Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Р.Отунбаева: Э.Кеннеди салмактуу саясатчы эле


Сенатор Эдуард Кеннеди президент Барак Обама менен. Вашингтон, 21-апрель, 2009-жыл.
Сенатор Эдуард Кеннеди президент Барак Обама менен. Вашингтон, 21-апрель, 2009-жыл.

Бүгүн дүйнө салган АКШ сенатору Эдуард Кеннединин ишмердиги тууралуу мурдагы тышкы иштер министри, ЖК депутаты Роза Отунбаева кеп салып берди.

Америкалык сенатор Эдуард Кеннеди бүгүн 77 жашында дүйнө салды. АКШнын мурдагы президенти Жонн Кеннединин эң кичүү иниси Эдуард Кеннеди көп жылдар бою Демократиялык партиянын өзөктүү саясатчысы жана таасирлүү америкалык сенатор болгон. 1962-жылы Эдуард Кеннеди Сенатка шайланган, бир жылдан кийин агасы, АКШ президенти Жонн Кеннедини атып кетишкен. 1980-жылы Эдуард Кеннеди Демократиялык партиянын атынан президенттикке аттанып, ошол кездеги президент Жимми Картерге утулуп калган. Эдуард Кеннеди саламаттык сактоо, билим берүү, адам укуктары тууралуу мыйзамдарды кабыл алууда чоң салым кошкон.

- Роза айым, сиз Эдуард Кеннединин саясий ишмердигине кандай баа бересиз?

- Бир жыл мурун, дал ушул август айынын аягында, Демократиялык партиянын курултайында Барак Обама жалгыз талапкер болсун деп чечим чыгарды эле. Мен да ошол жыйынга катыштым эле. Анан ошол жыйынга Эдуард Кеннеди келип, биринчилерден болуп сөз сүйлөдү.

Кеннединин үй-бүлөсү Барак Обаманы катуу колдоду ошол шайлоодо. Бул абдан чоң белги. Анткени Кеннеди үй-бүлөсүнүн салмагы Американын саясий тарыхында абдан чоң, өлчөмдүү да. Эдуард Кеннеди мурунку президенттин иниси экенин айтпаганда өзү да абдан чоң саясий ишмер эле.

Демократиялык партия акыркы сегиз жылда бийликте болбой, ал чоң күрөштөн өткөн киши болуп атты. Ошондуктан демократтар азыр бийликке келиши, Барак Обама президент болуп, сенатта да булардын башчысы Пелози турушу Эдуард Кеннединин авторитетинин өлчөмүн көрсөтүп атат. Ошондуктан мен айтат элем, АКШда бүгүн абдан таасирдүү, чоң инсан өмүрдөн кайтты. Ал тарыхый фигуралардын бири болчу. Аны Кыргызстанда биз да сыйлап келгенбиз.

XS
SM
MD
LG