Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

О. Тогуcаков: Сыдыковдун саясий эркине баа берүү керек


Президенттин таасирдүү кеңешчиси Үсөн Сыдыков жаш курагына байланыштуу кызматынан кетти. Бул окуяга байланышкан “Азаттыктын” суроолоруна философия илимдеринин доктору Осмон Тогусаков жооп берди.

-Осмон мырза, сиздин кабарыңыз болсо керек, президент Курманбек Бакиев кечээ ыңкылаптан бери жанаша жүргөн кеңешчиси Үсөн Сыдыковду эс алууга кетирди. Көпчүлүктө Сыдыков мамлекеттик саясатта, анын ичинде кадр саясатында президентке таасир этүүгө кудуреттүү инсан катары бааланып келди. Сиз Үсөн Сыдыковдун президенттин жанындагы үч жылдык ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?

- Негизинен бизде, Кыргызстандын саясий айдыңында күздөн баштап кышка чейин саясий жараяндар күчөчү болду. Ошонун бир далили Үсөн Сыдыковду пенсияга, башкача айтканда, отставкага кетиргендеги маселеси болду. Эми Үсөн Сыдыков Элдик кыймылдын күжүрмөн катышуучуларынын бири болгон да. Курманбек Салиевич (Бакиев) менен түздөн-түз иштешип келген. Өзүнүн айтуусунда 43 жыл өмүрүн коомдук-саясий ишке арнап келген.

Экинчиден, жалпы кадр маселесин карасак, бүгүнкү күнү мен ойлоп атам, бул менин эле жеке пикирим болбосо керек, башында президент менен чогуу иштешкен, элдик кыймылда бирге болгондордун көпчүлүгү саясий айдыңдан чыгып кетпедиби. Башкача айтканда кээ бир жерлерде кадрлардын кесиптик деңгээлине көп маани берилбей, мурунку бийликте иштеп жүргөн кесипкөй мамлекеттик деңгээлдеги кадрлар деле сыртта калып, кесиби туура келбегендер эле келип атпайбы.

- Кечиресиз, өзүңүз да айттыңыз, Үсөн Сыдыков мамлекеттеги таасирдүү саясатчылардын бири деп айтылып келатат. Азыр эми ушул кишинин кетиши саясий чечим катары бааланып атат. Сиз кандай дейсиз, ким тарабынан кабыл алынды бул чечим (демилге Бакиевденби же Сыдыковдонбу?), анан бул “Жаңы Кыргызстан” партиясынын президентке катуу сын айтып жатышынын таасири эмеспи? Сыдыковдун мындан аркы саясий багыты кандай болот?

- Бул жерде чынында эле “Жаңы Кыргызстандын” саясий лидери катары Сыдыковдун саясий эркин белгилеп кетпесе болбойт. Анткени, оңой менен адам өзү мындай кадамга барбайт эле. Бул президент менен Үсөн Сыдыковдун көз караштарындагы айырмачылыкты далилдеп турат. Анткени, экөөнүн көз караштары көп маселелер боюнча бирдей болбой калгандай сезилет. Ошондуктан, өзүңүз айткандай, “Жаңы Кыргызстан” тарабынан президенттин дарегине сын айтылып атат.

- “Жаңы Кыргызстан” президентти колдойбу же Үсөн Сыдыковдун жетегинде башка багытты көздөп кетиши мүмкүнбү?

- Эми билесизби, бизде ушундай бир оору болуп калбадыбы, бийликтен кеткендин баары эле оппозициянын тегерегине чогулат. Биринчиден оппозиция мына 29-ноябрда чогулуп, бир чечимге келе албай койду. Анткени, оппозициянын өзүнүн ичинде биримдик жок. Ар бир партия өзүнүн кызыкчылыгын таңуулап атат. Анан Үсөн Сыдыковдун дароо эле оппозицияга кошула коюшу - чоң маселе. Муну бир тараптуу айтуу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG