкалап, өзүн темир союл менен токмоктошкон.

Буга улай улуттук биринчи телеканалдын журналисти Гүлбара Кенжеева жана оператору Ибрагим Ашуров жумушуна баратышканда бейтааныш жигиттер кол салып, автоунаасын оодарып, өздөрүн барымтага кармоого аракеттенишкенде, качып кутулушкан.

Отунбаеваеванын Оштогу сапары
Ошон үчүн жергиликтүү медиа айдыңында эмгектенгендер мындай терс жоруктарга көбүнчө чет өлкөлүк журналисттердин Оштогу окуяларды бир жактуу чагылдырышы себеп болуп жаткандыгын билдиришүүдө.

- Мен айрым массалык маалымат каражаттарына көз жүгүртүп олтуруп абдан таң калдым. Өзбек улутун ким кырып атыптыр? Бул жерде анык согуш жүрүп жатат. Андан сенсация жасоонун кажети жок. Убактылуу Өкмөт чет өлкөлүк журналисттердин кыргыздарды зулум кылып сүрөттөгөнүнө эмнеге унчукпайсыңар? Басма сөз кызматыңар оозуна талкан сугунуп алганбы? Кана, кайтаруу уюштуруп, коопсуздугубузду камсыз кылгылачы? Баарыбыз чогуу иштеп, элди бейтарап маалымат менен үзгүлтүксүз камсыз этели! Антпесек, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө жаман көрсөтүп бүтүштү го,- деген эле 5-каналдын кабарчысы Нурлан Адаев 18-июнда Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Оштун коомчулугу менен жолугушкан учурда.

Буга жооп иретинде сүйлөгөн Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева журналисттердин өзүн да чыр-чатакты чагылдырууда кыраакы болууга чакырган.

Ошого карабастан, медиа уюмдар белгилешинче, Ош жергесинде ушул тапта журналисттик өнөр абдан опурталдуу кесипке айланып олтурат. Башаламандыкты эптеп токтотууну ойлогон укук коргоо органдары кабарчылардын коопсуздугун камсыз кылууну унутуп таштады. Ош аймагынын коменданты, ички иштер министринин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков өз кезегинде журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга бардык аракеттер жумшалып жатканын билдирген.

Серепчи Санжар Тажиматовдун оюнча, азыркындай кыйчалыш кезеңде Убактылуу Өкмөт мурдагы бийликтин журналисттерди бөлүп-жарган катачылыгын кайталоону токтотуусу абзел. Андан ары массалык маалымат каражаттарынын бардыгына менчигинин түрүнө карабастан тегиз мамиле жасап, алардын бирдей өнүгүүсүнө шарт жаратканда гана коом илгерилей тургандыгы анык.

Бул арада өлкө түштүгүндөгү өзбек тилдүү журналисттер да ар кандай кысымдарга, тоскоолдуктарга кабылып жатканын айтышууда. Маселен "Азаттыктын" өзбек кызматы ("Озодлик") түштүктөгү өзбек журналисттери коркунуч астыда калганын, Жалал-Абаддагы "Дийдор" гезитинин башкы редактору Улукбек Абдусаломов жана азырынча аты-жөнү тактала элек дагы бир оператор жигит камакка алынганын жазып чыкты. Бул радиого интервью берген аты-жөнү айтылбаган оштук бир журналист Улукбек Абдусаломовдун камалышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

Ошол эле учурда Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов "Азаттыкка" Улукбек Абдусаломов улуттар аралык араздашууну уюштурган деген айып менен кармалып, камакка алынганын, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG