Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Ош: Оппозиция жаштарына да куугунтук күчөдү


Ошто жаштар оппозициялык маанайдагы партияларга мүчө болуудан чочулашат
Ошто жаштар оппозициялык маанайдагы партияларга мүчө болуудан чочулашат

«Ата Мекендин» жаш өкүлү Т. Келдибаев аны белгисиз адамдар сабап кеткенин билдирди. Айрым серепчилер бийлик оппозиция башчыларына жасачу ыкмасын эми тыңчыкма жаштарына да колдоно баштаганын айтууда.

8-январга караган түнү “Ата Мекен” партиясынын Кара-Суу райондук жаш лидери 33 жаштагы Төлөгөн Келдибаев ур-тепкиге алынып, ошондон тарта ден-соолугу начар абалда экендигин “Азаттыка” кабарлады.

Келдибаевдин айтымында, ага бир нече жолу бийликтин саясатын сындаган партиянын катарынан чыгууну улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери эскертишкен:

-Ур токмоко алып, денеме бир топ жаракат келтирди. Автомашинамдын да күзгүлөрүн талкап, качууга улгурушту. Мунун артында саясий буйрук жатканына толук ишенем. Буга чейин мени атайын кызматтар этият бол, деп эскертишип, чаап кетээрин да айтышкан эле.

Соңку учурда түрдүү коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам, Оштогу жаштар бийликтин саясатын колдобогон партияга мүчө болуудан жаа бою качып калышкандай.

Ош аймагында «Мен ишенбейм» сыяктуу активдүү кыймылдар же өлкөдөгү орчундуу маселелерди чечүүдө өз үнүн кошчу жаштар уюмдары дээрлик жок экени айтылып келет. Ал эми азыркы бийликтин саясатына макул болбогон жаштардын тобу оппозициялык маанайдагы «Ата Мекен» партиясына мүчө болушкан. Аталган партиянын дагы бир жаш лидери Бакыт Калмаматов, соңку кезде партия мүчөлөрүнө ыксыз куугунтук күчөп, студенттерди окуудан четтетүүгө чейин барып жатышканын айтууда:

- «Ата Мекенге» мүчө болгон же биздин пикирди колдогон жаштарга куугунтук күчөп, студенттерди окуудан четтетип, экзамендерде кыйнап жатышат. Эмне үчүн антип жатканын эжекелери ачык эле айтышат экен, бул ректораттын буйругу, деп. Бүгүн Ош шаарындагы оппозициянын жаштары көчөдө ээн эркин басуудан да чочулап калышты.

Бакиев бийлигин кескин сынга алып келген Оштогу коомдук кыймылдын лидери Абдыкайым Кангелдиев мындай негизсиз куугунтуктар жаштардын калың катмарын кыжырдантып, жаш лидерлерди ансайын курчутаарын белгиледи.

-Акыйкат издеген азаматтарга болгон куугунтук, аларды курчутат деп эсептейм. Жаштарды да курчутат. Укук коргоо органдарынан, коопсуздук кызматынын өкүлдөрү биздин жаштар канатыбыздагы студенттерге барып окуудан кетиребиз деп коркутушуптур. Саясий аң-сезими жетилип калган жаш лидерлерди мындай аракет курчутат.

Бирок, Оштогу оппозициячыл лидерлер аларга түрдүүчө кысымдар көбөйүп, жаш лидерлер токмоктолду деп коомчулукту дүрбөткөнү менен, бир дагы партия мүчөсү даттана элек дейт, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жениш Аширбаев.

-“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү сабалды деген арыз бизде жок. Бир дагы арыз кароосуз калбайт. Ал эми милиция аңдып жүрөт, деген туура эмес, милиция аңдый турган кызмат эмес.

Саясат таануучу Санжар Тажиматов, бул аймакта мыйзамсыз кадамдарга каршы турчу, позициясы бекем жаш лидерлердин саны оголе аз экенин белгилейт. Анын пикиринде жаштардын басымдуу бөлүгү, бийлике ыктоону гана туура көрүшөт.

- Жаштар өздөрү адилеттүү сүйлөгөн адамды чоочун адамды карагандай карап жатышпайбы. Себеби алар ыктап жайланышкан позицияга отүп алышкан. Бийликтин позициясын колдогондор алар өздөрүн эркин сезип жашашат. Андайлардын саны бүгүн абдан өстү. Жаштар жадагалса өздөрүнө тиешелүү маселеде да башын ийкеп унчукпай жүрушпөйбү. Өздөрүнүн укуктарын мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылган жаштардын саны өтө аз, же жок десе болот.

Деген менен, соңку учурдагы оппозициянын анабашчыларына кылмыш иштери ачылып, аларды маалымат каражаттары аркылуу элге жаманатты кылуу ыкмасы катуу иштеп жатканда, бийлике сын айтчу жаштардын катары да жукарып баратканы айтылууда. Бийлик болсо өлкөдө жаштар саясаты ырааттуу жүргүзүлүп, бийлик жаштардан колдоо тапканын айтып келишсе, оппозиция жаштар саясий курал катары гана пайдаланылып, жаштардын калың катмары аргасыз «акжолчу» атыгып жатышканын белгилешет.


  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG