Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Революциялык кыймыл Кара-Сууга келди


Элдик революциялык кыймылдын лидерлери Кара-Суу районунун калкы менен Шарк айылындагы маданият үйүндө жолугушмак эле. Тилекке каршы, ар кандай тоскоолдуктардан улам 150 чакты киши менен жолугушуу Анвар Артыковдун аталган кыштактагы үйүндө жабык эшик артында жүрдү.

Элдик революциялык кыймылдын жолбашчылары Кара-Суу районунун калкы менен Шарк айылындагы маданият үйүндө жолугушмак. Тилекке каршы, түш оогон мезгилге белгиленген бул иш-чара, чакырылгандардын ырастоосуна караганда, жарандык кийимчен милиция жана улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери жыйынга келгендердин документтерин текшерип, кууп таратуу менен аяктады.

Ошого карабастан уюмдун жетекчилери 150 чакты кишини Анвар Артыковдун үйүндө кабыл алып, жабык эшик артында сүйлөшүштү.
Набижан аттуу киши көргөнүн мындайча баян этти:

- Элдин жүрөгүнүн үшүн алып бүтүштү. Айлыбызда ээн-эркин баса албай калдык. «Оппозициянын жолугушуусу болбойт, тарагыла!» деп жарандык кийимчен орган адамдары бизди айылдык маданият үйүнө жолотпой куушту. Азыр деле артыбыздан аңдып жүрүшөт. Машинелерин үйдүн жанына коюп коюшкан?

Ал эми чарбакер Ысмайыл милиция Шарк айыл өкмөтүнүн кеңсесинин тегерегинде милициялар жайнап жүргөнүн айтты:

- Дароо кармап, паспортубузду сурашууда. Мынчалык эмес да. Же Өзбекстандай авторитардык өлкө болбосок. Мындай аракети менен бийлик эл арасында наааразычылыкты гана күчөтүүдө. Мен ойлойм, революциялык кыймыл лидерлери айткандай, мындан ары минтип жашоого мүмкүн эмес.

Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү Анвар Артыков бийлик Түптө оппозицияны ажаан кишилерге талатып, жумуртка менен койгулап таратканын эске салып, Карасууда да ошондой сценарийди уюштурушкандыгын, бирок ал максаты таш капканын билдирди.

Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү учурунда Бакиев режимин кулатуу чакырыгын жарыялашканын ачыктады:

- Акаевдин бийлиги 15 жылдын ичинде түгөндү. Бүгүнкү бийлик 3 жарым жылдын ичинде ашмалтайы чыгып калды. Эртең-бүрсүгүнү оодарыла турган болуп атат. Ошондуктан булар баардык жерде бизге тоскоолдук кылганы кылган. Мындай бийликтен башка нерсени күтүүгө болбойт. Кыргызстанды сызга отургузган, тоноп аткан Бакиевдин бийлигин биз оодарабыз деп ачыктан ачык эле жарыяладык.

Элдик революциялык кыймылдын жолбашчысы Азимбек Бекназаров чачыраган оппозиция башчылары жаңы жыл астанасында бир максатка бириккенин жарыя кылаарын, ыңкылапты жүзөгө ашырышкандан кийин гана улуттук лидерди тандашаарын жана бийликти бөлүштүрүшөөрүн айтып берди:

- Лидерди тандабасак дагы бир идеяда - үй-бүлөлүк башкаруу системасын кулатуу идеясында, акыйкат, демократиялык өлкө куруу максатында бириктик деп жаңы жылдын алдында элге жарыялайбыз. Биз мурдагы революциядагы кемчиликтерибизден сабак алып, биринчиден системаны оңдойбуз, андан кийин лидер таза шайлоого барат. Ошого жараша бийлик бөлүштүрүлөт.

Ош облустук адилет башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Таштанов Элдик революциялык кыймылдын аракеттери мыйзамсыз деп билдирди:

- Эң негизгиси булар Конституциялык түзүлүшкө залал келтирбеш керек. Экинчиден, булар мамлекеттик каттоодон өтмойүнчө булардын ар бир аракети мыйзамсыз.

XS
SM
MD
LG