Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Түнкү клубка айланган планетарий, астрономия өксүгү


Бишкекте өлкө боюнча жападан жалгыз планетарий бар эле. Ал менчикке өтүп, түнкү клубга айланган. Азыр ал да жабылып имарат таланып ээн турат. Астрономияга кызыккан окуучулар буга абдан нааразы.

Шаардагы 52-мектептин 9-классынын окуучусу Аида Нурлан кызы өткөн жумада Бишкекте болгон IV Азиялык-тынчокеандык окуучулар арасында астрономия боюнча олимпиадада үчүнчү орунду ээледи. Аиданын айтымында, ал бул эл аралык мелдеште кыйла татаал жагдайларга туш болду.

Буга кыргыз билим берүү системасында астрономия илимине көп көңүл бурулбагандык жана тажрыйбалык базанын жоктугу себеп болду, дейт окуучу кыз:

- Эл аралык мелдеште мага байкоо салуу турунда кыйын болду. Муну мен биздеги тажрыйбанын аздыгынан көрөм.

Аида эгер Бишкектеги планетарий иштеп турганда мындай кыйынчылык болбойт эле, деген оюн кыйытты.

Убагында бул планетарий окуучулар үчүн астрономия жана космос изилдөө боюнча жалгыз жай болчу, дешет билгендер. Менчиктештирүү доорунда планетарий бат эле казиного, андан соң “Москва” түнкү клубуна айланган. Имарат азыр талкаланып аңгырап бош турат.

Планетарийдин мындай абалын окуучулардан тартып жогорку даражадагы айрым аткаминерлер деле кабардар.

- Сонун планетарий болчу. Ал жерде окуучулар үчүн канчалаган астрономия боюнча лекциялар, экскурсиялар өткөрүлүп турчу. Эми минтип казиного, андан кийин түнкү клубка айландырып салышты. Ушинтип отуруп биз жаңыдан өсүп жаткан муундун илимге болгон кызыгуусуна бөгөт коюп жатабыз, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Галина Куликова.

Кыргыз мектептеринде астрономия сабагы кыскарып отуруп, азыр окуу жылында болгону отуз төрт саат гана өтүлөт. Дүйнөдө астрономия илимине кошумча толуктоолор жумасына эмес күн санап кирип турган чакта, сабактын кыскарышы, анан калса эскирген окуу программа менен өтүлүшү туура эмес, дейт 52-мектептин астрономия мугалими Наталья Высоцкая:

-Астрономияны 11-класста айына үч эле жолу окутабыз. Албетте бул илим үчүн мындай окутуу күлкү келтирээрлик. Астрономия жума сайын эмес, күн сайын өзгөрүп толукталып турган илим. Окуучулардын арасынан астрономияга кызыккандар көп, бирок материалдар жетишпейт. Ушундай эле көрүнүш Бишкекте өткөн олимпиядада болду. Мелдешке келген башка өлкөлөрдүн окучуларынын ар биринин колунда сонун атластар, жабдыктар бар экен. Казактар менен корейлерди көрүп ичибиз күйдү.

Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Акылжан Абдрашитов кээ бир өлкөлөргө караганда окуу программада сөзсүз окутулуучу сабактардын катарында астрономия предметинин сакталып калганына шүгүр кылат. Ал эми Корея, Казакстан өлкөлөрүнө теңелүү кыйын болоорун белгилейт:

- Бизде астрономия сабагы сөзсүз өтүлчү предметтерге кирген да. Ошон үчүн бир кызыбыз биринчи жолу бул мелдешке катышып жатып эле үчүнчү орунду камсыздабадыбы.

Деген менен коомчулукта астрономия илими жана ага кызыккан жаштар маселесине чындап көңүл бурууга мезгил жеткени айтыла баштады. Учурда жок болгон планетарийди кайра жандандырууну каалагандар да жок эмес.

Алардын бири Бишкектеги “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы. Аталган академиянын мүдүрү Жаркын Бапанова болгону мамлекет уруксат берсе, каражат жагынан каралашса, планетарийди калыбана келтирүү колдогу иш экенин айтат:

- Мен депутаттарга айттым, планетарийди бизге берип каражат берсин, кайрадан калыбына келтирели деп...

XS
SM
MD
LG