Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Чуулгандуу жол кырcыгын депутаттык комиссия иликтейт


“Ак жол” фракциясынын депутаттары 18-мартта болгон жыйынында жол кырсыгы болгонунан күмөн санашып, окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү чечимин кабыл алышкан. Фракция лидери Улукбек Ормонов бүгүн парламентте комиссия түзүүнү сунуштап, ал колдоо тапты.


Депутаттык комиссиянын курамына “Ак жол” фракциясынан депутаттар Рашид Тагаев, Галина Куликова, Алишер Сабиров, Азиз Турсунбаев, Чолпон Абдуллаева сунушталды. Ал эми коммунисттер Хаджимурат Коркмазовду сунушташты. Социал-демократиялык фракция Иса Өмүркуловду сунуштаганда “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов каршы чыгып, тартип коргоо органдарында иштеген тажрыйбасы бар депутатты алып чыгууну сунуштады. Буга байланыштуу социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева нааразылыгын билдирип, депутаттык комиссиянын ишинин натыйжалуу болушуна эмитен эле күмөн туулганын белгиледи.

Добуш берүүгө келгенде Иса Өмүркуловду жактап 40 депутат гана добуш берди. Натыйжада ал комиссиянын мүчөлүгүнө өтпөй калды. Социал-демократиялык фракция жаңы талапкерди сунуштоо үчүн убакыт сурады. Эми ал маселе Жогорку Кеңештин түштөн кийинки сессиясында каралат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 13-мартта Аламүдүн районундагы Койташ айлына жакын жерде жол кырсыгы болуп, анда президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов, президент алдындагы стратегиялык изилдөө институтунун мурунку башчысы Сергей Слепченко жана алардын айдоочусу каза болгон.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG