Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

А.Жекшенкулов: Элдик курултайды үзгүлтүккө учуратууга жол бербейбиз


“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов эртеңкиге белгиленип жаткан Элдик курултайга даярдыктар, анда каралчу негизги маселелер тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Элдик курултайга даярдык бүтүп калган чыгаар. Өлкө аймагынан делегаттар келип атышабы?

- Эртең Чүйдөн келишет, негизинен башка аймактардан келип бүтуштү.

- Курултайдын күн тартибинде каралуучу маселелер такталдыбы?

- Негизинен эки чоң маселе каралат. Биринчиси, бүгүнкү саясий-экономикалык кризис жөнүндө. Экинчи маселе - Кыргызстандын өнүгүү концепциясын бекитүү.

- Элдик курултайга бийлик өкүлдөрүнөн да чакырдыңыздарбы?

- Ооба, интернет аркылуу чакыруу жибергенбиз. Алар алганын сураган жокпуз. Кээ бирлери айтып атат алган жокпуз деп. Бул шылтоо болуш керек.

- Курултайдын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси каралдыбы?

- Бул эң негизги маселелердин бири. Биздин кыймылдын мүчөсү, полковник Мадылбеков баштаган жаш жигиттерден, мурун органда иштеген мүчөлөрүбүздөн куралган топ коопсуздукту камсыз кылмакчы. Биз бул жагынан колубуздан келишинче аракет кылабыз. Ошол эле кезде ИИМге, шаардык мэрияга кат жибергенбиз. Коопсуздук маселесин бийлик да конституциялык мыйзамдарга ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

- Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин “Ала-Тоо” аянтында өткөргөн иш чарасына кандай баа бересиз?

- Мен баа бералбайм. Аткени биз негизинен өзүңөр билесиздер, мыйзам чегинде ар кандай чараларды көрүп атабыз. Биз курултай негизинен тынч өтүп, жакшы жыйынтыкка келебиз деген үмүттөбүз. Бирок бизге азыр ар кандай маалыматтар түшүп атат, провокация даярдап атат бийликтегилер деген. Аны эртең көрө жатарбыз.


- Курултайды үзгүлтүккө учуратуу боюнча бийлик тарабынан кандайдыр бир иш чаралар көрүлүшү мүмкүнбү?

- Көрүлүшү мүмкүн. Бирок биз андай маселелерге жол бербегенге аракет кылабыз.

- Силерге эскертүү берилди деген да маалыматтарды угуп атабыз?

- Ооба, бүгүн мэриянын жетекчилери эскертүү бериптир, курултай сөрөй деп кат жибериптир, биз таң калдык. Эми бул элибизди, конституцияны сыйлабагандыкты көрсөтүп атат. Биз муну басым көрсөтүү катары баалайбыз.

- Ал каттын мазмуну кандай экен?

- Мыйзам боюнча иштегиле, эгерде мыйзам бузсаңар жыйынды токтотуп коюуга биздин укубуз бар дегендей. Митинг болбойт, тигиндей-мындай деген сөз болуптур. Ошондуктан биз курултайды имараттын ичинде өткөрөбүз деп чечкенбиз. Биз сыртта чоң иш чара өткөрөбүз деп пландаштырган жокпуз. Биздин оюбузча, азыр мындай каттарды алдын-ала жиберип, бир провокация жасап, бизге күнөө койгонго аракет кылышы мүмкүн, ошону эл билип койсун. Биз эч кандай мыйзам бузууга барбайбыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG