Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Ош: жер талап кылгандар эми митингге чыга турган болду


Жер талап кылгандарды милиция күч менен айдоо аянттарынан сүрүп чыгып, бир тобун кармап кетти, 8-ноябрь.
Жер талап кылгандарды милиция күч менен айдоо аянттарынан сүрүп чыгып, бир тобун кармап кетти, 8-ноябрь.

Оштун чет жакасындагы айдоо аянттарын ээлеп алууну көздөгөндөр эми шаардын борбордук аянтында митинг уюштуруу чечимине келишти.

Ош шаарынын чет жакасындагы Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарынын тургундарына тиешелүү жер үлүштөрүн басып алуу аракети бүгүн да уланды.

Жер басып алгандардын бир тобун милиция кармап кетти

Айдоо аянттарын ээлеп алган миңге чукул кишиге чоюн союл менен куралданган жүздөн ашык милиция кызматкерлери келип, күч менен таркатууга аракет кылып, аларды айдоо аянттарынан четке сүрүп чыгарышты. Бирок милициянын мындай аракетине карабай жер басып алгандар тарабай койду.
Жер басып алуу аракети. Ош, 8-ноябрь.

Кара-Суу районунун прокурору Карим Абдрашитовдун айтымында, жер басып алууну уюштурган бир нече аял кармалды:

- Ушул жерде жүргөн адамдардын арасында буга чейин да бир нече башаламандыктарга катышып жүргөн аялдар бар экен. Алардын баары азыр кармалды. Эми мыйзам чегинде үч күндүн ичинде чара көрүлөт. Дагы 50-60 аялга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бирок укук коргоо органдары аялдарды кармап кеткенине тургандар нааразы болуп, милиция өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүүгө чейин барышты. Акыркы маалыматтарга ылайык, кармалган 36 аял түшүнүк кат жазып бошотулган. Милициянын таркатуу аракетине карабай, тарабаган жер басып алуучуларга облустук администрациянын аппарат жетекчиси Рашид Тажибаев келип жолугуп, бул үлүш жер экендигин жана менчикке берилбей тургандыгын эскертип кетти. Ал жерге муктаждарга мыйзамдуу түрдө башка жерден чек берилээрин билдирди:

- Азыр биз бүгүнкү келгендер менен сүйлөштүк. Жер алабыз деген кишилер өздөрүнчө уюшуп, топтолуп, анан жерге муктаждарды каттап, тизмелеп бизге алып барып бериши керек. Анан аларга бул жерден берилеби, же башка жерден берилеби аны жергиликтүү бийлик чечпейт, аны өкмөт чечет. Ар бир сугат жер өкмөттүн токтому менен гана чечилет. Ал эми бул жер үлүштөрү ушул айыл өкмөттөгү кишилерге карайт. Ошолордун менчиги.

“Мамлекет жерибизди башкаларга берип койбошуна ишенип турабыз”

Ээленип калган жер ээлеринен басып алгандарга эч ким келген жок. Алардын айрымдары күзгү түшүмдөрүн толук жыйнаша электигин айтышат. Кызыл-Кыштак айылынын тургун Расулжан Эргешовго кезиккенибизде ал буларга токтолду:

- Менин 30 сотых жерим бар. Жылда эгин эгип ошо менен тиричилигибизди өткөрөбүз. Быйыл пахта эктик эле. Азыр менин жеримди басып алгандар пахтанын калган түшүмдөрүн тебелеп, бүт майканын чыгарып салыптыр. Пахтанын дагы эки түшүмүн алышым керек болчу, эми эч нерсе жок. Биз жер басып алгандарга барган жокпуз. Айыл өкмөттөгүлөр барбагыла, уруш чыгып кетпесин деп айтышты. Мамлекет биздин жерди жөндөн-жөн эле бирөөлргө бербейт деп жатышат. Биз ошого ишенип турабыз.

Талашка түшкөн аймакта кыргыздардын да, өзбектердин да жер үлүштөрү бар

Мыйзамсыз жер басып алгандар жалпысынан 70 гектардан ашык жерди басып алгандыгын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров билдирүүдө. Анын айтымында, бул жерлер 80ден ашык кыргыз жана өзбек үй-бүлөлөрүнүн жери болгондуктан жер басып алуу улуттар аралык маселеге байланышы жок.
Жер басып алуу аракети. Ош, 8-ноябрь.

- Ош шаарынын тургундары Ишкаван айылынан 10 гектар, Бостон участкасынан 40 гектар, анан Кызыл-Кыштак айылынан 20 гектар, жалпысы болуп 70 гектар жерди басып турушат. Бул жерде кыргыздын дагы, өзбектин дагы жери бар. Эч кандай улуттар аралык маселеге тиешеси жок. Алар болгону ошо жери жоктугунан басып турушат. Бирок элдин жери эч кимге берилбейт.

Деген менен аталган айыл тургундары жер басып алуудан улуттар аралык маселелер курчуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатканын айтышууда. Бирок ага карабай жер басып алгандар ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштыруу аракетин уланта беришээрин билдиришүүдө. Шаардын тургуну Макеш Калыков жерге муктаж болуп тургандыгын мындайча билдирди:

- Социалдык көйгөйлөрдөн улам минтип жер ээлеп алуулар болуп жатат. Негизи быйылкы жайдагы этникалык уруш деле ушул маселеелрден курчуп олтуруп келип чыккан. Жер жетишпейт. Мисал, үчүн айрымдар балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө чейин катар-катар жер алып алышкан. А кыргыздар болсо союз мезгилинен бери шаардан жер ала албай, темселеп көрүнгөндүн үйүндө жашап жатабыз. Эми ээлеп алган жерлерибизди чеке алуу үчүн аягына чейин турабыз. Шаардык бийликпи, облусттук бийликпи кайсы жерден болбосун бизге жер берет.

Ошентип Оштун чет жакасынан жер ээлеп алгандар ээлеген жерин чекке берүү талабы менен эртең шаардык мэриянын жана облустук администрациянын алдына митингге чогулмакчы болуп таркап кетишти.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG