Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Б.Мамасеитова: “Өлүм жазасын киргизүү керек”


Өлүм жазасын киргизүү керекпи, же жокпу деген маселе боюнча Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясынын депутаты Бүмайрам Мамасеитова “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Мына өлүм жазасын кайра киргизүү боюнча маселе Нарында да талкууланды, Коммунисттер фракциясы да айрым бир беренелерге, айрым бир кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү маселесин козгоп атат деген маалымат бар. Ушул боюнча токтоло кетсеңиз?

Бүмайрам Мамасеитова: Бир эле биздин Коммунисттер фракциясы эмес, башка фракциялардын ичинде деле мындай сунуштар болгон учурунда. Мен айтып кетет элем, бүгүнкү күнү өлүм жазасын кайра киргизиш керек. Себеби биз ошону менен гана кылмыштуулукту токтотпосок, бир адамды өлтүргөн кылмышкер ошол бойдон токтоп калбай, нечен кылмыштарды кылып атат. Бүгүнкү күнү канча адамдарды өлтүрүп атат. Ошондуктан өлүм жазасын киргизиш керек.

“Азаттык”: Айрым бир талдоочулар айтып атат, биздин соттор акыйкатсыз чечим чыгаргандыктан бейкүнөө адамдар өлүм жазасына тартылып кетиши мүмкүн деп. Буга кандай карайсыз?

Бүмайрам Мамасеитова: Андан деле жүз пайыз кепилдик берелбайм. Бирок андай учурлар да болот, аны көрүп атпайбызбы. Бирок мен ойлойм, эгерде арачылар соту (суд присяжных) дегенди киргизип, ушул ишке ашып кала турган болсо, демек бул акыйкат каралат деген үмүтүбүз бар.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча, өлүм жазасын бардык оор кылмыштарга колдонуш керекпи, же кандайдыр чектен чыккан бир кылмыштарга киргизүү керекпи?

Бүмайрам Мамасеитова: Мен ойлойм, эгер ошол кылмышкер кылмыш жасап, өзүнүн колу менен башка бирөөнүн өмүрүнө кол салган болсо, мыкаачылык жасаган болсо, мыкаачылык менен өлтүргөн болсо, ага сөзсүз өлүм жазасын бериш керек. Капыстыктан болгон да болушу мүмкүн, мисалы, жол кырсыгынан, аны да тактап караш керек. Ошондуктан мыкаачылык менен билип туруп, өлтүргөнгө барган адамдарга сөзсүз өлүм жазасын бериш керек.

“Азаттык”: Эгерде Кыргызстанга кайрадан өлүм жазасын киргизүү каралса, бул Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдындагы келишимдерге доо кетпейби?

Бүмайрам Мамасеитова: Карасаңыздар, андай да ойлор болуп атат. Бирок акыркы жылдары Американы эле карап калбадыкпы, тигиндей, мындай экен деп. Америкада деле кээ бир штаттарында өлүм жазасы бар экен да. Эң демократиялык деген мамлекетте деле бар экен да өлүм жазасы. Ошондуктан дайыма эле Американы карай берген мен ойлойм туура эмес.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG