Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Боосу кимде, сен катынган жүгөндүн?


Бүгүн жарык көргөн гезиттер бийлик жана оппозиция, өлкөнүн саясый-социалдык абалы, калктын жашоо турмушу тууралуу жазып чыгышты. “Манас” аба майданындагы АКШнын авиабазасы жөнүндө да ойлор бар.

“Айгай” гезити “Кимдин этегин кармайбыз?” деген рубрика алдындагы макаласын “Ганси чыгат, чыкпайт...” деп атады. Макалада ушул жылдын 12-январындагы орусиялык “Время новостей” гезитинин “Президент К. Бакиев америкалык аскерлерди орустун долларына алмаштырабы?”, “Бакиев Маскөөгө кымбат тартуу менен баратат” деп жазгандарына шилтеме кылып: “АКШнын аскер базасы өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, үлкөн суммадагы акча төгүп жатканы талашсыз. Аналитиктер биздин бийлик орустар менен ымаланы күчөтүү жана Камбар Ата ГЭСин курууга 2 млрд. доллар алып калуу үчүн ушундай кадамга барып жатканын божомолдошууда. Акча дегенде жантыгынан жата калган кыргыздарды кантип чүлүктөөнү орустар жакшы билишсе керек. Эгер өлкөдөн АКШ аскер базасын чыгара турган болсо, тең салмактуулукту бирдей сакташ үчүн, Орусиянын Канттагы аскер базасын да өлкөдөн чыгаруу маселесин кабыргасынан коюу керек. Анткени бир тыйын төлөбөгөн орустардын базасын алып калып, миллиондогон доллар төгүп жаткан АКШнын базасын чыгаруунун өзү терең ойлонубаган иш жана опурталдуу ” деп баяндады.

Ушул эле маселеге “Жаңы ордо” гезити да кайрылды. Ал: “Ганси авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу маселесине кандай карайсыз?” деген суроо менен эски депутат Тойгонбай Калматов, эмики депутат Жусупжан Жээнбеков, саясатчы Бегиш Ааматовго кайрылганда алар, башында эле бул базаны өлкөгө киргизүү туура эмес болгондугун, Америка өз жериндеги ушундай база үчүн 380 млн. доллар төлөп турарын, ал эми Кыргызстанга болгону 17 млн. гана доллар төлөрүн, аскер базасы сөзсүз чыгып кетиши керектигин айтып жооп беришкен.

Ал эми “Агым” гезити аркылуу айткан сөзүндө белгилүү саясат иликтөөчү Нур Омаров, АКШнын аскер базасын Кыргызстан чыгарууга азыркы мезгилде олуттуу себептер жоктугун, анын айланасындагы сөздөр орус эксперттеринин кыргыз бийлигине жасап жаткан кысымы болушу мүмкүндүгүн белгиледи. Ошону менен бирге эле оппозицияга токтолуп, бүгүн анын ар кандай аракеттерине бийлик кылмыш иштерин козгоп, коркутуу жолу менен жооп бергенге өткөнүн, оппозиция уюштура турган каршылыктардын локалдуу болушу ыктымалдыгын, бирок бүтүндөй өлкө президентке каршы көтөрүлбөстүгүн кеп кылды.

Гезит баяндамачысы Алым Токтомушевдин өткөн сандагы макаласынын корутунду бөлүгү басылды. Автор бул макаласында, бүгүн оппозицияга ишеним жокко эсе экендигин, аны өңчөй кызматтан түшкөндөр менен кызматка жетпей ичи күйгөндөр ээлеп алгандыгын, Ө. Текебаев менен Т. Сариев болсо саясый процесстен сүрүлүп калбаш үчүн гана жүргөнсүп калганын айтты. Гезит андан ары айрым атуулдарга: “Оппозиция быйыл кандай чечкиндүү кадамдарды жасайт деп ойлойсуз?” деген суроо салды.

Журналист Султан Жумагулов: “Эл колдосо чечкиндүү иштерди жасай алат, эл колдобосо эч нерсе жасай албайт. Тилекке каршы, азыр коомчулук кайдыгерликтин сазына батып турат. Демек, оппозиция менен эч ким эсептешпейт”.

“ДОС” кыймылынын жетекчиси Улан Орозалиев: “Оппозиция азыр бир нече топтон турат. Анан кайсы топ кандай кадам жасарын билбейм. Бирок чапкан сайын көз чыга бербейт. 2005-жылдын 24-марты кайталанбайт”.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: “Оппозиция ичинде атактуу эки-үчөө болгону менен калгандарынын баары бийликтен чыгып, кайра ага кире албай жүргөндөр. Алар бийликте жүргөндө эч кимдин чекесин жылыткан эмес. Анткени бийлик бир гана кишинин кызыкчылыгына кызмат кылып келген, азыр да ошентип атат”.

“Кыргыз туусу” гезити “Аманат – Фарм” алдамчылык кылып диабетчилерди кууратты” деген макаласын сандын башкы темасы катары 1-бетке алып чыкты. Анда жоопкерчилиги чектелген ушул ишкананын деректири Айгүл Токомбаевага карата кылмыш иши козголгондугу маалымдалган. Айгүл Токомбаева Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалаиева айымдын кызы. Гезиттин бул санында “Кымбаттаган патент, тайгалак жолдор, жарыксыз элет”, “Эне тилибиз канткенде мамлекеттик тил болот?”, “Мыйзам баарынан улук”, “Тамеки өндүрүүчүлөр бөтөн жерде кул болбой, өз жеринде иштөөгө шарт түзүлдү”, “Коркуткандын ордуна аргументтүү жооп айтса ынанат элек” деген макалалар, тарыхый, даректүү баяндар басылып чыкты.

“Кыргыз руху” гезити Данияр Үсөновго багышталган “Дулдул”, “Данияр Жамиласын таба алар бекен?”, “Өпкөнүн канындай диртилдеген...” аталыштагы үч бирдей макала жарыялады. “Канталамай” аттуу макала мамлекеттин абалына арналса, “Жаңы Кыргызстан кимди тандайт?” аттуу макаланын автору Айзада Абазова ”Жаңы Кыргызстан” партиясы эки-үчкө бөлүнуп ыдырап, жарымы жаңы Кыргызстан, жарымы эски Кыргызстан, жарымы акжол, жарымы каражол болуп чакчелекейге түштү деп белгилеп:”...партия эми бүгүн бир баласынын маселесин чече албай Курманбек Бакиевге мүңкүрөп көз каранды болгон Үсөн Сыдыковду тандайбы же Кыргыз Армиясын өз баласындай бөпөлөп, башын жерге салып турган жоокерлердин кадыр-баркын көтөргөн генерал Исмаил Исаковду тандайбы?” деп суроо койду.

“Эл сөзү” деп аталган гезит “Чөөлөрдүн жеңиши”, “Дастан Сарыгуловдун саясый куйтулугу” деген макалаларды, “Улуу Биримдик” партиясынын башчысы Эмил Каптагаевдин билдирүүсүнө окурмандардын көңүлүн бурду. Кайрылуусунда Каптагаев: ”Мен, оппозициялык саясый партиянын лидери катары, өлкө президенти К. Бакиевден укук коргоо органдары менен сотторду жеке кызыкчылыкка пайдаланууну, саясый оппоненттерине карата кысым көрсөтүүгө, туугандары менен үйбүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргоого колдонуну токтотууну талап кылам” деп жазылган.

“Ачык саясат” гезити саясый куугунтуктарга каршы Кыргызстанда жаңыдан түзүлгөн комитеттин билдирүүсүн жана БЭКтин Кыргызстандын калайык калкына, аскер кызматкерлерине кайрылууларын жар салды. Таласта оппозицияга каршы чабуул башталганы гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун макаласында баяндалат. Журналист Нурслан Нурматовдун “Тегиңди билесиңби? Же журт башылар ким болгон?” деген макаласы кезинде кыргыз мамлекетинин башында турган адамдардын теги ким болгондугуна арналган.

Баяндамачы Эртабылды Аттокуровдун Данияр Үсөновдун дайындалганына багыштаган макаласынын аты “Ысык чок” башкалардын колу менен шиленет” деп аталат. Автор: “Мекенибизди бир караан аралап жүрөт. Ал-диктатордук режим. Кокус бул максаттар ишке ашса, бийликти сынга алгандарга аеосуз репрессия башталышы мүмкүн.

Бийлик “Аксы” окуясынан бери зор тажрыйба топтоду. Президенттик админстрациянын жаңы башчысы ири алды менен ушул “тажрыйбаны” өркүндөтүп, Талас өрөөнүнө Бириккен Элдик Кыймылынын эл менен жолугушуусуна каршы аскер күчтөрүн жөнөтүп жатат. Өлкөдө кооптуу кырдаал түзүлүүдө” деп жазды. Гезит мындан тышкары окурмандардын көңүлүн азыр абакта олтурган саясатчы Ишенбай Кадырбековдун академик Абдыганы Эркебаевге каяшасына бурду. Анда К. Бакиевдин 2005-жылдын 25-мартында президенттин ыйгарым укугун аткарып туруп премьер-министр болуп дайындалганынын мыйзамдуу же мыйзамсыз экендиги туурасында сөз кылган.
XS
SM
MD
LG