Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Илхамжан Абылкасымов: 90-жылдын кайталанышына жол бербешибиз керек


"Азаттыктын" архивинен: Оштогу башаламандык, 14-май, 2010-жыл
"Азаттыктын" архивинен: Оштогу башаламандык, 14-май, 2010-жыл

Ошто түнүндө болгон тополоңдун айланасында Өзгөн шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Илхамжан Абылкасымов “Азаттыкка” маек куруп, элди сабырдуулукка чакырды.

- Өзгөн шаарында азыр абал кандай, элдин маанайы кандай болуп атат?

Илхамжан Абылкасымов: Кудайга шүгүр, Өзгөндө тынч.

- Эч кандай кооптонуу, же тополоңдун белгилери жокпу?

Илхамжан Абылкасымов: Элдин арасында кооптонуу белгилери бар. Ал Оштогу болуп өткөн окуяга байланыштуу. Бирок аксакалдар, акылман адамдар бардыгын элге туура түшүндүрүп, бийлик бар, ал бардыгын карайт, эч кандай кооптонууга негиз жок деп айтышууда.

- Ушул араздашууну ким уюштурушу мүмкүн? Кандай күчтөр турушу мүмкүн? Кандай кептер жүрүп атат?

Илхамжан Абылкасымов: Буга ар ким өзү баасын берсе керек. Эң биринчи кезекте буга мамлекет баасын берет. Менин оюмча, мамлекеттик саясаттын, адамдардын кадырын билбегендердин иши болсо керек. Болбосо 5-6 бала эле тополоңунан баштап, эки улут араздашып, күнөөсүз адамдар жабыр тартып атат.

Биз, Өзгөн, Ош, Кыргызстандын эли, 1990-жылы болгон окуяны көргөн адамдарбыз. Ошон үчүн улуу жаштагы адамдар, улуу-кичүүлөр, достор, баарыбыз бири-бирибизге туура маалымат берип, эки эл бир атанын, бир эненин балдары экенибизди билишибиз керек. Ошон үчүн өзбек болобу, кыргыз болобу баарыбыз бир Кыргызстандын элибиз.

Аларда эч бир жаман түшүнүк, жаман ой, араздашуу болбошу керек деген идеяны адамдарга айтып жатабыз. Ошон үчүн колубуздан келген аракетибизди жумшайбыз. Бизде балдарыбыз, элибиз, Кыргызстаныбыз бар. Ошон үчүн криминалды, бийликти, байлыкты эңсеген адамдардын сөзүнө кирбешибиз керек. Биз канча кылымдардан бери бирге жашаган адамдарбыз. Бизде бары жакшы болуш керек. Кыргыз туугандарды, өзбек туугандарды да, башка улуттагыларды да чакырат элем, бүгүн бир ой болуш керек, келечекти ойлош керек.

- Ушундай араздашууларды болтурбоо үчүн, жаңжалдарды чыгарбоо үчүн дагы кандай кошумча чаралар керек деп ойлойсуз?

Илхамжан Абылкасымов: Ар бир адам өзү жөнүндө, балдарын ойлош керек. Өзүнүн тегерегинде турган адамдарга туура маалымат бериш керек. Ошону менен бирге биздин мамлекет ушуну уюштурган адамдарга катуу жаза бериш керек. Бүгүн адамдардын аң-сезимин иштете турган учур келди. Баарыбыз адамзат дегенди сыйлоону бүгүн үйрөтүшүбүз керек.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG