Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Жалал-Абат: Оппозиция бириккенден кийин да олуттуу иштер бар


Кыргыз оппозиция лидерлери жакында АКШда сапарда болуп келишти.
Кыргыз оппозиция лидерлери жакында АКШда сапарда болуп келишти.

Жалал-Абат облусундагы саясий партиялар оппозициянын тил табышып, бир ураан алдында биригип, чыгаан жетекчи шайлап алаарына ишеним артышууда.

Облустагы айрым саясий партиялардын өкүлдөрү оппозициянын өз ара тил табышып, бир ураан алдында биригип, өз жетекчисин шайлап алаарына ишеним артышууда. Социал-демократиялык партиянын облустагы координатору Нурбек Касымбеков элдик революциялык кыймылдын жогоркудай демилгесин кубаттай турган болду:

- Оппозициялык кыймылдардын бир кыймылдын атына биригип, жаңы келишимге жетип жатышы бул алдыдагы болгон чоң дагы бир кадам. Бул сөзсүз жыйынтыгын алып келет. Оппозициялык күчтөрдүн ортосунда көз караштардын жакындашына алып келет, биригиши керек.

Учурда адам укугу менен сөз жана басма сөз жаатында мурда болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүүлөр орун алууда. Андай мыйзамсыздыктар бүгүнкү бийликтин терс сапаттары менен кемчиликтерин калың элдин катмарына угузбоонун амалы. Эркин маалымат каражаттарын коргоо үчүн кол топтоп жүргөн жаштар менен аялдарды камоо жана аларды айып пул салуу менен коркутуп-үркүтүү мүмкүн эмес.

Экс-президент Аскар Акаев кызматтан кетееринде да мына ушундай кысым көрсөтүүлөр, эркин маалымат каражаттарына тоскоолдуктар жасалган. Бийлик мурдакы мураскеринин жолою менен барса, элден ажырап, өзүнүн ээрден түшүүсүн эртелетет. Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаты Асылбек Текебаев атайын «Азаттыкка» учурап, оппозициянын биригүүсү тууралуу ойлорун жогоркудай көз караш, эскертүүсү менен байланыштырды:

- Бириккен элдик кыймылдын түзүлүп жаткандыгы, ошондой эле жер-жердеги элдердин электр энергиясына болгон кризиске, басма сөз, сөз эркиндигине болгон нааразычылыктардын бардыгы бийликтин туура эмес саясат жүргүзүп келе жаткандыгынан билдирет. Жаш студенттерди, аялдарды камап, аларга штраф салуу, бул сөз эркиндигине каршы аракеттин болуп турганы анык экендигинен кабар берет. Куугунтуктардын тез боло бериши бул азыркы бийликтин күчүнүн, азыркы бийликке элдин ишеними кетип жаткандыгын билдирет. Ошондуктан бийлик эгер ушундай тетири элге каршы аракеттерди кыла берсе, анда элдин назарынан тез эле калып, тез эле бийликтен кетип калуу мүмкүңчүлүгү бар деп ойлойм.

Буга дейре оппозиция өз ара ынтымак менен биримдикке келалган жок. Алар өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын да сунуштай алышпады. Бир гана бийликти кетирип, кызмат ээлөө жагын көздөштү. Оппозиция элдин ишенимине кайрадан кирүү үчүн биригүү менен өзүнө абройлуу жана кадыр-барктуу лидерди тандап алуусу зарыл.

Учурдагы татаал мезгилде кыргыз коомчулугу бийлик, оппозиция деп экиге бөлүнгөнү өлкөнүн тынчтык жолу менен өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет. Жалал-Абат шаарынын тургуну Шухрат Айтиев оппозициянын чогуу болуусун жактаганы менен анын ишке аша турган реалдуу программаны тандап, калк арасында маалымат майданын кеңири жайылтуу менен конституциялык реформа алып, анан программа – максимумун алдыга койсо, мүдөөсүнө жетишет.

Анткени оппозициянын иш-аракетинен жүз миңдеген адамдар кабарсыз. Айыл-кыштактарга гезит жетпейт, эркин маалымат каражаттарын бардыгы эле уга алышпайт, Интернет менен байланышууга шаардагылардын гана мүмкүнчүлүгү бар. Бийликти алалбай туруп, аны кетирүүнү ойлоо ушу тапта эртелик кылат:

- Алардын негизги эле максаты бул бийликти кетирүү жана бийликке келүү. Расмий бийликти кетирүү менин оюмча абалды кординалдуу түрдө оңдобойт. Анткени бийлик алмашып, кайра башка адамдар келип, алар өз ордуна жайланышкыча убакыт өтүп кетет. Бакиев кетсин деген ураанга мен кошулбайт элем. Кайра эле ошол эле митинг, пикеттер башталат. Азыр өтө кыйын абалда турган мамлекетибиз ого бетер начарлайт, - деген көз карашын билдирди Шухрат Айтиев.

Айрым жарандар президенттин эл үчүн аракет кылып жаткандыгын, бирок анын айлана-тегерегиндегилер, жергиликтүү бийлик жакшы иштебей жаткандыгын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG