Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

«Улуу Петр» орденин 500 долларга аласыңбы?


Атактуу адамдардын атындагы орден-медалдарды шагыратып таратып жүргөн коомдук уюмга каршы Орусиянын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду деген маалымат кыргыз парламентинде кызуу талкууга алынды.

Парламент депутаты Иса Өмүркулов Орусиянын “Коопсуздук, коргонуу жана укук тартиби боюнча көйгөйлөр академиясы” деген коомдук уюмга Орусиянын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымат каражаттарында жарык көргөн материалдарга таянып жарыялаганын билдирди.

- Булар өкмөттүк структуралардын ордуна мыйзамсыз өздөрү 73 медаль, орден, сыйлык, ар кандай наамдарды ойлоп таап бекитип алган. Анан ошол сыйлыктарды эки миң долларга чейин сатып жүрөт деген маалыматты Орусиянын расмий интернет сайтынан алып, мен ошону айтып чыккам.

Ал эми “Коопсуздук, коргонуу жана укук тартиби боюнча көйгөйлөр академиясы” коомдук уюмунун вице-президенти Рустан Рахманалиев уюмга Орусиянын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгобогонун, болгону административдик текшерүүлөр болуп жатканын айтты.

- Чындыгында Орусиянын Башкы прокуратурасы текшерүүдө. Кылмыш иши ачылган эмес. Башкы прокуратура менен кошо Салык инспекциясы, Эсеп палатасы, гералдика боюнча комиссия жана башкалар келип текшерип жатышат.

Рахманалиев белгилегендей аталган уюмдун 73 сыйлыгынын айрым орден менен медалдары Орусиянын мамлекеттик сыйлыктарына окшош деген пикирлер жаралып уюмдун наам, сыйлыктарды берүүчү бөлүмү учурда тиешелүү органдар тарабынан текшерүүгө алынган.

Анын айтымында, коомдук уюм 1999-жылы Владимир Путиндин демилгеси менен Орусия Федерациясынын коопсуздук кеңешинин колдоосунда уюштурулуп, ага илимий-изилдөө, эксперттик ишкердик, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу борбору, үч жогорку окуу жайы кирет. “Петр Великий - I-III”, “Екатерина Великая- I-III”, “Александар Невский”, “Маршал Жуков”, “Михаил Ломоносов” сыяктуу жыйырма бешке чукул орден медалдарды, ондогон төш белгилерди (значокторду) негиздеп, Советтер Союзунун баатырларын, согуш ардагерлерин, белгилүү окумуштууларды сыйлап келет. “Коомдук башталышта иш алып барышкан 15 миңден ашуун мүчөлөрү, 44 мамлекетте филиалы ачылып, жүздөн ашуун мамлекет менен байланыш түзүлгөн. Уюм мүчөлүк акыдан, китеп сатуудан түшкөн каражаттан жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен каржыланып турат”,-дейт Рахманалиев.

СДП фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутат Рахат Ирсалиев болсо аталган уюмдун өкүлү ага 500 доллар берсең каалаган сыйлыгыңды беребиз деп соодалашканын “Агым” гезитине берген маегинде билдирген эле.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы филиалынын өкүлү, Коопсуздук кызматынын кызматкери Талант Разаков Орусиянын бул коомдук уюмуна кирүүгө мүчөлүк акысы 500 доллар болоорун, сыйлыктар сатылбастыгын, өлкөдөгү бир катар аттуу-баштуу инсандарга орден-медалдар бекер эле берилгенин белгиледи.

- Биз окудук гезитке, интернетке чыккан интервьюларды. Анда алар мыскылдап жазып жатышат. “Булар алданып калган. Бул афера”,-деп Бул жерде эч кандай афера жок урматтуу депутаттар. Биз ар бир ишибизди ачык, айкын жүргүзгөнбүз. Ошондуктан биз жашырып-жаап койгон нерсе болгон эмес.

Разаковдун айтымында, аталган уюмдун ардактуу академигине президент Курманбек Бакиев жана бир катар депутаттар, окумуштуулар татыктуу болуп, орден менен маркум Чыңгыз Айтматов, Мирсаид Миррахимов, вице-спикер Кубанычбек Исабеков, депутат-хирург Эрнест Акрамов, экс-спикер Марат Султанов, Акматбек Келдибеков, Алишер Сабиров жана башка ондогон жарандар сыйланган.

“Орусиялык коомдук уюмдун сыйлыктары эки элдин карым-катнаш, достук байланышын чыңдоо. Алардын биздин жарандарды моралдык жактан колдоого алган камкордугун колдоого алуу керек”,-дейт Разаков.

Депутат Иса Өмүркулов болсо аталган уюм жогорку кызматтагы, аттуу-баштуу инсандарды сыйлоо менен чектелип калганын кошумчалады.

- Эмне үчүн бул уюм өздөрүнүн сыйлыгын өмүр бою колхоздо иштеп, кызылчанын ар бир гектарынан 600-700 центнер түшүм алган эмгек ардагерлери болгон айылдагы чоң энелерибизге алып барып беришпейт.

Ал эми Рустан Рахманалиев уюм тууралуу жалган маалымат тараткан делген эки депутаттын билдирүүсү боюнча 30-октябрда “Коопсуздук, коргонуу жана укуктук тартип көйгөйлөр боюнча академиясы” коомдук уюмунун эл аралык отурумунда талкууланып, аларга чара көрүү маселеси коюларын билдирди.

XS
SM
MD
LG