Мурда маалымдалгандай, «Ачык саясат» гезитинин башкы редакторунун орун басары, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Абдувахаб Мониевге 5-июнь күнү кечке маал белгисиз адамдар кол салып, көк-ала кылып сабап кетишкен. Медициналык мекеменин өкүлүнүн айтуусуна караганда, журналисттин мээси кыйла чайкалган, учурда республикалык ооруканада дарыланууда.
Абдувахаб Мониев төрт жыл мурунку март ыңкылабына активдүү катышып, а түгүл 2006-2007-жылдары облустук «Ош жаңырыгы» гезитин жетектеп, кыска мөөнөттө редакциянын түрдүү мекемелерге карызын азайтып, нускасын 5 миңге дейре көбөйтүп, окумдуулугун арттырган. Бул туурасында чогуу иштешкен кесиптеши Айбек Асан уулунун айтымында, «Ош жаңырыгы» элдин жана оппозициянын маанайын көбүрөөк чагылдыргандыктан, жергиликтүү бийлик Абдувахаб Мониевди ачык куугунтуктап, а түгүл башкы редакторлуктан жүйөөсүз бошоткон.
«Ата Мекен» саясий уюмунун Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев партиялашы кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу токмоктолгонунан күмөн санабайт. Анткени, Абдувахаб Мониев «Ачык саясат» гезитинде бийликтин кемчиликтерин ашкерелеген курч макалалары менен Ак үйдө олтургандарды тынч уктаткан эмес.
Төлөгөн Келдибаев кошумчалагандай, Абдувахаб – кыргыздын туңгуч генералы Ысакбек Мониевдин небереси. Чоң атасын тартып жалтанбас мүнөз күтүп, жаштыгына карабастан, өлкөдөгү эң окумал «Асаба» («Агым»), ошондой эле «Апта» гезиттеринде адегенде кабарчы, кийин жетекчи кызматтарда эмгектенген. Кесибине тың журналисттин өмүрүнө кол салуу анын эркин майтара албасы бышык.
Ошентип, Оштогу айрым укук коргоочулар жана саясий уюмдар сөз эркиндигине ачык түрдө кысымчылык кылгандарды ооздуктоого алы жетпеген бийликти кескин сындап, өлкөдө темирдей тартипти камсыз кылууга жарабаган күч органдарынын жетекчилеринин отставкага кетүүсүн талап кылышууда.
Ал эми Абдувахаб Мониев өзү негиздеген «Басма сөз эркиндигин колдоо» фонду журналистке кол салуу фактысы боюнча тиешелүү тараптарга жана коомчулукка кайрылуу жасоого ниеттенүүдө. Мындай маалыматты бейөкмөт уюмдун атын атабаган мүчөсү ырастады.
Ошол эле учурда жергиликтүү журналист Айбек Асан уулу буга чейин да бир нече журналистке кол салуу жана коркутуп-уркутуу болгонун белгилеп, эгерде окуяга тиешеси барлар жазаланбаса, кесиптештери ар кандай акцияларды уюштурууга даяр экенин билдирди.
Бирок күч органдарынын өкүлдөрү өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп, анын айынан эркин журналисттердин өмүрүнө коркунуч жаралууда дегендерге түк кошулбайт. Мисалы, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери Улукбек Бабакуловго, Бахадыр Кенжебаевге кол салгандар кармалып, сот жообуна тартылуу алдында тургандыгын билдирди.
Өзүн жаздыруудан тайсалдаган Бакыт Сейитов оштук укук коргооочулардын жана саясий уюмдардын бийликке талабын ультиматум катары эсептөөдө. Анын ынанымында, күч органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин отставкага кетүүсүн талап кылууга эч кандай негиз жок.