Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Түштүк коогалаңы жана идеологиялык өксүктөр


Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ түштүктөгү тополоңдун кайра кайталанып кетүү коркунучун четке какпайт. Алар дале адамдар жоголуп, айрым жайлардан ок атылып жатканын буга мисал катары айтышууда.

Бир нече бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ түштүктөгү тополоң болгон аймактарды кыдырып, качкындардын лагерлерине чейин барышкан. Алар бул окуяда бир гана этнос жабыркады, укуктары бузулду деген айрым пикирлерге кошулбайт. Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү ондогон адамдардын өмүрүн алган бул окуяны өлкөдө жалпы улутту бир Кыргызстандын алдында бириктирген идеологиянын жоктугунун кесепети деп баалашты. Ошондой эле алар окуянын чыгышына коррупция да себепкер болгон деп эсептешет.

Кырдаалга мониторинг жүргүзгөн топтун өкүлдөрү Кыргызстанда күч структуралары катуу иштебесе тополоңдун кайра кайталанып кетүү ыктымалдыгы бар деп эсептешет. Алар муну адамдардын жоголуп, “жашыруун согушу” жүрүп жатканы менен далилдөөгө аракеттеништи. Ошондой эле укук коргоочулар тартип коргоо жана коопсуздук кызматынын абалды турукташтуруу боюнча уюштуруу иштерин сындап жатышат.

- Ал жакта азыр көп сандагы курал-жарактар дагы алына элек. Экстремисттик жана радикал күчтөр бар. Жөнөкөй кыргыз менен жөнөкөй өзбектин ортосунда чатак жок. Уюштурган атайын топтор бар. Алар дагы уюштуруп жатышат. Кырдаал тынч эмес. Экинчиден, күч органдары, атайын улуттук кызматтар эч иш кылган жок, кылса да тескери кылып жатышат. Кээ бир өзбек айылдарына күч органдары барган эмес, өздөрү баргандан коркот. Ошондуктан окуя кайталанып кетпеши үчүн алар күнү-түнү абдан катуу иштеш керек,-деди мобилдик топко кирген укук коргоочу Уран Рыскулов.

Мобилдик топтун өкүлдөрү окуя мечиттерде азан айтуу менен башталганын эске алып, мечиттерди да текшерүүгө алууну сунуштап жатышат. Байкоочуларды ошондой эле белгисиз адамдардан жергиликтүү тургундардын телефондоруна кандуу окуянын болуп кетүү ыктымалдыгын эскерткен ар кандай СМС билдирүүлөр келип жатышы кооптондурууда.

Ал эми Ош облустук комендантынын басма сөз кызматынын өкүлү Рахматулло Ахмедов Ошто кырдаал турукташып калганын айтып, тартип коргоо органдары колдон келген аракеттерди жасап жатканын белгиледи:

- Ош шаарында жана Ош облусунда ички иштер органдарыны өз жумуштарын керектүү деңгээлде алып барышууда. Элдин колунда мыйзамсыз түрдө сакталган курал-жарактарды жана мергенчилик үчүн уруксат берилген үчүн ок атуучу куралдары чогултуу иштери токтоосуз улантылып жатат. Ош шаарында бир да жабык деген көчө жок. Жалпысынан кырдаал туруктуу.

14-июлда эларалык Human Rights Watch уюму Кыргызстандын түштүгүндө укук коргоо органдары адамдарды туш келди кыйноолорго алып, камаганды улантышууда. Мындай көрүнүштөр тез арада токтотулбаса, улуттар аралык кагылышуулардын кайталанышына алып келиши мүмкүн”, - деген билдирүүсүн тараткан болчу.

Уюмдун баяндамасында мына ушул өңдүү окуяларга кабылгандардын басымдуу бөлүгүн өзбек улутундагылар түзөрүн белгилеген. Ушундан улам Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүү сунушу да айтылууда. Маселен, кечээ АКШ президенти Барак Обаманын коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси Майк Макфол кыргыз өкмөтү Европа коосуздук кеңеши уюмунун (ЕККУ) эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнү колдогонун, бул маселе Казакстанда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында такталаарын билдирди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Салтахан Жолдошеванын баласы Абдулло Жолдошевди өздөрүн комендантмын деп тааныштырган адамдар алып кеткен. Кийин баласын коменданттык саатка шылтап көргөзбөй, сүйлөштүрбөй койгон:

- Жөндөн жөн, себеби жок балдарыбызды алып чыгып кетпесиз. Номуру жок унаа менен келип алып кетишти. Мен комендантмын деп айтышкан. Баламы унаага салып алып качты. Улуттук коопсуздук кызматына барганда мени эч кимиси киргизбей коюшту.

Мобилдүү топтун өкүлдөрүнүн айтымында, түштүктө кырдаал жеңил эмес болсо да жергиликтүү тургундар эл аралык полиция күчтөрдүн, деги эле сырттан тынчтык күчтөрүн киргизүүгө каршы. Алар абал ушунча турукташкандан кийин мындан ары да жакшыртууга өлкөнүн кудурети жетерине ишенишет.

Мобилдик топтун өкүлдөрү түштүктөгү окуяны көбүртүп-жабыртып таратып жаткан атайын топ болду деп божомолдошууда. Алардын бири Баялы Саркулов сырттан келген кандай гана өкүлдөр болбосун алардын максатын так билүү зарыл деп эсептейт.

- Ачыгын айтыш керек, бул өзбектердин эле колунан келген нерсе эмес. Бул окуяны көбүртүп-жабыртып, ортодогу жаңжалды күчөтүүнү көздөгөн атайын топ иштегени байкалат. Маалыматты бир тараптуу, бир улутту эле жабыркады деп бере берсек, экинчи тарап сөзсүз кыжырданат. Ошондуктан такташ керек. Бир нече уюмдардан келип, Ошто Жалал-Абадда иштеп жаткандарды эмне максатта келгендигин да так билишибиз керек.

Укук коргоочу Уран Рыскуловдун айтымында, коогалаң болгон аймактын тургундары Убактылуу өкмөттүн келечекте жасалчу план-максаттары, абалды турукташтырууга аракеттер тууралуу ачык айтпай жатканына нааразы:

- 1930-жылдары Америкада улуу депрессия учурунда Рузвелт үч ай бою эки сааттан мен келсем абалды оңдойм, ишенгиле мен багам деп радиодон түшпөй отуруп алган. Азыр Убактылуу өкмөттөн ишенимдүү кишини көргөн жокпуз. Алар эч канадй өзүнүн максаттарын айткан жок. Эмне кылат, кандай чараларды колдонот, анын жолдору кайсы? Мына ошо айтылбай жатат.

Мобилдик топтун өкүлдөрү бул багытта өкмөттү ачык болуусун өтүнүштү. Алар элдин өтүнүчтөрүн, суранычтарын жана өздөрүнүн элдерден мыйзамсыз алып жүргөн курал-жарактарды чогултуу, гуманитардык жардамдарды таратууну улантуу жана жашыруун согушту токтотуу боюнча сунуштарын президент Роза Отунабевага бүгүн-эртең жеткиришет.

XS
SM
MD
LG