Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Ош: Кымбаттаган азык-түлүк, кыйчалган турмуш


Оштогу борбордук базар, 2010-жылдын 12-августу
Оштогу борбордук базар, 2010-жылдын 12-августу

Оштуктар азык-түлүк кымбаттап жатышына кыжаалат. Аймактык монополияга каршы комитети кымбаттоолордун себебин борбордук базардын көчүрүлүшү менен түшүндүрүүдө.

Жээналы Батыров базарга түшүп азык-түлүк сатып алмакчы болгон. Бирок ундун кымбаттаганын көрүп акчасын эмнеге жеткирээрин билбей турган чагы. «Базарга көзөмөл жок, ар ким өз каалаганындай баа коюп, баарын кымбаттатып жиберишиптир» дейт Жээналы Батыров.

-Ун өткөндөрү арзан эле. 750-800 эле, азыр мына 1000ге чыгыптыр. Албайын десең бала-чака ачка калат. Жанды багыш керек. Ун адамга керек экен. Кийимди го эми эскисин жамап-жаскап, тигип алып кайра кие берет экенсиз, курсакты тигип кое албайт экенсиң да. Азыр базарда 5 сомдук дарбызды 20 сомго сатып жатат. Көзөмөлдөгөн киши жок. Каалаганы каалагандай сатып атышат. Макарон, шекер бүт кымбаттап кетиптир. Шекер 55 сом болуп калыптыр. Кыскасы тиричлик кыйын болуп калды да.

Кардарлардын мындай суроосуна сатуучу Жоомарт Мадылбеков аларга ун кымбат келип жатканы менен түшүндүрүүдө. Жоомарттын айтымында, баалар көтөрүлгөндөн бери сатып алуучулардын саны азая баштаган. «Мунун айынан соодагерлер дагы зыян тартып жатабыз» дейт ун сатуучусу:

- Азыр Казакстандан буудай бизге чыкпай жатат. Уну дагы келбей жатат. Ошого байланыштуу бизде дагы ундар кымбат болуп жатат. Ундардын баасы бир ай башта 720-750 сом болчу. Азыр ошол эле ундардын баасы 950-980 сом болуп жатат. Ун кымбатаган сайын элдин алышы деле аз. Өтүшү кыйын. Мурда күнүнө 100-150 кап сатсак, азыр 30-40 кап сатып жататбыз.

Бирок базарда айрым азык-түлүктөрдүн арзандай баштагандыгын байкоого болот. Азык-түлүк сатып олтурган дагы бир соодагер Дилбар Талипованы кепке тартканыбызда ал буларга токтолду:

- Бышыкчылык болгонгобу, же элдин баарында күрүч барбы, күрүчтөрдүн баардыгы азыр арзандап жатат. Мурда мисалга, бул күрүчтөрдү 57-58 сомдон алсак, азыр 53 сомго алып жатабыз. Күрүчтөр арзандап кетти десек болот. Бирок, гречка, май, шекер көтөрүлүп кетти. Маселен, эки күн мурун шекерди 43 сомдон алып жаттык эле, азыр 47-48 сомдон алып жатабыз. Ак кантты дагы 50 сомдон алып жаттык эле, азыр 53 сом болуп калды. Азыр дагы, майлар кымбаттап жатат. Мурда 5 литрлик пахта майын 310-320 сомдон алып жаткан болсок, азыр 330-350 сомдон алып жатабыз.

Ал эми облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитети учурда кымбатчылык болуп жатат деген сздөрдү четке кагууда. Комиттеттин өкүлү Төлөгөн Келдибаевдин айтымында азыр бышыкчылык болуп, дыйкандар тапкан ташыганын базарга алып келип, арзан гана сатып кетишүүдө:

- Учурда Ош облусунда жана Ош шаарында азык-түлүккө болгон кымбаттолор байкала элек. Анткени, азыр дыйкандар эгиндерин, мөмө-жемиштерин, алып келип көңүлүнө туура келеби, же жокпу сатып жиберип кетип жатышат.

Деген менен жергиликтүү серепчилер алдын алуу иштерин жүргүзбөсө кымбаттоолор жакынкы убакыттарда мындан дагы күч ала тургандыгын айтышууда. Серепчи Чынарбек Алипбеков азык-түлүккө болгон баа дагы да өсүп олтурса элдин нааразылыгы күчөп кетээрин эскертүүдө:

- Бизде Ош шаарында азык-түлүккө болгон баалардын кымбаттоосу 25-30% чейин болуп кетти. Бул деген улуттар аралык араздашуудан кийин кыйналып турган элге, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылгандай болуп жатат да. Азыр го болуптур, элде гуманитардык жардамдан келген ун, башка азык-түлүктөр болуп турат, ал түгөнгөндөй балээ ошондо башталат. Ушуну эми өкмөттөгүлөр алдын алып, маселени чечпесе, элдин чоң нааразычылыгы пайда болот.

Анткен менен шаардык монополияга каршы комитет Ош шаардык борбордук базардын көчүрүлүшүнөн улам шаардагы азык-түлүккө болгон бааларды көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү жоктугун кабарлоодо. Аталган комитеттен билдиргендей, жаңы базарларга отурукташкан соодагерлер товарларын өздөрү каалагандай нарк менен сатышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG