Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Кандуу калабаны иликтөө жыйынтыгы кечигүүдө


Оштогу коогалуу күндөр, 12-июнь.
Оштогу коогалуу күндөр, 12-июнь.

Түштүктөгү калабаны иликтөө боюнча Улуттук комиссия ишинин жыйынтыгын декабрда чыгараарын бүгүн жарыялады. Ага жакында Кыргызстанга келип ишин баштаганы жаткан Эл аралык иликтөө коммиссиясы менен биргеликте иш алып баруу жана айрым орчундуу учурларды кайрадан тактоо жагдайлары себеп болду.

Этникалык араздашууга алып келген башаламандыктарын чыныгы себептерин иликтөө боюнча Улуттук комиссия ишинин жыйынтыгын 15-сентябрга чейин жарыялоону убада кылган. Бирок кандуу окуялардын кесепеттерин жана аны уюштурган чагымчыл күчтөрдүн чиеленишкен аракеттерин иликтөө мерчемделгенден көп убакытты талап кылды.

Шайлоо бүтсүн...

Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеев иликтөө иштеринин жыйынтыгын убагында чыгарууга шайлоо өнөктүгү да таасир эткендигине токтолду:
Комиссия мүчөсү Жыпар Жекшеев Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылынын тургундары менен жолугушууда, 5-август.

- Окуяга байланышкан абдан көп маалыматтарды кайрадан карап, текшерип чыгуу зарылчылыгы болуп жатат. Экинчиден, шайлоо алдында саясий факторлор да терс таасирин тийгизбесин, саясий өнөктүк бүтсүн дегенбиз. Ал аягына чыкмайын биздин калыс, бейтарап иликтөө жүргүзүүбүзгө кыйын болуп жатат.

Буга чейин Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин Скандинавия өлкөлөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн Эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Кильюнен менен жолугушуусунда өз ара кызматташуу маселеси көтөрүлгөн. 28-сентябрь күнү Бишкекте Улуттук комиссия мүчөлөрү менен эл аралык мунапыс уюмунун өкүлдөрү жана Еврошаркеттин элчиси Пьер Моррель жолугушту.

Улуттук комиссиянын мүчөсү Орозбек Молдалиев анда жакында келе турган эл аралык көз карандысыз комиссия менен биргеликте иштөөнүн шарттары сунушталгандыгын айтат:

- Еврошаркеттин элчиси мына ушул маселени көтөрдү. Ал эл аралык иликтөө комиссиясы менен биргелекте иш алып баруу, маалымат алмашуу жана колдо бар маалыматтарды такташуу багытында тыгыз кызматташууну сунуштады. Биз ошондой шартта кызматташууга даяр экендигибизди билдирдик. Ошондой эле чогуу изилдей турган бир катар маселелерди карап чыгуунун шарттарын талкууладык.

"Акыйкатты тапканга кызыкдарбыз"

Июнь окуяларын иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын курамы отуз адамдан туруп, ага ар кайсы улуттагы белгилүү коомдук ишмерлер киргизилген. Аталган комиссияга кирген саясат таануучу Александр Князев иликтөө иштеринин акыйкат жүргүзүлүшүнөн күмөн санагандыктан улам андан чыгып кеткенин орусиялык Fergana.ru сайтына жарыялаган.
Саясат таануучу Александр Князев

Улуттук комиссиянын өзбек тектүү мүчөсү Бөрүбай Жураев Александр Князевдин айыптоосуна негиз жок деп эсептейт:

- Иликтөө комиссиясынын ишине катышпастан туруп ал кандай баасын бергенин мен түшүнбөй калдым. Мына биз иштеп жатабыз. Эч бир кызмат адамы биздин ишке тоскоолдук кылган жери жок. Биз сураган маалыматтарды толук беришип, биздин берген суроолорго жооп алып жатабыз. Жашыруун деп эсептелген маалыматтарына чейин беришти. Таанышып чыгып, кол койдук. Комиссияда чогуу иштешкен кесиптештер да ар бир маалыматты кылдат иликтеп, чын-бышыгын караганга жана акыйкаттыкты тапканга кызыкдар болуп иштеп жатышат.

Учурда Улуттук комиссиянын мүчөлөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларында коомдук кабылдамасын ачып иштеп жатышат. Буга чейин кандуу окуялар боюнча Хъюман райтс вотч жана Эл аралык мунапыс уюму атайын баяндамаларын жарыялашкан. Еврошаркеттин элчиси жана Мунапыс уюмунун өкүлдөрү жолугушууда жарыяланган баяндамада кетирилген кемчиликтер эл аралык иликтөө комиссиясынын иштеринин алкагында толуктала тургандыгын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG