Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Жогорку Кеңеш калыбына келтирилген имаратка көчөт


Апрель окуяларында дээрлик тонолуп, талкаланган өкмөт үйү калыбына келтирилди.
Апрель окуяларында дээрлик тонолуп, талкаланган өкмөт үйү калыбына келтирилди.

Апрель окуяларында дээрлик тонолуп, талкаланган өкмөт үйү калыбына келтирилип бүттү. Реконструкцияланган бул имаратка эми президент жана анын администрациясы, ошондой эле жаңы шайланган Жогорку Кеңеш жайгашары күтүлүүдө. Апрель окуясына чейин Ак үйдө иштеп келген өкмөт эми кайдан орун табары азырынча белгисиз.

7-апрелде Ак үй өрттөлүп, таланып-тонолуп, дээрлик талкаланган. Ошондогу күбөлөрдүн айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиев орноткон үй-бүлөлүк режимдин акылга сыйгыс жоруктарына чыдабаган калктын айрым катмары көтөрүлүп, аларды карай ок атылып жатканына карабастан катуу айбат көрсөтүп, эски бийликти кулатышкан. Бирок агезде жаалданган жарандар өкмөт үйүнүн күлүн көккө сапырышканы менен, аны кайра өздөрү минтип тикелешерин ойлошкон эмес.

Президенттик администрациянын иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурбек Мамбетакуновдун ырасташынча, бүлүнгөн имарат дээрлик ремонттолуп бүттү:

- Негизинен Ак үйдүн токсон пайызы жараксыз деп табылган. Мындан тышкары ал жердеги эмеректердин алды таланып-тонолуп, арты пайдалангыс кылып талкаланган. Ошонун бардыгын калабына келтирүү оңойго турган жок.

Имарат дээрлик даяр

Нурбек Мамбетакунов анча-мынча мүчүлүштүктөр эки-үч күндүн ичинде четтетилерин, Ак үйдү кайрадан оңдоп-түзөгөнгө баш-аягы 40 миллион сом сарпталгандыгын, ага өкмөт жана тышкы демөөрчүлөр жардамдашкандыгын кошумчалады.

Сөз арасында иш башкармалыктын өкүлү калыбына келтирилген имаратка кимдер жайгаштырыларын ачыктады:

7-апрелде Ак үйдүн 90 пайызы талкаланып, тонолгон.
- Бул имаратка президент жана анын администрациясы, ошондой эле жаңы парламент көчүрүлмөкчү. Баш мыйзамда 120 депутат деп көрсөтүлгөн, ошого байланыштуу ошончо иш бөлмө камдадык. Анан аларга 120 жардамчы керек экен. Муну да көңүлгө түйүп, жетиштүү орун даярдап койдук. Ал эми өкмөт кай жакка жайгашары азырынча белгисиз. Алардын тагдырын 10-октябрда шайланган парламент чечет го.

Нурбек Мамбетакунов мындан тышкары жаңы Жогорку Кеңештин штаттык түзүмүн жана кызматкерлердин санын 10-октябрда шайланган парламент аныктай тургандыгын билдирди. Анын болжолунда бардык депутаттар кызматтык унаасынан, айрымдары кызматтык үйлөрдөн баш тартышы ыктымал.

- Мына, үгүт өнөктүгү кызыды. Жолугушууларда бардык партиялардын лидерлери “бизге машинанын кереги жок” деп тегиз айтып жатышпайбы. Ошентип, мен ойлойм, депутаттар бул маселени өздөрү акылга сыйгыдай кылып чечишет го.

7-апрелде Ак үйдүн алдында 87 адамдын өмүрү кыйылган.
Парламенттин иши жаңырабы?

Президенттик администрациянын иш башкармалыгынын маалыматына караганда, депутаттар жана жардамчылары отурчу бөлмөлөр дээрлик даяр. Ал эми сессия отчү межилис залы кеңейтилип, 650 орунга ылайыкташтырылды, заманбап эмеректер жана техникалык каражаттар менен жабдылды. Анткени бул жерге чакырылгандардан жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн тышкары кызыкдар тараптар да отуруп, өздөрү шайлаган депутаттардын ишине байкоо салганга мүмкүнчүлүк. Албетте ремонт маалында анча-мынча жетишпестиктер өкүм сүрүүдө, бирок ал да чукул арада жөнгө салынмакчы.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев 10-октябрда шайланчу Жогорку Кеңештин депутаттарына мандат качан тапшырыларын, парламенттин алгачкы сессиясы кайсыл күнү башталарын ачык айта албастыгын маалымдады. БШК башчысынын баамында, Шайлоо кодексинде мындай жагдай так жана даана каралган эмес.

10-октябрдагы шайлоодон кийин Кыргызстан Борбор Азия аймагында алгачкылардан болуп парламенттик башкаруу системасына өтмөкчү. Бул сапар Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралмакчы. Бирок аларды жана бүтүндөй аппаратты эски имаратка жайгаштыруу мүмкүн эмес. Анткени орун жетишсиз. Анын үстүнө апрель окуясында Ак үй да, Жогорку Кеңештин имараты да талкаланган эле. Ал эми 2005-жылкы ыңкылапта да парламент калыбына келтирилип, анда Бакиев бийлиги кулатылганга чейин 90 эл өкүлү эмгектенген.

XS
SM
MD
LG