Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Качаанак депутаттарга чара көрүлөт


Kyrgyzstan - General view of the Kyrgyz Parliament (Jogurku Kenesh), 31Oct2006
Kyrgyzstan - General view of the Kyrgyz Parliament (Jogurku Kenesh), 31Oct2006

Бүгүн Жогорку Кеңештин Этика жана регламент комитети депутаттардын сессияга катышуу тартибин талкуулады. Бирок комитет депутаттарды сессияга үзгүлтүксүз катыштыруунун механизмин таба алган жок.

Бул маселени комитет күн тартибине парламент төрагасы Айтибай Тагаев тапшырмасы боюнча киргизди. Регламент жөнүндөгү мыйзамда мындай жагдайда депутаттардын тартиби фракциялардын кароосуна берүү, сессияга себепсиз катышпагандардын тизмесин гезиттерге жарыялоо белгиленген. Бирок комитет төрагасынын орун басары Динара Молдошеванын билдиргенине караганда, комитет сессияга катышпаган депутаттардын жүйөөлөрүн сурап, жооп ала албай отурат. Ошондуктан Молдошева кескин чараларды көрмөйүнчө депутаттардын сессияга түгөл катышуусун камсыздоо мүмкүн эмес дейт:

- Биз келбеген депутаттар жөнүндө маалыматтарды фракция башчыларына жиберишибиз керек. Сессияга катышпаган депутаттардын тизмесин Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамдын 229- беренесинин негизинде маалымат каражаттарына жарыялашыбыз керек. Бул беренени качан пайдаланасыңар деген депутаттар да болууда. Масалиев айлыктарынан кармоону сунуштап жатат. Кыскасы, чара колдонбосок, ушинтип жүрө беребиз. Фракция лидерлерине берели, чечим кабыл алышсын.

Комитет төрагасы Алишер Сабиров мындай чаралардан майнап чыгарына көзү жетпейт:

- Мага себепсиз сессияга катышпай калган депутатты таап бергилечи. Чара көрөлү. Биз эртең айлыктан кармоо маселесин көтөрөрүбүз менен мына менин справкам бар деп алып чыгат. Анда кандай болот?

Комитет отурумуна катышкан Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов болсо депутаттарды сессияга тартуу үчүн партиялык чараларды колдонгон таасирдүү болот дейт:

- Мен 10-20 жолу калтырса, анын ичиненсебептүү-себепсизин аныктап, аны депутаттыктан партия чакыртып алышын сунуштайм. Көрөсүңөр, бардыгы жандуу катыша баштайт.

Алишер Сабиров бул демилгени деле мыйзамдык жактан негиздөө кыйынга турат деген ойдо. Айлыкты кыркуу керек деген демилге көтөрүп, бирок, андан майнап чыгарына өзү ишенбеген Коммунисттер фракциясынын төрагасы Искак Масалиевдин оюнда депутаттардын сессияга катышпай жатышын чоң маселеге айландырып кереги жок:

- Бул жерде корко турган эч нерсе жок. Парламентте үч фракция түзүлгөндөн кийин бир топ маселелер фракцияларда чечилип, ал эми добуш берүү процедураларында мурдагыдай ар бир депутат сөзсүз отуруу кажети жок. Башка мамлекеттерде деле ушундай. Үчтөн бири отурат, төрттөн бири отурат. Айрыкча Европа мамлекеттеринде көп ушундай.

Жогорку Кеңештен алынган маалыматка караганда, парламенттин 3-октябрдагы түштөн кийинки сессиясына 44 депутат, 24-октябрдагы сессияга 30 депутат катышкан эмес. Алардын катарында фракциялардын, комитеттердин төрагалары да бар.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG