Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

К.Байбосунов: Башкаруу чөйрөсүндө эреже болуш керек


Алдыдагы конституциялык реформа тууралуу саясат талдоочу Карыбек Байбосунов “Азаттык” үналгысына маек курду.

- Президент кечээ парламентке Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду жөнөттү. Азыр оппозиция “президент биринчи конституцияны өзгөртпөстөн башкаруу системасын өзгөрттү” деп сындап жатышат. Бул сын пикирлерде жүйө барбы? Сиз кандай ойлойсуз, эмне себептен Конституция өзгөрбөй туруп башкаруу системасы жаңыланды?

-Мен ушул жерден кыска айткым келип атат, кандай гана мамлекет башкарууда болбосун, үй-бүлө башкарууда болбосун, дегеле башкаруу чөйрөсүндө эреже деген болот. Ошол эреже бизде - Конституция.

Ошол эрежени адегенде бузуп туруп, анан кайра эрежеге өзгөртүү киргизгендин ордуна, адегенде эрежени түзүп алып, анан ошол эреже менен жашасак туура болмок. Эми бул жерде эреже бузуу аркылуу, кайра жаңы эреже жазуу деген бул туура эмес.

- Өлкөнүн баш мыйзамы өзгөргөндөн кийин өкмөт менен парламенттин легитимдүүлүгү тууралуу маселе келип чыкпайбы? Же алар кайра шайланууга тийишпи?

- Анын бардыгын майдалап айтып отуруштун кереги жок, эреже бузулса демек легитимдүүлүк болбойт.

- Шайлоо болот деп ойлойсузбу парламентте, өкмөт кайра куралабы?

- Ал андан кийинки жумуштар. Эреже бузулгандан кийин айтып атпаймбы, башкаруу системасынын өзү бузулат да, көп башаламандыкка алып келет. Мамлекет башчылар өздөрү эреже бузуп отурса, анда калгандары кайда бармак эле? Ошондон башаламандык, ызы-чуу келип чыгат, коомдогу тынчтык бузулат, ошон үчүн абайлаш керек мындай учурда.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG