Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

Улуттук коопсуздук комитетине каршы пикет


17-август күнү укук коргоочулар Улуттук коопсуздук кызматынын алдына пикетке чыгып, камакта отургандарды бошотуу талабын коюшту.

Пикетке чыккандар “Камактагыларды бошоткула” деп жазылган плакатттарды кармап турушту. УККга нааразы болгондор президенттик шайлоого байланыштуу Балыкчыда жана Бишкекте өткөрүлгөн митингдин катышуучуларынын камакка алынышын, Ноокатта хизбутчулар деп соттолгондорго узак мөөнөттүү кылмыш жазаларынын колдонулушуна, А. Жекшенкулов, Т. Тургуналиев, Э. Булекбаев сыяктуу көрүнүктүү саясатчылардын камалышын Улуттук коопсуздук кызматынын калпыстык иштери деп карашууда.

-Улуттук коопсуздук кызматы өзүнүн аткара турган иштеринен четтеп, милиция кызматынын милдеттерин аткарып, бийликке жагалдангандай мамиленин үстүндө иштеп калышты. Адам тагдыры дегенди ойлоруна алышпайт. Эптеп кайдагы себептер боюнча шектеп, камакка алууну адатка айлантып алышты. Элдин таламын талашкан белгилүү саясатчыларды да камап, эптеп бийликти сындагандардын оозун жабуу керек да. Камактагылардын таламын талашып митингге чыккандарды куугунтуктоо токтотулбаса, Акаевди куугандагыдай, токтотууга мүмкүн болбой калган, эл толкуган митинг-пикеттерге айланып кетиши мүмкүн, - деди “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун Нарын боюнча координатору Урмат Акунов.

Пикетке чыккан экинчи бир жигит Өндүрүш Токтоназаров Сокулук районунан келген экен. Ал укук коргоочу Азиза Абдырасулованын коюп жаткан талаптарын колдоо үчүн келгенин айтты:

- Эр азаматтардын иштерин жасап жатканына бир чети сыймыктанам, бир чети арданам. Трибунага чыгып алып күпүлдөп сүйлөп жаткандар кайда жүрөт? Адам укуктары маселесине келгенде жок. Эмне үчүн ушул кыздарыбызды колдосок болбойт.? Кээ бир эл аралык уюмдар айтат: “Кыргызстанда демократия анча-мынча бар” деп. Анча-мынча эмес эле бизде жок. Бизде тоталитардык режим өкүм сүрүп турат. Балыкчы шаарында өз добуштарын уурдаткандарды шылдыңдагансып, ушул күнгө чейин 14 адамды камап турушат. Ноокат окуясы тууралуу да ушундай пикиримди билдирет элем. Эң оор жаза берип койду.

Ноокат районунан келген Дилдора Тешебаева бир тууганы Тешебаев деген атуулдун “хизбутчу” деген айып менен курулай жерден камалып кеткенине нааразы болгондуктан пикетке келип кошулганын айтты.

-Мен Ноокаттан келдим. Жакында апам бир тууганымдын камалгандагы кайгысын көтөралбай көз жумду. Менин агамды көчөдө жүргөн жеринен, УККнын кызматкерлери кармап кетишкен. Анын айыбын аныктабай туруп эле камап, соттоп салышты.

Дилдора Ноокатта “Хизбут-Тахрир” деген уюмду тааныбастыгын белгиледи. Ал эми укук коргоочу Асия Сасыкбаева өз кезегинде Ноокатта камалгандарга өтө катуу жаза берилгенин туура эмес деп, административдик жаза менен чектелсе жетиштү болмок деген ойдо:

- Административдик жаза жетиштүү болмок. Камалгандардын бардыгы карапайым адамдар, "Хизбут" сыяктуу бейформал уюмдар бар экенин да жакшыраак билишпейт.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан күзөтчүлөр келип, пикетке чыккандарды таратуу аракеттерин көрүштү.

-УКМдин жанында пикет уюштурууга тыюу салынат. Анткени бул жерде камак бар. Андай камактын жанында митинг-пикет уюштурууга мүмкүн эместиги мыйзамда каралган. Азыр прокуратурадан өкүлдөр келишет, алардын тыюу салгандагы буйруктарын аткарууга аргасызбыз,-деди Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Таалай Шатманов.

Милиция кызматын коштоп, Биринчи май райондук прокурорунун милдетин убактылуу аткаруучу Алимов пикетке чыккандарга чара колдонуу маселесин көтөрдү. Бирок микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тартты.

- Силер көрүп турасыңар, менин конституциялык укугум бузулду. Мен Биринчи май райондук прокуратуранын өкүлү Алимовдун эскертүүсүнөн улам, пикет өткөрүүнү токтоттум. Антпесем алып барып камап коюшат. Бирок менин конституциялык укугумду көз көрүнөө четтеткендер менен соттошом,- деди Азиза Абдырасулова.

XS
SM
MD
LG