Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

А.Бекназаров: 20-декабрдагы нааразылык митинги элдин сунушу боюнча өткөнү жатат


Элдик революциялык кыймылдын лидери, азыркы кезде юрист катары Ишенбай Кадырбековду коргоп жаткан Азимбек Бекназаров бул сот жараянынын жүрүшү жана кыймылдын мындан аркы аракеттери тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

-Сиз Ишенбай Кадырбековго байланыштуу сот жараянына адвокат катары катышып жатасыз. Сот жараяны кандай жүрүп жатат. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө прокуратура, финансылык полиция тарабынан коюлган айыптар тастыкталып жатабы?

-Сот азырынча объективдүү өтүп атат. Анткени сот айыптоо тарабынан дагы, жактоочулардын да күбөлөрүн толук бирдей камсыз кылып, эч кандай кысым көрсөтпөй сурак кылып атканы тастыкталып жатат. Бирок тилекке каршы финполиция тарабынан айып коюлган, суралган күбөлөрдүн бири дагы Кадырбековду күнөөлү деп тапкан жок, ага каршы айыптай турган көрсөтмө да бербей жатат. Ал эми эки күбө өзүлөрү да айтты, 2004-жылдан бери Кадырбеков экөөбүз душман болуп калганбыз, душмандыгын көрсөтүп, мени кызматтан алган, мыйзамсыз алган деген гана көрсөтмө берип атат. Эгерде ушундай көрсөтмө берип отурсак, Кадырбековго эч кандай айыптоочу далилдер жок деп эсептесек болот.

-Эми сот качан бүтүшү ыктымал жана коюлган айыптарга жараша Кадырбековдун акталышы ыктымалбы. Эгерде акталбаса канча мөөнөткө кесилиши ыктымал?

-Кадырбеков далил таба албаса сөзсүз акталышы ыктымал, эгер мыйзам боюнча өкүм чыгарылса. Бирок негедир соттор жумасына бир жолу сурап коюп, анан кийин кайра күбөлөрдү далилдерди табыш үчүн создуктуруп жатат. Мына ушул жагы бизди тынчсыздандырып атат. Өткөндө биринчи күндөн баштап жума күнгө чейин тыныгуу кылып койду. Эмне кереги бар эле ушунун, атайлап сот өкүм чыгарбай эле, Ак үйдүн тапшырмасы боюнча өкүм чыгып калышы мүмкүн создуктуруп жатканына караганда.

-Эми саясий темаларга келсек. 20-декабрга белгиленген акция тууралуу айта кетсеңиз. Ал кандай мүнөздө өтөт?

-Азыр электр жарыгы тынбай өчүрүлүп жатат, адамдар, а түгүл депутаттар жоголуп жатат, коррупция күч алып жатат. Бийлик тарабынан мына ушуга окшогон нерселерди ооздуктоо боюнча эч кандай чара көрүлгөн жок. Ал эми бийликтегилер болсо бир гана президенттин бала-чакасына кызмат кылгандан башка элге эч кызмат кылып жаткан жери жок. Свет өчүп атабы, адам өлүп атабы, жоголуп атабы, бейкапар, көрмөксөн-билмексен. Ошого байланыштуу 20-декабрда ушуга окшогон маселелер боюнча “Ала-Тоо” аянтында нааразылык митингин өткөрөлү деп атабыз.

-“Ала-Тоо” аянтында митинг өткөрүүгө мыйзам жол бербейт деген азыр эскертүүлөр чыгып жатат, акыркы кезде көнүмүш адатка айлангандай күч колдонуу болот деп күтөсүзбү?

-Мыйзамда электр жарыгын да баш аламан өчүрүү дегенге тыюу салынган. Адамдын жарыгын өчүрүүгө эч кимдин укугу жок, адам жоголушуна да эч кимдин укугу жок жана башка бүгүнкү күндө баалардын өсүшү жана башка ушуга окшогон нерселерге мыйзамда тыюу салынган. Эмне үчүн бийлик өзү мыйзамдарды бузса болот, ал эми карапайым эл өзүнүн нааразылыгы боюнча акция өткөрсө болбойт. Ошондуктан тыюу кылабы, кылбайбы өткөрөбүз. Кабыл алынган мыйзам да өзү туура эмес. Адамдардын конституциялык жана эл аралык укуктарына ылайык укугун чектөөгө мыйзам алынбаш керек болчу. Ошого карабай биз да чыгабыз сөзсүз түрдө.

-Элдик революциялык кыймылдын кезектеги курултайын түштүктө өткөрүүнү белгиледи эле. Анын мөөнөтү, орду такталдыбы?

-Мен азырынча айта албайм, өзүңүздөр билесиздер да белгилүү себептер менен. Бирок сөзсүз 20-декабрга чейин түштүктө өткөрүлөт.

-Митингдин негизги талабы эмне болот, бийликти кетирүү талабы коюлабы?

Жок, жер-жерлерге барганда эл айтып атышат, Ак үйдүн алдында, аянтта электр жарыгынын өүрүлүшү боюнча, мисалы Таласта төө бурчактын, түштүктө пахтанын баасынын атайлап төмөндөшү боюнча, ушул боюнча чогулуп, таасир этүүчү акция өткөрүп койбойсуздарбы деген элдин сунушу болчу. Андан кийин бир топ саясий күчтөр, партиялар акция өткөрөбүз деп атышпайбы, биз биргелешип эле баардыгыбыз жалпы нааразылык акциясын өткөрүп коелу деп атабыз ушул маселелер боюнча.

-Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG