Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Ош: Жаштар бийлик көксөгөндөр менен жолугуудан тажады


«Жаңы Кыргызстандын» лидери Исмаил Исаков кечээ Ошто жаштар менен өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулады. Исаков аймакка аталган партиянын Оштогу жетекчисинин сабалышын териштирүү үчүн барган эле.

И. Исаков жаштар менен жолукканда Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу президентти колдогон партиянын өкүлү ур-токмокко алынды, деп билдирди. Анын айтымында, 23-ноябрда партиянын Оштогу лидери Керим Макеевди азыркы бийликтин айрым катачылыктарын сындап койгондугу үчүн милиция кызматкерлери токмоктогон. 2005-жылдагы ыңкылапта Бакиевдин бийлике келишине “Жаңы Кыргызстан” партиясынын эмгеги чоң, бирок ошондогү үмүттөр акталбай калды, деди генерал Исаков.

-2005-жылдагы революциянын уюгун түзүп, президентти 7-кабатка отургузуп, эл турмушун оңойбуз деп жоопкерчиликти алган адамдарданбыз. Бүгүн ошол убадабызды аткара албай калдык. Сөзүбүз куру болуп калды.

Бул жолугушууда И. Исаков Кыргызстандагы энергетикалык кризиске жана коррупциянын гүлдөп өсүшүнө өкмөт күнөлүү деп, аны толук курамы менен кызматтан чегинттүү зарылдыгын дагы бир ирээт баса белгиледи.


Жолугушууга келген жаш лидерлердин айрымдары, генералдын президентке жан тартып, өкмөттү сындаган позициясын колдой беришкен жок. Жаштар өлкө үй-бүлөлүк башкарууга өткөнүн белгилешип, мындай өнөкөткө чекит коюлабы, деген суроолрун да беришти:

-Бүгүн туугандык башкаруу өкүм сүрүп жатканы жашыруун эмес. Президенттин туугандарынын өлкөнү башкарууга аралашканын токтотууга мүмкүнчүлүк барбы?

Исмаил Исаковдун азыркы турумуна баш катырган жаштар болду. “Прогресс” жаштар уюмунун мүчөсү Эрнис Нурматов генерал бийликте турган мезгилде эле энергетикалык кризис башталганын айтып, ал убакта Исаковдон эч кандай үн катуу болбогонун белгилейт:

-Исаковдун позициясына түшүнбөй турам. Өзү бийликте турганда унчукпай, качан гана бийликтен түшкөндөн кийин сын айтып жатат. Бүгүнкү жолугушуудагы айтылган сөздөрүн да толук колдобойм.

Анткен менен генералдын өкмөттү кетирүү демилгесин колдогондор чыгат. Оштогу «Ак кеме KG» жаштар борборун жетектеген Нургазы Каримов, министр Балкыбековдун кызматтан кетишине “Жаңы Кыргызстан” партиясынын сунушу себеп болду, деп жоромолдойт:

-Өкмөттү иштебей жатат дегени абдан туура. Жарык өчүп жатат, коррупция мурдагыга караганда оголе күчөдү. Мындай өкмөттүн кимге кереги бар? Толугу менен отставкага кетирүү зарыл. Алардын ордуна ишбилги, таза адамдар келиши шарт.

«Жаңы Кыргызстандын» президент жакшы иштеп, өкмөт начар иштеп жатат, деген позициясын, эптеп бийликке баруунун амалы, деп тааныган жаштар да жок эмес. Мисалы, «XXI кылымдын демилгечилери» жаштар уюмунун жетекчиси Түгөлбай Абдумаликов, чабал кадрларды тандап, өлкөнү туңгуюка кептегени үчүн президент Бакиев да жооп берүүгө милдеттүү экенин белгилейт. Бирок ал мындай конкреттүү демилгени «Жаңы Кыргызстандын» лидеринин оозунан уга албады.

-Булардын позициясы даракты калтырып эле, бутактарын кыркуу экен. Менимче, куураган даракты толугу менен эле кыйып салуу керек да. Исаковдун айткандарынан, ажобуз иштей берсин, бизге да кызмат берсин дегендей маанайды гана түшүндүм.

Жыйынга катышкан жаштардын басымдуу бөлүгү, генерал Исаков менен жолугушуу учурунда жаңы идея жана демилгелерди күткөн эле. Алардын пикиринче, андай сунуштар айтылган жок. Серепчилердин туюмунда, акыркы мезгилде кыргыз жаштары мындай көндүм жолугушуулардан тажап бүттү.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG